Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:22

“Ойлон, бала” – эки элди ынтымакка чакырат


Өзбек ырчысы Шералы Жураев
Өзбек ырчысы Шералы Жураев

Өзбекстандын атактуу ырчысы Шералы Жураевдин “Ойлон, бала” аттуу ыры Кыргызстандын түштүгүнө жаңыдан гана тараса да, бат эле элге алынып кетти.

Ырчынын уулу Шахжахан Жураев интернеттеги социалдык тармактар аркылуу маалымдагандай, бул ыр июнь апаатынан соң кыргыз жана өзбек элинин биримдигин бекемдөө максатында жазылган. Анда эки эл мурдатан эле кандаш, тили бир экендиги, кыянатчыл күчтөр ортого от жакканы баяндалат.

Берүүнү толугу менен бул жерден угуңуз.




Аз эле убакыт ичинде уккулуктуу ырлардын катарын толуктаган “Ойлон, бала” ыры учурда Жалал-Абат жана Ош жергесиндеги таксилерде, уюлдук телефондордо жаңырууда. Ал кыргыз коомчулугу тарабынан да жылуу кабыл алынды.

Кыргызстандын маданиятына эмгек синирген ишмери Салима Шарипова бул ырды алгач укканда эле бүгүнкүнүн чыгармасы деген тыянакка келген.

- Мен Шералы Жураевдин бул ырын угуп, аябай толкундандым. Азиянын алтын авазы. Мурдатан эле кыргыз эли да Шералы Жураевдин ырларын баалап келген. Анын ырлары түбөлүктүү. Адамдын руханий талабы андай ырларды күсөп калат, уккусу келет.

Оштогу Бабур атындагы өзбек драма театрынын режиссеру Сабыржан Ахраровдун айтымында, ырдын табияты ушундай. Ал уккулуктуу жана маңыздуу болсо, жан дүйнөгө ширелип кетет.

- Шерали Жураевди кыргыздар дагы, өзбектер дагы жакшы билет. Ал дайыма актуалдуу темаларды ырдайт. Мындай ынтымак ырларын Шералы Жураевдей кишилер ырдап турса, аны эл угат.

Негедир аталган ыр кошуна Өзбекстандын радио жана телекөрсөтүүлөрүнөн эфирге бериле элек. Гезит беттеринде да “Ойлон, бала” ыры тууралуу эч кандай маалымат жок экендигин өзбекстандык кесиптештерибиз айтууда.

Былтыркы капсалаңдан соң өзбек ырчысы Юлдуз Усманова эки элдин ортосуна от жага турган чагым ырын ырдаган эле. Көп өтпөй ага кыргызстандык Сыймык Бейшекеев жооп кайтарган. Ошол эле учурда Гулнур Сатылганова, Гүлнара Тойгонбаева, Майрамбек Осмонов сыяктуу ырчылар ынтымак ырларын жаратышып, эл достугун бекемдөө аракеттерин көрүшкөн.

Кыргыздын белгилүү ырчылары биргелешип чыгарган "Ынтымак ыры" былтыр хит ырлардын бири болгон эле.

"Ынтымак ыры"
please wait
Embed

No media source currently available

0:00 0:03:48 0:00
XS
SM
MD
LG