Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:29

Ырчы бут тосуулар болуп жатканын айтып чыкты


Бек Борбиев
Бек Борбиев

Ырчы, обончу Бек Борбиев концерт коюу үчүн Бишкектеги маданий жайлардан орун берилбей жатканын айтып чыкты. Ал социалдык түйүндөр аркылуу өкмөткө кайрылып, тымызын бут тосууну токтотууну суранды. Айрым серепчилер цензура кайтып келгенин айтышса, айрымдар ырчынын билдирүүсүн шоу чөйрөсүндөгү болуп жүргөн жарнамалык ыкмалардын бири катары баалашууда.

90-жылдардан кийин чоң сахнага келип өз күйөрмандарын тапкан Бек Борбиев азыр ал үчүн Филармония, Спорт ордосу сыяктуу маданият ордолорунда концерт коюуга тоскоолдук болуп жатканын айтууда:

- Былтыр жаңы жылдан бери уруксат берилбей келатат. Себебин айтышпайт. “Бир аз күтө туруңуз” дешет. Келишим түзүлбөйт. Менимче, анын себеби менин Минскиге барып келгеним, Фейсбукта бийликти, өкмөттү сындап жазып жүргөн постторум болсо керек. Андан сырткары менин ырымды ырдаган ырчыларды мамлекеттик телерадиолордон алып коюшууда. Ошол эле учурда башка артисттер концерт коюп мени чакырса да мени программадан алдырып салышууда.

Концерттен бир көрүнүш
Концерттен бир көрүнүш

Бек Борбиев Беларуска барып, Бакиевдердин мааракесинде ырдап келгенден кийин ага бийлик жонун салып калганын буга чейин да бир канча жолу айтып келген. Бул жолку тоскоолдуктарды анын уландысы катары сыпаттоодо.

Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин өкүлү Тыныбек Сыдыков ырчынын мындай шектенүүсүн четке кагып, Бишкектеги ар бир театр азыркы замандын шартына ылайык ижарага берилерин, каалоочулар бош болгон күндү ээлеп, акысын төлөсө эле ага ээ болоруна ишендирди:

- Бизде андай болбойт. Министрлик деген баарына тегиз караш керек эмеспи. Мамлекеттик мекеме ырчыларды ак-көк деп бөлө албайт. Мисалы, азыр биздин театрларда күн сайын ар кандай иш-чаралар өтүп жатат. Негизинен театрлар өтө турган иштерди эрте пландаштырып коюшат. Эгерде күнү бош болсо алдын ала директорлор менен кеңешип, кайсы күнгө концерт берерин тактаса болот.

Саясатчы катары да, өнөрпоз катары да чоң фигура эмес. Бул анын өзүн өзү көтөрмөлөп жаткан учуру болсо керек.
Кален Сыдыкова

Кожомкул атындагы спорт ордосунун директору Эдил Касенов Бек Борбиев ага концерт коюуга уруксат сурап бир топ жолу кайрылганын, бирок кардар сураган күндөр бош болбой жатканын билдирди:

- Бул жерде эч кандай ашыкча себеп жок. Мисалы, 8-мартты же 31-декабрды көбү сурайт. Спорт сарай ал күнгө бош болбой калышы мүмкүн. Себеби бизде ырчылар көп. Алар мурдатан эле ээлеп коюшат. Мен алардын келишимин буза албайм. Бек Борбиевдин чыгармачылыгын сыйлайм. Мага ал кишинин концертин өткөрбө деп эч ким айткан эмес.

Анткен менен учурда Бек Борбиевден башка да мындай тымызын тоскоолдукка туш болдук деген артисттер бар. Алардын бири куудул Абдылда Иманкулов буларды айтты:

- Булардын арасында мен, Тынар Курбаналиев, Рахман Разыков, Борончу Кудайбергенов бар. Келишим түзөлү деп барсак ар кандай шылтоо айтып эле залдарды бербей жатышат. Мен ноябрь айынан баштап кийинки жылдын июнь, июлуна чейин кайсы күн бош десем ошону да айтпай койду.

Публицист Кален Сыдыкова бул маселе боюнча башкача ойдо экен. Анын пикиринде, маданият тармагында иштегендер, айрыкча шоу-бизнесте жүргөн инсандар өздөрүнүн белгилүүлүгү менен чайкоочулук кылып, таанымалдыгын саясый максат үчүн пайдаланганы туура эмес:

- Менин жеке көз карашымда эч кандай деле тоскоолдук жок. Азыр базар экономикасынын мезгили. Ар ким каалагандай ырдайт, каалагандай жүрөт. Кыргыз мамлекети мага бут тосуп жатат дегидей Бек Борбиев кыргызга эч кандай деле эмгек кылган эмес. Саясатчы катары да, өнөрпоз катары да чоң фигура эмес. Бул анын өзүн өзү көтөрмөлөп жаткан учуру болсо керек.

Чыр коштогон он тогуз күндүк концерт

Чыр коштогон он тогуз күндүк концерт

Оштогу артисттер 19 күндөн бери улуттук драма театрда концерт өткөрө албай убара. Буга театр директорунун жубайы Самара Каримова аттуу ырчынын концерти бүтө электиги себеп болууда.

Сыдыкова айрым шоу-бизнес өкүлдөрү өзүнүн популярдуулугун жоготуп бараткан учурда да ушундай жолдор менен өздөрүн жарнамалап турат деген ойдо.

Бирок мурдагы маданият министри Нурлан Шакиевдин пикиринде, бийлик акыркы мезгилде чыгармачыл чөйрөнү да оң жана сол жээкке бөлүп, маданиятка да саясый боёк сүртүп келатканы ырас:

- Негизи эле азыркы абалыбыз ушундай деңгээлге жеткени чын. Куудулдар концерт коюп барса, айылдык клубдарга чейин берилбей калганын угуп, көрүп жатабыз. Мурда мындай такыр болгон эмес. Мына, Рахман Разыков боюнча да ушундай маселе болду. Абдылда, Тынар концерт койгон мезгилде да тоскоолдуктар жаралды. Бул бийликти элге жек көрсөтө турган окуялар.

Шакиевдин буга улай кээде маданият үйлөрүнүн жетекчилери жогору жакка жагынуу үчүн бийликке көзү түз эмес өнөрпоздорго тоскоолдук кылып жатып бийликти жек көргөзүп аларын кошумчалады.

Ушул жылдын башында да бийликчил партиянын депутаты Мээрбек Мискенбаев менен бийликти сындаган куудулдардын жаңжалы орун алып, ал коомчулук тарабынан кызуу талкууланган.

PS: "Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Зайырбек Ажыматов

    "Азаттыктын" кабарчысы. Жусуп Баласагын атындагы Улуттук университетин бүтүргөн. “Жалгыздык”, “Мелмил”, “Нөлү көп жылдар” аттуу ыр жыйнактардын автору. Зайырбек Ажыматов 2020-жылы 29-апрелде 44 жашында каза тапкан. 

XS
SM
MD
LG