Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:43

"Энелердин ыйын" ырга салган Роза


“Ай баратат” берүүсүнүн мейманы Кыргыз эл артисти Роза Аманова болду.

Эл артисти Роза Аманова ырчылык өнөргө бала кезинен кызыгып, 1987-жылы Мураталы Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайга тапшырып, 14 жашында биринчи жолу Улуттук филармониянын сахнасына атактуу төкмө акын Тууганбай Абдиевдин тобу менен концертке чыгат.

Билимин Бүбүсара Бейшеналиева атындагы искусство институтунун фольклордук бөлүмүндө улантып, ал окуу жайы Улуттук консерватория болуп өзүнчө бөлүнүп чыкканда ошол жерден окуусун аяктайт.

Роза Аманова студент кезинде эле элдик дастандарды аткарып, "Мен сени сагынгым келет" аттуу ыры менен калың журтка таанылат.



Роза Аманова аткаруучу эле эмес, обондуу ырларды да жаратып, салттуу музыка өнөрүн өнүктүрүп, жайылтуу боюнча алгылыктуу иштерди жүргүзүп келет.

Ал өткөн жылы Кыргыз эл акыны Гүлсайра Момунованын сөзүнө жазылган "Энелердин ыйы" аттуу ырга обон чыгарып, эл алдына алып чыкты. Бул ырдын чоо-жайы тууралуу Роза Аманова буларга токтолду.

- Өткөн жылы 7-апрелде бирөөнүн жалгыз тиреги болгон, же бирөөнүн жалгыз баласы бейкүнөө окко учту. Мына ошону өз көзүм менен көрүп, жаным жай албай, бир орунга отура албай, жан дүйнөм ушунчалык жабыркады. Ошол окуяны көрүп мен эне катары, аялзаты катары ушунчалык жүрөгүм ооруду. Эл акыны Гүлсайра Момунова эжеге телефон чалып, "бул кайгылуу окуяны жок дегенде чыгарма аркылуу көрсөтөлү" деп, эртеси жолугуп, кечке чейин отуруп ушул "Энелердин ыйы" деген ырды чыгарганбыз.

Бул турмушта ар кандай көз караштагы адамдар болот экен. Адамдар деңгээлине жараша ой жүгүртөт тура. Мен ошол ырды ырдап чыккандан кийин, аттуу-баштуу эле бир адам айтып атпайбы, "кечээ эле Бакиевден Эл артисти наамын алып, эми бүгүн аны жамандап ырдап атат",-деп. Мен аны жамандаган жокмун, кыргыз элимдин башындагы шорду айтып ырдадым.

Ал эми Кыргыз эл артисти наамын, мен өнөрүм, талыкпаган эмгегим, мээнетим менен алдым. Мен ошол өнөрдү саткан жокмун, ошол өнөргө кызмат кылдым деп ойлойм. Ошол улуу устаттарымдын ишеничтерин 10 пайыз болсо да актаганга аракет кылдым.




Учурда белгилүү ырчылар республиканын аймактарына барбай, Бишкекте эле концерт берүү менен чектелип калды деген пикирлер айтылып келет. Роза Аманова карапайым калктын руханий жактан жабыркап турганын көрүп, концерттик топ түзүп, алыскы аймактарга барып концерт тартуулай турганын айтты.

- Мен былтыр “Кылым кайрыктары” деген чыгармачылык отчетумду Улуттук филармонияда элге тартууладым.

Мына ошол концертти алыскы айыл жерлериндеги карапайым эл көрсүн деген максат менен 17-июлда Ысык-Көлдөн баштап, Нарын, Баткен, Жалал-Абад, Талас, Ош облустарынын борборлорунда коюп, өзүм туулуп өскөн Токтогулда аяктасамбы деген максаттарым бар.


Роза Аманова кыргыздын салттуу музыкалары, улуттук аспаптары, аларды өнүктүрүү, келечек муундарга татыктуу жеткирүү тууралуу да кызыктуу кеп салып берип, жаштарды салттуу музыкага тартуунун жаңыча ыкмаларын колдонуу зарылдыгын айтты.

2007-жылы кыргыз-түрк “Манас” университетинде консерватория түзүлүп, Роза Аманова 2008-жылдан бери ошол жерде эмгектенип келет. "Аваздык аспапчылык өнөрү жана өзгөчөлүктөрү" деген темада кандидаттык диссертациясын Алматы шаарындагы Курмангазы атындагы консерваториядан жактаган.

Ал алыскы аймактарды кыдырып концерт коюу менен бирге эл арасынан таланттуу улан-кыздарды ушул кыргыз-түрк “Манас” университетине алып келээрин кошумчалады.



Роза Аманова Токтогул шаарчасында туулуп-өскөн. Ал тайатасы менен тайэнесинин колунда чоңойуп, алты жашынан баштап комуз кармаган.

Тайэнеси Маржанкүл Чоң мурун деген өз учурундагы өнөрпоз адамдын тун кызы болуптур. Чоң мурун болсо Таластын (Конезавод), азыркы Искендер Осмонкулов атындагы айыл өкмөтүнүн аймагынан Кетмен-Төбөгө көчүп келип, айтылуу Токтогулдун таланттуу шакирттеринин бири болгон. Чоң мурун сологой комузчу атыгып, комузда кол ойнотуп думаналарды бийлеткен күүлөрдү ойноп, өнөрү менен эл оозуна алынган.
XS
SM
MD
LG