Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:43

Бедизчи Садыков алынган эстеликтер тууралуу


Кыргыз Эл баатыры, скульптор Тургунбай Садыков "Азаттыктын" студиясында

Кыргыз Эл баатыры, скульптор Тургунбай Садыков "Азаттыктын" студиясында

Кыргыз Эл баатыры, скульптор Тургунбай Садыков “Эркиндик” эстелигинин алынышы жана Бишкектеги башка эстеликтер, чыгармачылыгы тууралуу кеп салып берди.

Тургунбай Садыковдун колунан жаралаган айкелдер ордолуу Бишкекке көрк берип, көөнөрбөс маданий дөөлөткө тээ совет заманында эле айланган.

Бедизчинин чыгармачылыгы мурдакы СССРдин тушунда жогорку бааланып, “Роволюциянын каармандары” комплекси Лениндик сыйлыкка татыктуу болгон. Скульпторго кеңеш өкмөтү Социалисттик эмгектин баатыры наамын ыйгарган. Улуттук өкмөт Кыргызстандын Эл баатыры наамын берген.

«Азаттык»: Бир нече күн илгери Бишкектин борбордук аянтында 8 жыл турган “Эркиндик” эстелиги алынып салынды. Бул иш сиз менен макулдашылып жасалдыбы, же өкмөт өзү чечтиби?

"Эркиндик" эстелиги, 2010-жылдын 15-майы.
Тургунбай Садыков: Өкмөт чакырып, ушундай ойлор болуп атат, “Эркиндик” эстелигин алып туруп шаардын башка жерине коёлу, сиз каалаган жерге жылдыралы, бул жерге Манастын эстелигин коёбуз деп эскертти. Мен айттым, эгер өкмөт ушундай чечсе айла жок деп. Шаарды карап келип, ылайыктуу деп эсептеген жерлерди айттым.

«Азаттык»: Кайсы жерлер?

Тургунбай Садыков: Ахунбаев менен Шабдан баатыр көчөсүнүн кесилишиндеги айлампаны, Жаш Гвардия бульварынын баш жагын, анан Эркиндик гүлбагы менен Жибек-Жолу көчөсүнүн кесилишин айттым. Мэриянын алдындагы архитектуралык башкармалык өзүнүн сунуштарын киргизиптир. “Эркиндик» эстелиги болгондон кийин Эркиндик менен Жибек-Жолунун кесилиши туура болот го дегендей айтышты. Архитектор менен барып карап чыктык, алар алдында коммуникация бар экен дешип, ошондон бери жылыш жок.

«Азаттык»: 2003-жылы чоң салтанат менен коюлган эстеликтин алынып салынышын өкмөттө сизге кандайча түшүндүрүштү?

Тургунбай Садыков: Бул жерге Айкөл Манасты коёбуз деп айтышты.

«Азаттык»: «Эркиндиктин» ордуна Айкөл Манас орнотулат экен. Айкөл Манас менен Чыңгыз Айтматовдун айкелин борбордук аянтка орнотуу жөнүндө чечим кабыл алганда, ал жыйынга бедизчи-скульпторлор, архитекторлор чакырылдыбы, же даражалуу чиновниктер эле өздөрү чечтиби бул маселени?

Ала-Тоо аянтынан “Эркиндик” эстелиги алынды

x
Тургунбай Садыков: Комиссия болдубу, болбодубу билбедим, мени чакырган жок.

«Азаттык»: Ошондой көркөм комиссияга сиз мүчөсүзбү?

Тургунбай Садыков: Андай комиссия деле жок, алар убагында бир жолу чогулушат, анан тарап кетишет. Илгери союз убагында такай иштей турган көркөм-эксперттик комиссия бар эле, азыр жок.

«Азаттык»: 2003-жылы «Эркиндикти» орнотууда ушундай комиссия чогултулганбы?

Тургунбай Садыков: Анда бар эле, өкмөттүн чечими болгон. Ал эстелик 2003-жылы Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн 2200 жылдыгына карата коюлган аянтка.

«Азаттык»: 1995-жылы Токтогул Сатылганов атындагы Улуттук филармониянын арт жагына орнотулган Эл куту эстелиги азыр кайда?

Тургунбай Садыков: Түстүү металлдардын баасы жогорулап кетти. Ошондо 6-7 композицияны кесип кетишти. Бирок аны жасагандарды табышты. Мен барып көрдүм, чыгармаларды майда-майда кылып бөлүп тапшырган экен. Аны жасаган жаш балдар экен, аларды 3 жылга эле кесишти. Айтышты, постаментин граниттен жасап туруп, жетишпеген образдарды жаратасыз, кошуп туруп коюп коёбуз деп.

«Азаттык»: «Эркиндик» эстелиги алынгандан кийин революциянын каармандары да коммунисттик идеология боюнча жасалган деген жүйөө менен бузуп салынат деген коркунуч жокпу сизде?

Уркуя Салиеванын эстелиги, Бишкек, 2011-жылдын 21-июлу.

Тургунбай Садыков: Андай азырынча угула элек. Революциянын каармандарына коюлган эстелик союздун маалында курулду. Анда Турдакун Усубалиев биринчи катчы эле. Буга бүткүл союздук конкурс жарыяланган. Ал Москвада өткөн, аны СССР маданият министрлиги жарыялаган.

Москванын ортосундагы Манеж деген чоң көргөзмө залда 500дөй чыгарма коюлган, бүткүл союздук республикалардан скульптор, архитекторлор катышкан. Анын ичинде биз экинчи орунду ээледик.

Экинчи, үчүнчү, кызыктыруучу деп 14 киши өттү. Ошол 14 кишиден экинчи тур башталды, ошондо биз биринчи орунду ээледик. 1-2-3 орунду ээлегендерди Москвадан бул жака алып келип, Сүрөтчүлөр союзуна бир айга койду. Бүт эл-журт пикирлерин жазышты, ошондон кийин биз иштей баштадык.

Долбоордон баштап бүткөнгө чейин 12 жыл өттү. Ошол убакта мен Москвада эле жүрдүм. Себеби СССРдин заказы. Москвадан размери менен бүттү, жартысын Москвадан, жартысын Санкт-Петербургдан куйду, анан 1978-жылы расмий ачылышы болду. Анда бүт союздан, Москвадан коноктор келди, Чыңгыз Айтматов башында туруп ачты. Ошондон бери турат…

«Азаттык»: Маегиңизге чоң рахмат.


Маекти толугу менен бул жерден уга аласыз.


пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG