Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 03:52

Акын Акматбекованын "сагынизми"


Кыргыз эл акыны, кыргыз поэзиясына 60-жылдардын этегинде кирген Сагын Акматбекова “сагынизм” агымын алып келүүчү деп эсептелет.

“Жамгыр”, “Терезедеги жарык”, “Күз ырлары”, “Күүгүмдөгү күү” өңдүү ондогон китептердин автору "Азаттыкка" маек курду.

Москвага Ашым Жакыпбеков жиберген

Мен кичинемден эле ыр жазчумун, музыкага шыктуу элем. Биздин айылдан Политехникалык институтта иштеген Асан Тилекеев деген бир жакшы киши бар эле. Айылдын балдарынын баарын ошол жакка өткөрүп окутчу. Мен да ушул институтка келип, күндүзгүсүнө өтпөй калып, кечкисине окуп калгам.

Күндүз иштечүмүн. Адегенде машинистка болуп “Советтик Кыргызстанда”, андан кийин “Мектеп” басмасында иштеп жүрдүм. Бош убакта өз ырларымды да терип койчумун. Аны ошол кезде бөлүм башчы болуп иштеген, айтылуу котормочу, адабиятчы Ашым Жакыпбеков агай көрүп калыптыр. Ал киши аябай сүрдүү, бойлуу, сулуу болчу. Мени чакырып “Мобул ыр сеникиби?” деп сурады. “Башка дагы ырларын барбы?”деди. Алып келип бердим.

Анан “Сен бул жерде эмнеге жүрөсүң? Жанагы эжекелериңдей болуп өспөй каласың. Москвадагы Адабий институтка барып, билим ал, көзүң ачылат, элди көрөсүң” деди. Дароо эле макул болдум.

Чыгармачыл конкурска катышуу үчүн ырларды которуп, жибериш керек экен. Агай өзү которуп жиберди. Анан бир күнү “Сиз конкурстан өттүңүз. Сынакка келиңиз” деген кат келди. Ошентип, Ашым Жакыпбеков агай жолумду ачты. Чемоданды көтөрүп Москвага жөнөп калдым.

Көп нерсе тагдырга байланыштуу болот. Тагдыр болбосо акын болуш кыйын да. Мен эми өзүң айткандай, ичимдеги жыйылган букту, кусаны, ойлорду чыгарууга аракет кылам.

Ал кезде Москвага жетиш кыйын эле. Адабият институтуна дүйнөнүн булуң-бурчунан келишет. Вознесенский, Евтушенко, Ахмадулина дегендердин таңдайынан чаң чыгып турган кези. Алар менен сахнада чогуу ыр окуу шыбагасы тийди. Расул Гамзатовду ошол жерден көрдүм. Эгерде өзүңдө шык, көрөңгө болбосо эч кандай институт акын кылып чыгара албайт. Адабий чөйрөсү, анан китепканасы баалуу болду.

Мага чейин, менин убагымда ал институттан Чыңгыз Айтматов, Жолон Мамытов, Аман Саспаев, Таш Мияшов өңдүү кыргыз акын-жазуучулары окушту.

Тагдыр, сүйүү, “сагынизм”

Көп нерсе тагдырга байланыштуу болот. Тагдыр болбосо акын болуш кыйын да. Мен эми өзүң айткандай, ичимдеги жыйылган букту, кусаны, ойлорду чыгарууга аракет кылам. Ахматова да, Цветаева да өз кайгысын, өз мүдөөсүн, көксөөсүн айткан. Ар бир чоң акын өзүнчө кылып айткан.

Мен өзүмдү чоң акынмын деп эсептебейм, эсептеген эмесмин. Окуп атышат, жакшы көрүп окушту. Эң биринчи “Жамгыр” деген китебим чыкканда 70-жылдары Москвада элем. Жолон Мамытов кышкы каникулга келип, кайра кайтканда: “тигил жакта “сагынизм” аттуу жаңы агым чыгып, баары ошону жазып атышыптыр” деп барды. Ошол биринчи китебимди жаштар отуздап сатып алып, кайра сатып, колдон колго өтүп, оозго алынып кетиптир. Ошондон баштап эле баягы Сагын Акматбекова деген ысымды тааный башташты.

Мен сүйгөн иероглифтер

Кыргыз поэзиясын терең окубай калдым. Кимдир бирөөнү туураган да жок окшойм. Бала кезде “Манасты” окудум, анан Лермонтовду, Пушкинди, Бунинди жакшы көрдүм. Чыгыш поэзиясы ачылбаган деңиз, кыргыз фольклору сыяктуу эле бермет экенин түшүнө баштадым. Көчмөндүк рух жетеледиби, башатка, кыртышка кайттым.

Эгерде өзүңдө шык, көрөңгө болбосо эч кандай институт акын кылып чыгара албайт.

Токсонунчу жылдары Кыргызстанга келген бир жапон мугалимдин колунан бир жыл жапон тилин окудум. Бирок карым-катнаш сүйлөп журбөсөң унутуп калат экенсиң да.

Кээ бир иероглифтери, сандары эсимде калды. Мисалы, өзүмдүн сүйгөн иероглифтерим - “жамгыр”, “куш”, “каркыраны учуп баратканы”, “дарбаза” деген өңдүү иероглифтер эсимде калды. Бирок, Басё, Иса өңдүү классиктердин тилине кирүү өтө оор экенин түшүндүм. Ал үчүн “шырагана” жана “катакана” деген эски-жаңы эки грамматиканы чогуу алыш керек экен.

Ошентип чыгыш поэзиясына, анын ичинде жапон, кытай поэзиясына орус тили аркылуу кирдим. Жакты. Аларды которуу аябай жеңил, бир жагынан рахат болду. Балким рухума, дүйнөмө, жагдайыма, ошол кездеги маанайыма жакын болду. Ошол кездеги мен кечирип аткан тагдырыма, балким, окшош болду.

Наам албай калууну уят деп эсептебейм

Азыр акча болсо китеп чыгаруу оңой. Китепти жөн эле чыгарып коюп атышпайбы. Советтик мезгилде деле бекер чыгарып, ага калем акы да төлөп берчү. Бирок, кезек катуу, цензура күчтүү болчу. Анткен менен “мага аябай бут тосушкан” деген өңдүү кептерди айтып жүрүшөт го. Мен антип айта албайм. Албетте, гезиттерде “Эмнеге эле өзү жөнүндө жаза берет?”, “Эмнеге бул жамгырды,туманды жаза берет?” деп сындашкан. Өзүңдү кызыктырганды жазышың керек да. Анан эмнени жазасың? Акынга ыр деген букту чыгара турган, ыйлай турган бурч, буйтка эмеспи. Элге айта албаганыңды ошол поэзияга төгөсүң.

Вознесенский, Евтушенко, Ахмадулина дегендердин таңдайынан чаң чыгып турган кези. Алар менен сахнада чогуу ыр окуу шыбагасы тийди.

Эл акыны деген наамды алганда манасчы Уркаш Мамбеталиев мага көчөдөн жолугуп: “бетим-ий, сен ушунчалык макталып, атың чыгып жүрүп, наам албай калсаң уят эле болмок да” деди эле. Мен үчүн наам албай калуу уят деп деле эсептеген эмесмин. Анан манасчыны укканда бир четинен туура айтып жатат го, эмгектин бааланганы деле жакшы эмеспи деп ойлоп калгам.

Мен чыгармачыл кечелерди уюштурганды, кыйратып салгансып сахнада ыр окуганды каалабайм. Кимге зарылчылыгы бар деп ойлойм. Жашың өйдөлөгөн сайын өзүңдүн ырларың өзүңө жакпай, өзүң деле өзүңө жакпай калат экенсиң. Ырды болсо жөн эле букту чыгарыш үчүн жазам.

  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG