Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:42

Самаков: Кыргызга оомат келди


Кыргыз эл сүрөтчүсү, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын ээси Жоомарт Кадыралиевдин "Манас” эпосу боюнча композициясы

Кыргыз эл сүрөтчүсү, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын ээси Жоомарт Кадыралиевдин "Манас” эпосу боюнча композициясы

“Манас”, “Семетей”, “Сейтек” үчилтиги ЮНЕСКОнун материалдык эмес мурастар тизмесине кирди.

Ага 4-декабрда Баку шаарында уюмдун тиешелүү материалдык эмес мурастар боюнча комитетинин мүчөлөрү добуш берди.

ЮНЕСКО иштери боюнча улуттук комиссиянын төрага орун басары, депутат Карганбек Самаков “Азаттыкка” Бакудан маек курду.

“Азаттык”: Бакуда “Манас” үчилтигине оң добуш берилгенден кийин Кыргызстандан барган өкүлдөр кубанычын, сыймыктануусун социалдык тармактарга жазып жатышты. Добуш берүү учуру кандай болду?

Карганбек Самаков: Бул баарыбыздын жүрөгүбүздү өйүп келаткан иш эле, кыргызстандыктарды куттуктайм. Үч жылдан бери жасап келаткан иштерибиздин акыбети кайтып, токтом кабыл алынды. Эми 196 мамлекет мүчө болгон ЮНЕСКО эл аралык уюмунда “ташка тамга баскандай”, “Манас” кыргыз элинин тарыхый эпосу катары бекиди. Эч бир каршы пикир жок, жакшынакай добуш беришти.

Биз менен келген манасчылар ошол жердеги калыптанган протоколду бузуп, Манас айтышты. Алтайдан Ала-Тоого чейин чачырап кеткен кыргызды Манас жыйнап, каганат түздү эле. Кудай буйруса, кыргызга бир оомат келеби деп ойлойм.

“Азаттык”: ЮНЕСКОнун материалдык эмес мурастар боюнча комитетинин мүчөлөрү баалоону кандай жүргүзүштү?

Карганбек Самаков: Бул үч жылдан бери жасалып келаткан иш. Биз киносун тарттырып, файлдарын даярдап, Европага байма-бай каттадык. 118 мамлекеттин маданият министрлери, элчилери жана башка адамдары сүйлөшүүлөрдү жүргүздүк.

Андан сырткары “Манастан” үзүндү алып, 6 метр чарчы болгон живопись тарттырдым. Анткени көпчүлүк менен сүйлөшө келгенде Кыргызстанды баары эле тааный беришпейт, Кыргызстан десең Күрдистанбы дешкени болот. Эпостун баарын түшүндүргөнчө деп сүрөттөрдү тарттырганбыз. Азыр көргөзмө өтүп жатат. Баары үймөлөктөп кызыгып көрүп жатышат. “Кыргызстан деген мамлекет бар экен, анын тарыхы, ушундай эпосу бар экен” деп таанышып атышат.

“Азаттык”: Комитеттеги мүчөлөр же эпос менен таанышып чыккан башка адистер кандай ойлорун айтышты?

Карганбек Самаков: Былтыр биз 24 мамлекет мүчө болгон ЮНЕСКОнун материалдык эмес мурастар боюнча комитетине мүчөлүктү утуп алганбыз. Бүгүн болсо анын көмөкчү тобуна кошулуу мүмкүнчүлүгүн алдык. Бул – 24 мамлекеттен алтоо гана тандалып алынган топ. Кудай буйруса, Кыргызстандын кадыр-баркы ушуга чейин жетти. Ал алты мамлекет уюмдун тизмесине кирүү үчүн ар өлкөдөн келген маданият жаатындагы байлыктарга, мурастарга баа берип, тескей турган орган.

ЮНЕСКОнун борбордук аппаратында абдан көп эксперттик топтор иштейт. “Манаска” албетте таң калышты. 550 миң саптан турган эпосту ичинен карап чыгышты, изилдешти, таанышты, “чын эле ушундайбы?” дегендер да болду.

“Азаттык”: “Манастын” Кытайдын атынан кирип калуусу тууралуу кептер бир катар чууларды жаратты эле ...

Карганбек Самаков: Ооба, ошондо элдин бүйүрүн кызыткан талкуу жаралды. “Манас”, “Семетей”, “Сейтек” кыргызга таандык экени тууралуу документибиз ЮНЕСКОдо катталды. Бирөөсүн берсек, кийинкисин талашпасын деп үчөөнү бир киргизүүгө аракет кылдык. Боз үй жана башкалардын файлдарын алдын ала берип койгонбуз. Жаныбызда маданияты, турмуш-шарты кыргыздыкына окшогон талаш жаратчу өлкөлөр көп.

“Азаттык”: “Манасты” ЮНЕСКОго киргизүү боюнча иштин башына эмнеге сиз келип калдыңыз?

Карганбек Самаков: 2009-жылы эл арданганда мен кошо арданып калдым эле. Кудай буйруп трибунага жетсем, иш сапарымды ушундан баштайм дегем. 2011-жылдын башынан бери чуркап жүрөм. Мени Маданият министрлигинде ушул боюнча эксперттик топтун башчысы кылып коюшту, топто Бексултан Жакиев баштаган көптөгөн адамдар, ЮНЕСКО иштери боюнча улуттук комиссия иштеди. Белгиядагы Кыргызстандын атайын өкүлдөрү көп жумуш аткарышты. Айтор саны аз бирок орчундуу эмгек жасалды.

Өзүм инженер-куруучумун. Бирок “Башканы коюп Манасты айт” дегендей Манастын жанында башка нерсе алдыга салынбай турганын билет эмеспизби. Катардагы патриот катары эле чуркадым.

“Азаттык”: Чыгымдарга каражат кайдан алынды?

Карганбек Самаков: Башынан аягына чейин мен каржыладым. Мамлекеттик бюджет тартыш болуп жаткан учурда карап отура бербей, келечек үчүн жасап коюш керек деп ойлойм.

“Азаттык”: “Манас” үчилтигинин ЮНЕСКОго кирүүсү эмнеге жол ачат?

Карганбек Самаков: Экономикалык жагы бар. Мисалы Кытай менен Жапониянын 50дөн ашык кишилери жанталашып бирдемесин киргизип калалы деп ЮНЕСКОдо чуркап жүрүшөт. Анткени алар туристтерди тартуунун аракетин көрүүдө. Дүйнөдөгү 7 миллиард адамдын 2 миллиарды күндө саякатта жүрөт. Аларды беш жылдыздуу, жети жылдыздуу мейманканалар жана башка шарттар кызыктырбайт. Алар улуттук баалуулуктар кайсы жерлерде көп болсо, ошол жерлерге катташат.

Комитетке мүчө катары Кыргызстандын 4 жылдык убактысы бар. Ошонун ичинде он чакты мурасты киргизип калсак, Кыргызстанга туристтер байма-бай каттоого шарт түзүлөт. Анда бери дегенде миллиард доллар пайда алып келчү туристтердин келүүсүнө жол ачылат. Ошого катуу аракет кылышыбыз керек.

Андан сырткары “Элүү жылда эл жаңы, жетимиш жылда жер жаңы” дегендей ички миграциянын айынан, ара-бери жылып отуруп алмашуулар болуп кетиши мүмкүн. ЮНЕСКО эл аралык уюумуна катталуу менен биздин тарыхый байлыктар, маданият дүйнө коомчулугу тарабынан корголуп турат.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG