Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:16

Жазуучу, публицист Аман Саспаев 15-июнда 86 жаш курагында каза болду. Маркум жазуучу окурмандарга “Парторг” романы, “Сарала ит”, "Тоо чабалекейи”, “Татым туз” өңдүү ондогон чыгармалары, кыргыз-кытай сөздүгү аркылуу таанымал.

Аман Саспаев 1929-жылы 15-октябрда Түп районундагы Кең-Суу айылында туулган. Атасы каза болгондон кийин апасы менен чогуу Үркүндө Кытайда калган туугандарына карамалап кеткен.

Болочок жазуучу бала кезинен кытай, уйгур тилдерин мыкты өздөштүргөн. Бээжинде билим алып, алгач мугалим, андан кийин уйгур тилдүү гезиттин кабарчысы, редактору болуп эмгектенген.

Кытайдан кайтып келишин жазуучунун тууганы, филология илиминин доктору Сыртпай Мусаев мындайча эскерди:

- Аман агабыз Бээжинге үч жашында кеткен экен. Ошол жактан Майда улуттар институтунун кытай бөлүмүн бүтүптүр. Мекенине 1961-жылы кайтып келген. Мага туугандык да жайы бар. Алгач биздин үйгө, Тоң районунун Көлтөр деген айылына келген. Эл "жаңы тууган келди" деп, тиричиликке керектүү буюмдарды чогултуп берип, Кең-Сууга Түгөлбай Сыдыкбековдун айылына көчүрүп барганбыз. Анткени Сыдыкбеков, Саспаев, мен - төрт атадан кийин бириккен туугандарбыз.

Аман Саспаев Мекенине кайтып келгенден кийин Кыргызстан Жазуучулар бирлигинде адабий кеңешчи, Ысык-Көл облустук гезитинде кабарчы болуп иштей баштайт. Сыртпай Мусаевдин айтымында, ал өз мезгилинин билимдүү инсаны катары өз чыгармаларын бир нече тилде жазган:

- Окумуштуу катары ал түзүп кеткен кыргыз-кытай сөздүгү Аман Саспаевдин өмүрүнө арзый турган иш болду. 100 басма табактан турган мындай эмгек башка түрк тилдүү элде жок. Эгер Аман Саспаев болбогондо кыргыз маданиятында мындай сөздүк жаралбайт эле.

Кыргыз эл жазуучусу Мелис Абакировдун баамында, Аман Саспаев кыргыз прозасында да өз үнүн тапкан жазуучу:

- Мен Саспаевди устат катары, кара сөз чебери катары урматтап келем. Экинчи жагынан, ал адам катары да мыкты киши эле. Бул кишинин укмуштуудай тагдыры, Кытай Эл Республикасында чоңойгондугу, ал өлкөдөгү Маданий революцияны башынан өткөргөнү анын чыгармаларында камтылган. Чыгармаларында кыскалыкка, нускалыкка умтулуп, кытай прозаларынын үлгүсүн алганы байкалып турчу. Ал эми сөздүгү чындап эле Юдахиндин сөздүгүнө барабар.

Аман Саспаевдин өз мекенине келгенден кийинки чыгармачылык жолу дайым эле шыдыр болгон эмес. Ал айрым чыгармалары үчүн ошол кездеги кээ бир кадыр-барктуу жазуучулар тарабынан “антисоветтик адам” деп айыпталган.

Анткен менен адабиятчы Бекташ Шамшиевдин айтымында, Аман Саспаевдин чыгармаларына анык баа бере турган учур эми башталат:

- Эгемендик жылдарындагы саманы, топону аралашкан чыгармалардын мезгили бүтүп баратат. Эми өрнөк боло турган чыгармалар баалана турган кез болот. Менимче, аңгеме деген кандай болуш керектиги Саспаевдин чыгармалары аркылуу ачылат.

Шамшиев Аман Саспаев улуттук адабиятта өз стили, өз үнү бар чоң талант катары каларында шеги жок экенин айтты.

Филология илиминин доктору Акеш Иманов Аман Саспаев менен Каракол шаарындагы Касым Тыныстанов атындагы университетте чогуу иштеген, маркум менен үзөнгүлөш жүргөн кесиптештеринин бири. Ал жазуучунун өмүрүнүн акыркы сааттарында чогуу болгон экен:

- Аман акени күтүүсүздөн колдон алдырып жибердик. Университеттин 75 жылдыгына карата тойдо отуруп, жакшынакай батасын берип кеткен. Ошондон көп өтпөй жүрөгү кармап, көз ачып жумганча кайтыш болуп кетиптир. Мурда да жүрөгү ооруган экен. Бирок сабырдуу киши сыр алдырбай жүргөн турбайбы. Мен Аман Саспаевди "кыргыз аңгемесинин атасы" дээр элем. Бу кишини профессор Бектурсун Алымов “кыргыздын Чехову” деп атаган. Чындыгында эле ал Чехов сыяктуу аңгеменин устаты эле.

Жазуучу өмүрүнүн акырына чейин Каракол шаарында жашап, Касым Тыныстанов атындагы Ысык-Көл Мамлекеттик университетинде иштеди. Москвадагы Максим Горький атындагы жогорку адабий курсун бүтүргөн. Аман Саспаевдин биринчи аңгемелер жыйнагы 1966-жылы өз эне тилинде жарык көргөн.

Маркумдун сөөгү 16-июнда Түп районунун Кең-Суу айылына коюлат.

  • 16x9 Image

    Зайырбек Ажыматов

    "Азаттыктын" кабарчысы. Жусуп Баласагын атындагы Улуттук университетин бүтүргөн. “Жалгыздык”, “Мелмил”, “Нөлү көп жылдар” аттуу ыр жыйнактардын автору.   

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG