Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:51

"Театрды да, кол өнөрчүлүктү да кыйбайм"


“Азыркы кыргызстандык” түрмөгүндө уз, ырчы Сайра Момунбаеванын чыгармачылыгы жана ишкердиги тууралуу сөз кылабыз.

Бишкектин Лев Толстой менен Логвиненко көчөлөрүнүн кесилишиндеги барак сыяктуу тамдын ортоңку эки бөлмөсүндөгү кийим тигүүчү чакан цех театр жана кино актрисасы, ырчы Сайра Момунбаева менен жолдошу Азат Дөөткуловго таандык.

Сайра 2000-жылдары Бакен Кыдыкеева атындагы Жаштар театрында иштеп жүргөндө бардык эле өнөр адамдары сыяктуу материалдык жактан абдан кыйналып, кол өнөрчүлүк менен алектенет.

- 1998-жылы театрда иштеп жүргөндө кийим тигип, кол өнөрчүлүктү баштагам. Театрда иштегенде эки жакка жетишпей, кээде шашып спектакль башталарда келип, чала-була гримденип, сахнага чуркап чыккан мезгилдер болду. Кээде жамаатым мени күтүп калган күндөр болду. Жетекчилерден тил угуп, сөгүш алган учурларым болду. Кыскасы аябай кыйналдым. Анан жүрөгүм театр деп соккондуктан театрды тандап, кол өнөрчүлүктү токтотуп койгом.



Бирок кыйнаган турмуш баары бир кол өнөрчүлүккө кайрылууга мажбур кылды. Тааныштардан заказ алып, үйдөн тикмечилик менен алектенип жүрдүм. Теңтуштарым, алардын тааныштары болуп отуруп кардарларым көбөйүп кетти. Анан 2006-жылы ушул цехти ачып, бир беткей кол өнөрчүлүккө ооп кеттим.

Ар бир кесип ардактуу деп айтып калышат. Ооба, ар бир кесиптин өзүнчө ырахаты, кумары бар. Театр, музыка жаатында эмгектенгендер руханий жактан бай болгону менен материалдык жактан кыйналып жашаганын көрүп эле жүрөм. Бирок алар көркөм өнөрдү бийик тутушат. Бекеринен артисттер сахна супара деп айтышпайт. Алар арзыбаган айлык алышса да, айына бир жолу сахнага чыгып спектаклге катышып коюшканына ырахаттанышып, төрт тарабы түгөлдөй, бардар адамдардай каниет кылышат
.

Бирок чыгармачыл жаштардын жашоо-шартына көңүл бурбай, артисттердин айлык маянасынан тышкары кошумча каражат табуусуна шарт түзбөгөн жетекчи анын сахнадан кетүүсүнө түрткү болот.

- Театрдагы айлыгым 470 сом болчу. Ал да толугу менен колума тийчү эмес. Жолошум Азат (Азат Дөөткулов, белгилүү обончу - авт.) да иштебей калган учур эле. 470 сом эч нерсеге жетпейт. 160 сом кызымдын взносун төлөчүмүн. Калган акчаны жол киреден башка эч нерсеге жеткире алчу эмесмин. Ошого байланыштуу заказ алып тиккен күндөрүм болду. Кээде театрдагы жумуш деп жүрүп заказдарымды кечиктирип койгондо кардарым нааразы болуп калат. Анан жайында иштеп алайын деп ойлоп, директорго кайрылсам, “же театрда иште, же таптакыр иштебей эле кой”, - дегендей кыйытты. Мен шарт эле арызымды жазып чыгып кеттим.

Артист үчүн театрдан кызматтан кетүү барып турган трагедия. Мына ушундай кыйын кезең Сайра Момунбаеванын да башынан өткөн.

- Театрдан кеткенде жүрөгүмдү бирөө сууруп алгандай болду. Жан дүйнөм аңтарылып, оюм уйгу-туйгу. Ызаланып, ичимден сызып келатсам аялдамадан Алмаз агай (белгилүү режиссер Алмаз Сарлыкбеков - авт.) жолугуп калды. Бир чети агайым, бир чети ал башкы режиссер болуп анын кол астында иштеп калгам. Анан ага арыз жазып, театрдан кеттим десем, “жиндисиңби, арызыңды кайра ал. Сен театрдын кишисисиң, сен кетпешиң керек”, - деп урушту. Менин намысым ойноп кеттиби, айтор ачуум менен жумуштан кетүүгө арыз жазып салгам. Чынында театрдан кетүү оюмда жок болчу.

Мындай өнөрлүү адамдарды “Кудайдын назары түшүптүр” деп коюшат. Сайра Момунбаева учурунда Нарын театрында – Аксаткындын, айтылуу Ажардын ролу баш болгон ончакты образды жаратса, жаштар театрында Карлыгач, Жамал сыяктуу кейипкерлерди ийнине жеткире аткарган.

Нарын музыкалык драма театрында СССРдин эл артисти, маркум Капар Медетбеков, Эл артисттери Жумамүдүн Шералиев, Сейитказы Андабеков, Койсун Карасартова, Бакирдин Алиев, режиссер Алмаз Сарлыкбеков, маркум Тамара Жумакаева, Асыл Набиева, эмгек сиңирген артисттер Кеңеш Курманалиева, Бермет Өмүрова, Күмөндөр Абылов жана башка зор таланттардан таалим-тарбия алып, чогуу иштешкен. Ал театр сахнасынан кетсе да кино тасмаларга тартылып, кызыктуу образдарды жарата алды.

- Үйдөн кол өнөрчүлүк жумушумду иштей бердим. Бирок жан дүйнөм уйгу-туйгу болуп, жабыркап жүрдүм. Ошол нерселерди жолдошум Азатка да айтпай ичимден сызып жүрө бердим. Театрга болгон кусалыгым, сагынычым күч алып, аябай бушайман болуп, ыйлагым келип туталанып жүргөндө “Айыл өкмөтү” деген киного чакырылып калдым. Ал жакта съемкада жүрүп, кичине кусалыгым бастап, алдангансып калдым.

Концерттерге чакырылып, ырдап, жан дүйнөмдүн бөксөргөн жерин толтуруп, бир аз жашоого канааттанып калдым. Анан акырындан кол өнөрчүлүктүн түйшүгүнө баш отум менен кирип, кичине унуткара түштүм. Эми киного тартылууга, концерттерге чакырып калышат. 2012-жылы үч киного тартылдым. Чыгармачылыктагы досторум, тааныштарым цехке келип турушат. Алар менен баарлашып, маалыматтарды угуп, тамашалашып, каткырып алам.


Бардык адамдар табиятынан көркөм өнөргө шыктуу боло бербейт эмеспи. Сайра Момунбаева болсо кичинесинен эле ырдаганды, роль аткарганды жакшы көрүп, ошол эле мезгилде апасынан кол өнөрчүлүктүн сырларын үйрөнөт. Анын апасы Жумабүбү Ак-Талаанын Дүрбөлжүн айылы эле эмес, аймактагы абдан уз киши эле. Ал эми атасы Момунбай колунан көөрү төгүлгөн зергер-уста, күмүш жалатып, кооз буюмдарды жасап, жыгачка жан киргизчү.

Бир тууган агасы Сүйүнаалы болсо атасынын кесибин улап, азыр айылда устачылык менен алектенип, күмүш кармап, зергерчилик кылат. Сайранын кол өнөрчүлүккө аралашып кеткенине үй-бүлөсүнүн таасири чоң. Ал өзүнчө тигүү цех ачып, пайда табылуучу күнүмдүк керектелүүчү кийим-кечектерди тикпестен, улуттук кийимдерди коомчулукка алып чыгууну көздөйт.

- Кыргыз болгондон кийин улуттук кийимдерди заманбап кылып тигип, көчөдө болобу, кеседе болобу кийүүгө эмнеге болбосун, деген максат менен ушул цехти ачтым. Анткени Кытайдын ширпотребине караганда колго тигилген саймалуу улуттук кийимдердин сапаты жогору, баркы дагы бийик. Мен театрдын адамы болгондон кийин театрга костюмдарды заказ беришет. Анан бийчилер келишет.

Бийчилер демекчи Бишкектеги бий топторунан тышкары Европаны өзүнүн ийкемдүүлүгү, таланты менен багындырган Атай Өмүрзаковдун Прагадагы конкурска кийип чыккан кийимин да Сайра Момунбаева тиккен. Ал жакында Ташчайнар деген каймана ат менен белгилүү балбан Нурлан Алишеровго да Украинадагы конкурста кийген кийимин тигип берди.

Сайранын айтымында, кол өнөрчүлүктү, тигүү цехин ачып аны иштетүүнү ар ким эле алып кете албайт, ар бир баштаган иштин жыйынтыгын көрөм десе, талыкпай эмгектенүү зарыл.

- Мындай ишкананы ар ким эле ача албайт. Ачса да ишин улантып кете албайт. Ал үчүн иштин көзүн билиш керек. Ошол ишти өзү дагы жазай билиши керек. Анан талыкпаган эмгек керек.

Сайра Момунбаева ырчылык өнөрү менен элге таанылып, кинодо да мыкты актриса экендигин, чебер уз экендигин көрсөтө алды. Ал он жылдан берки тикмечилик, кол өнөрчүлүгүнүн үзүрүн көрүп, былтыр октябрь айында "Түрксой" уюму уюштурган АКШдагы көргөзмөгө катышып келди.

Техас штатындагы көргөзмөдөн кийин, кызыктуу идеялар келип, алдыга пландарды түздүм дейт ырчы, кол өнөрчү.

- Фестивалга барганда да ушундай иш-чарага катыштырабыз деп менин дарегимди алып калышты. Улуттук кийимдердин коллекциясы боюнча көрсөтмө болуп калса, Азербайжанга, Түркияга да чакырабыз дешти. Алдыда жакшы пландарым бар. Улуттук үлгүдөгү кийимдерди сата турган дүкөн ачсакпы деп ойлонуп атам. Цех үчүн атайын имарат салсакпы, же сатып алсакпы деген максат бар.

Сайра Момунбаева Муратаалы Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайын, Бейшеналиева атындагы искусство институтун аяктаган, театр жана кино актрисасы, ырчы, кол өнөрчү. Анын келечекте кыргыздын улуттук кийимдерин дүйнөгө таанытып, өзүнчө бренд менен фирма ачсамбы деген дагы тилеги бар.
XS
SM
MD
LG