Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 03:08

“Шырылдаң” берүүcүнүн мейманы - гитарчы Темиралы Кунашов. Ал эч кандай музыкалык билими жок туруп, өз алдынча нотаны өздөштүрүп, отуз жыл аралыгында гитараны профессионалдык деңгээлде черткенге жетишкен.






Испан композитору Албенистин «Легенда» деген чыгармасын гитарада безеленте ойноп, кыргыз күүлөрүн гитарага салган музыкант Темиралы Кунашов атайын музыкалык билим албаса да, өз алдынча отуз жыл аралыгында гитара үчүн жазылган дүйнөлүк чыгармалардан тартып, кыргыздын күүлөрүн гитарага ылайыкташтырып нотага түшүргөнгө жетишкен.

Ал Жалал-Абад облусуна караштуу Аксы районунун Кара-Суу айылында туулуп, өсүп гитара черткенге бала кезинен кызыгып калат. Анын репертуарында цыган, испан, латын америкалыктардын, түрк элдеринин музыкалары бар.





Темиралы 1987-жылы айылы Кара-Суудан чыгып, Бишкекке атайын Чыңгыз Айтматовго жолукканы келет. Анын гитарчылык өнөрүнө дагы улуу жазуучу баасын берип, эл алдына концерт берүүсүнө жардам берет.

- 1987-жылы мен атайын Чыңгыз Айтматовду издеп Бишкекке (ал кезде Фрунзе шаары) келдим. Чыңгыз Айтматовго жолугуп дин маселеси, Куран, Библия тууралуу баарлаштык. Ошол кезде анын “Кылым карытар бир күн”, "Кыямат" аттуу романдары окурмандардын кызыгуусун арттырып турган маал эле. Анан Чыңгыз агай мени Илимдер Академиясынын чыгыш бөлүмүнүн кол жазмалар фондусуна жумушка орноштурду. Мен араб тилинде сүйлөп, жаза билем.

Темиралы Кунашов Түркияда
2000-жылдары ал бөлүм жоюлуп кетип, жумушу жок калдым. Чыңгыз агай мага телефондорун, адресин берген болчу “бир нерсе болсо түз эле кайрыл” деп. Мен телефон чалып бөлүм жоюлуп кетип, жумушу жок калганымды айттым. Үйүнө кел деди. Мен гитарамды дайыма жанымда алып жүрөм. Анан сүйлөшүп отуруп Чыңгыз агайга гитара чертип бердим.

Ал угуп алып, “Ой, сен гитараны мыкты чертет турбайсыңбы. Бул өнөр менен чет өлкөгө чыгып концерт бериш керек. Кайсы тилде билесиң?”- деди. Мен араб, түрк тилин жакшы билеримди айттым. Анан ал Түркияга кат жазды, менин концертимди уюштуруу жөнүндө. Ал кезде Чыңгыз агай ошол кезде Борбор Азия элдеринин маданий байланыштарынын Ассамблеясынын президенти экен. Анан чакыруу келип, 2001-жылдан баштап ар бир эки жылда бир маал барып концерт берип турдум. Измир, Анталия, Анкара, Стамбул сыяктуу баш аягы ондон ашык шаарда концертимди бергем.

- Чыңгыз атабыз сиз черткен кайсы күүнү жакшы көрөр эле?

- Ал масштабы чоң залкар киши болчу да. Музыканы кунт коюп угуп туруп, бул жакшы, бул начар деп бир дагы жолу айткан эмес. Тескерисинче “кайсы чыгармалардын үстүндө иштеп жатасың, эмнелерди жазып атасың?”-деп сурап калчу. Кеңешин берчү.

Темиралы Кунашов залкар жазуучу Чыңгыз Айтматов жана түрк маданий ишмерлери менен. Түркия.
Бир жолу Белгияда туулган күнүнө чакырып калды. Мен кечигип бардым. Меймандары кете элек экен. Мени алар менен тааныштырып, кыргыздын гитарчысы, кыргыз күүлөрүн гитарага салган музыкант деп мактады. Анан “Биз бала кезден бери жакшы көргөн Атайдын ырларынан билесиңби?”-деп сурап калды.

Мен Белгияга бараарда эмне белек алып барсам деп ойлонуп туруп, анан музыкант болгондон кийин Атайдын “Эсимдесин” гитарага иштеп чыгып, Чыңгыз агайга арнагам. Ошол "Эсимдени" ойноп бергенде Чыңгыз агай аябай сүйүнүп, меймандары шатырата кол чаап, үч-төрт күүнү катары менен ойноткон.





Темиралы мырза, «Ак тамак, көк тамак, «Насыйкат», «Сынган бугу», «Кыз ойготоор», «Боз салкын», «Кыргыз көчү» сыяктуу он чакты чоң күүлөрдү гитарага ылайыкташтырып ноталарын жазып чыгыптыр. Учурунда кыргыз күүлөрүн биринчи жолу маркум Даниэл Назарматов гитарага салып, чертип чыккан болчу.

- Даниэл Назарматов агай кыргызга гитараны алып келип абдан чоң жаңылык кылган. Ошол кезде кыргыздын жаштары аккардеондон башка гитарага дагы кызыгып, гитара аябай мода болуп кеткен. Бирок Назарматов туура эмес баштап алды. Бул киши Москвадан окуп Европа музыкасынын негизинде кыргыз күүлөрүнө келди.

Мисалы, Назарматов гитарага салган “Кыргыз көчүн” аябай тамшанып уктук. Кийин “Кыргыз көчүн” мен кайра иштеп чыктым. Мактаныч эмес, уккандар “сенин вариантың комузда аткарылган “Кыргыз көчүнүн” оргиналына абдан жакын экен”, - деп баа беришти. Комуз күүлөрүнүн улуттук түп нускасы сакталса гитарада жакшы аткарылат. Себеби бул дагы комуз сыяктуу кыл аспаптар тобуна кирет.





Темиралы гитаранын кандайча пайда болгонун изилдеп, өзүнүн чечмелөөсүн билдирди. Анын айтымында, «дутар» деген эки кыл, «ситар» деген үч кыл деген маанини түшүндүргөндөй, «гитар» - күүтар деген сөздөн пайда болгон.

«Күү анан тар - бул «күү тарамыш» деген сөз. Себеби ал мезгилде кыл тарамыштан жасалган», - дейт Темиралы.

Ал ошондой эле Атай Огонбаев чертип калтырган «Ак тамак, көк тамак» күүсү Ниязалыга таандык экенин, ал күүнү аккардеон, пианиного караганда гитарага салып чертүү кыйла ыңгайлуу экенин белгилеп, Ниязалы «Ак тамак деп Жеңи жокту, Көк тамак деп Көксулууну» айтканын кошумчалады.





Темиралы гитарчы июнь айында Улуттук филармонияда концертин өткөргөнү даярданып жаткан кези. Ал комузчу Мастура Бердибекова экөө гитара менен комузду кошуп, кыргыз күүлөрүн чертүүгө даярданып жатыптыр. Концертте цыган, испан, латын амеркалыктардын музыкалары дагы аткарыларын билдирип, Испаниянын салттуу музыкасы Фламенко үлгүсүндөгү музыканы аткарып берди.


пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG