Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:30
Артымда атымды айтаар заман болсун...
Толубай сынчы

Кылым карыткан кыргыз тарыхында аты аңыз болуп айтылып, бирок жараткан чыгармалары жарым-жартылай гана сакталган же дээрлик сакталбай калган ак таңдай акындар, жез таңдай чечендер, атагы таш жарган ырчылар абдан көп.

Заманында ар бири сөзү жат болуп, элди караңгыдан жарыкты көздөй ээрчиткен нечен даркандар, туңгуюктан жол тапкан акылгөйлөр болсо да, алар жасаган нечен иштер бара-бара унутта калып, аттары тарых бүктөмүнө кетиптир, жандырмагынан табышмагы көп легенда болуп жашап калышыптыр. Бу көчмөн турмуштун дегендин өзүнө жараша көйгөйү, азабы менен тозогу бар тура. Ошон үчүн “Манаста”:

Жоо жарактуу шер өттү,
Жолборс сындуу эр өттү,
Аты калып, наркы жок
Нечен түрдүү эл өттү,
Эл бийлеген эр өттү,
Эр өтпөсө ким өттү,--деп айтылат эмеспи.

Ошондой атпай кыргызга аттын кашкасындай таанылып, ар бир сөзү ооздон оозго өтүп, тирүү кезинде калк кастарлаган легендага айланган залкарлардын бири ак таңдай ырчы Арстанбек болгон экен. Эки Нарындын ортосундагы Ийри-Суу деген жерде 1824-жылы туулуп, болгону 54 жаш өмүр сүрүп, бирок Арстанбек ырчынын кыска өмүрү кыргыз тарыхынын эң эле татаал, эң эле бурулуш учуруна туш келиптир. Бурулуш деген себебим, элибиздин эч кимге күнкор болбой, ээн-эркин жашаган Алтын доору дал ошол Арстанбектин заманында, 19-кылымдын экинчи жарымында аягына чыгып, кыргыз элинин тагдыры бычак мизинде, кыл үстүндө калган мезгил эле.

Кокон хандыгы Орусия империясынын кысымы алдында кум-жам болуп, “өңү сары, көзү көк орус” Кыргызстанга чууруп келе баштаган кез болчу. Доор алмашып, кырк уруу кыргыз эли эл болуп жашап калабы же зор империянын таманы астында кумдай ушаланып, жок болуп кетеби деген суроо кырынан коюлган кез болчу.

Атасы Буйлаш тынымсейит уруусунан чыккан, мүлдө Нарынга белгилүү болуш болсо да, Арстанбек байбичеден эмес, токолдон туулганы үчүн бир аз четке сүрүлүп, койчу менен жылкычынын, карапайым калктын арасында өсүп-чоңойгон экен. Балким ошон үчүн да жаштайынан ар нерсеге сезимтал болуп, эл эмне экенин, журт эмне экенин эрте туюнса керек. Ошон үчүн жаштайынан Кокон бийлигинин ийри кылычын да, Орус императорлугун сунган мылтыгын да караманча кабыл этпей, элдин санаасын санап, калайык-калк деп кабатырланып жүрүп, элдин зарын зарлап, журттун тагдырын ырдап жүрүп өтүп кеткен экен Арстанбек ак таңдай. Кыргыздын кыз-келиндерин барымтага алып, элге кордук көрсөтүп, журттун намысына шек келтирген Кокондун сарбаздарын нечен кур талкалаган Тайлак баатыр каза тапканда:

Элибизден ажырап
Элик болуп турабыз,
Каптап тузду көтөргөн
Көлүк болуп турабыз,
Башка чапса былк этпес,
Ѳлүк болуп турабыз,- деп муңканган экен Арстанбек.

Арстанбектин таланты кантип ойгонуп, кантип оозун ачса жүрөгү көрүнгөн ак таңдай акын, шаңшыган ырчы болуп кеткени тууралуу Белек Солтоноев калтырып кеткен легенда бар. Койчу, жылкычылардын арасында, калк ичинде жүрүп торолуп, анча-мынча ырдай коюп жүргөн Арстанбек бир жолу укмуштуудай түш көрүп, жөн түш эмес, түшүнө аян берген экен.

"Түшүмдө эки өркөчү эки баладай ак төө минип, Ак-Дөбөнүн үстүндө ак комуз алып ырдап турган экем, түшүмдү жоруп бергиле" деп элден сураганда, баланын түшүн жоругандар “кыдыр даарыйт экен, өнөрлүү болот экенсиң, зоболоң тоодой болот экен” деп жорушуп, баланын башынан суу айлантып чачып, “жаман сөздөн, суук көздөн” сактасын деп тилек кылышкан экен.

Айткандай эле, ошондон кийин Арстанбектин доошу адамдан башкача шаңшып чыгып, оозунан чыккан сөздөр бирине-бири куюлушуп, Арстанбектин ырчылык аты-жөнү алыска кете баштаптыр. Баласы ыр менен комузга аябагандай ынтызар экенин уккан Буйлаш бир жолу тартууга келген арча комузду кичинекей Арстанбекке бергенде, сүйүнгөнүнөн бет алды чуркап кете берген баланы артынан араң барып кармашкан экен. Ошентип жүрүп, чоң ырчы, алдына акын салбаган төкмө, кереметтүү комузчу атыгып, кийин түштүк менен түндүккө бирдей таанылган ырчы болгон экен Арстанбек. Арстанбек Коконге чейин жетип, ал жерде бир да ырчыны, бир да комузчуну не айтыштан, не комуздан эч бир алдыга салбай койгон дешет. Ал жерден атактуу Алымбек датка менен жакын таанышып, ал гана эмес хан ордодо ыр ырдаптыр. Ошол ырчылык таланты менен Кокондо барымтага түшүп калган бир катар түндүктүн эл жакшыларын, анын ичинде атасы Буйлашты да бошотуп алып, Арстанбектин даңкына дагы даңк кошулган экен.

Ак таңдай ырчынын кыргыз менен казактын мыкты деген ырчы, төкмөлөрү менен айтышканы, баарын жеңгени, Каңтарбай акын менен казактын атактуу даанасы Сүйүмбай менен айтышканы, Аксыдан чыккан Жеңижокко кеп-кеңешин бергени тууралуу айтып отурсак — бул бүтпөй турган узун сөз.

Арстанбектин эң негизги адабий мурасы, айткан жеринде элди буркуратып ыйлаткан классикалык ыры, албетте, “Тар заман” аттуу чыгарма болгон. “Тар заман” - бул доор ыры, дагы тактап айтсак - доор ыйы.

Өңү сары көзү көк,
Орус келе жатыры,
Узун чөптүн баарысын
Коруп келе жатыры,
Кыска чөптү баарысын
Коруп келе жатыры.
Заманың келди жакындап,
Тайган иттей такымдап, - деп эл башына өтө кыйын заман келатканын көрөгөчтүк менен ырдаган экен Арстанбек. “Тар заман” - ырчынын турмуштук жана социалдык көз караштарынын жыйындысы, акындын өз заманы тууралуу позициясы”, - деп жазат “Арстанбек” деп аталган илимий эмгектин автору, белгилүү изилдөөчү Батма Кебекова.

“Тар заманды” эл суранып ырдатып, бирок ырдап баштаганда эле уккандын баары буркурап ыйлачу экен. Орус бийлигине эртелеп сатылып кеткен атка минерлер, бийлер менен болуштар бир нече жолу “Арстанбекти кармап, тилин кескиле” деп буйрук да берип көрүшүптүр, бирок элдин уулу атанып, алыс менен жакынга атагы кеткен акынды эл болуштардын колуна салып бермек беле.

Уламышка караганда, Арстанбек ырчынын жүздөгөн ар кандай темадагы ырлары, ондогон күүлөрү, термелери болгон экен. Бирок, аттиң, сабаттуу азаматтардын жоктугунан, же жазып, сактап кала турган техниканын жоктугунан Арстанбек акындын миң ырынан бир ыры гана элдин оозунда калган десек болчудай.

Акын өмүрүнүн акыркы жылдарын Ысык-Көлдүн жакасында өткөрүптүр. Катуу оорудан 1878-жылы каза болуп, сөөгү көлдүн тескейиндеги Жуукунун үстүндө Таш-Кыя деген жерге коюлган дешет.

Улуу акын Алыкул Осмоновдун “Толубай сынчы” аттуу гениалдуу поэмасында мындай деген керемет саптар бар:

Мейли эми, көрбөгөн жан аман болсун,
Жаштарда Толубай деген арман болсун.
“Сынчы эле, оо чиркин, деп айтып калаар,
Толубай, арт жагында заман болсун”.

Анын сыңары, Арстанбек ак таңдайдын өзү өтсө да, сөзү өлгөн жок. Эл оозунда аты калды, эл арманын, журт көйгөйүн ырдаган “Тар заманы” тарыхка алтын тамга менен жазылды. Аз да болсо, бүтүндөй доордун жүзүн ачкан улуу Сөзү калды.

Көктөн учкан канаттуу,
Жерден сызган туяктуу,
Көп экенин ким билсин,
Ушул жомок сыяктуу.
Эрендерден калган сөз,
Энчи болуп калуп калган сөз,
Как жүрөкө конгон сөз,
Кайнап ичке толгон сөз,
Жоого аттанган баатырдын
Жан-жөкөрү болгон сөз...

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG