Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:22

Кыргыз оймолору дүйнөнү багындырууда


"Оймо-2011" фесталынан. Бишкек, 25-июль, 2011.

"Оймо-2011" фесталынан. Бишкек, 25-июль, 2011.

Кыргызстанда салттуу “Оймо” фестивалы башталды. 24-июлда Бишкекте башталган иш-чара Ысык-Көлдө жыйынтыкталат.

Бул эл аралык фестивалдын уюштуруучусу, Кол өнөрчүлөрдү колдоочу борборазиялык ассоциациянын Кыргызстандагы CACSARC.kg ресурстук борборунун директору Динара Чочунбаеваны кепке тарттык.

“Азаттык”: Динара айым, быйылкы фестиваль мурдагылардан эмнеси менен айырмаланат?

Чочунбаева: Фестиваль быйыл жетинчи жолу уюштурулуп атат. Бул жолу чет жактан келүүчү чеберлер көп. Кытайдагы кыргыздардан алты уз келет. Былтыркы иш-чарага Түркиядан эки уста катышкан болчу, алардын бирөөнө жагып калган экен, быйыл да катышып атат. Ал айнекти үйлөп, стакан жасоо боюнча өзүнүн чеберчилигин көрсөтөт. Андан тышкары Ооганстандан да келатышат. Орусиянын Алтайынан да келишет. Ошондой эле Индиядан да чеберлер келишмек, бирок алар быйылкыга жетишпей калышты, кийинки жылга деп сүйлөштүк. Ошентип биз эл аралык катышуучуларыбызды да көбөйтүүдөбүз.

“Азаттык”: Бул жолу фестиваль Кадыр түн, Салбуурун сыяктуу каада-салттар менен коштолоору айтылып атты эле?..

Чочунбаева: Ооба, бирок Кадыр түн биздин фестивалдын алкагында эмес, Ысык-Көл облустук бийлиги тарабынан өзүнчө өткөрүлө турган болду. Биз кыргыздын баланы бешикке салуу, кыз узатуу сыяктуу салттарын көрсөтөбүз. Бул каада-салттарды Кыргызстандын ар кайсы аймактарынан келген катышуучулар өз жеринде кандай колдонулуп келсе, ошондой кылып көрсөтүшөт.

Азыр эле мен Чоң-Алайдан келген чеберлер менен жолугуп келе жатам. Алар “калек” деп коёт, түштүк кыргыздарда элечек катары кийилген баш кийим, ар кандай жасалгалары менен. Ошолорду, бешиктерин жасалгалары менен кошо алып келишиптир. Бул аялдар эки-үч кооперативдин мүчөлөрү, арасында кыргызы да, тажиги да бар. Алар мына ушул чеберчиликтери менен үй-бүлөлөрүн багып келе жатышат.

“Азаттык”: Динара айым, 80-жылдары кол өнөрчүлүккө көп баа берилбей калды эле. Билсеңиз керек, кызга сеп бергенде деле колго тигилген сайма туш кийиз берүү, жүз аарчы түйүү жана башкалар калып, даяр эле килем-килчеге өтүп кетти эле. Акыркы убактарда кайра кызыгуу артып, жанданды окшойт?

Чочунбаева: Туура айтасыз, жылдан жылга кол өнөрчүлүккө көбүрөөк көңүл бурулуп жатат. Мурдараак арзаныраак, колдонууга ыңгайлуураак деп эле даярына качырып калдык эле.

“Азаттык”: Мына сиз жаңы эле Америкадагы кол өнөрчүлөрдүн фестивалынан келдиңиз. Мына ушундай чет жактыктардын кызыгуусунан улам кыргыздардын кол өнөрчүлүгүнө да баа берилип, өзүбүздө да кызыгуу арта баштады го?

Чочунбаева: Биз барып келген жарманке дүйнө жүзү боюнча эң чоң, эң бааланган жарманке. Нью-Мексика штатынын Сантафе деген шаарында болот. Быйыл Кыргызстандан он киши бардык. Жыл сайын беш-алтыдан чебер барчу. 2009-жылы Эркебү Жумагулова деген чебердин кийизден жасалган куурчактары, 2010-жылы жети бир тууган эже-сиңдилер Шаршембиевалардын жибектин үстүнө кийизден оймо бастырылып жасалган шарф, оромолдору эң жакшы сатылган буюмдар деп эсептелген.

Ал жерде бестселлер деп коёт. Бул биздин чеберлерге берилген эң жогорку баа. Эмне үчүн дегенде 145 мамлекеттен келген уздардын ичинен эки жыл катары менен Кыргызстандан барган чеберлердин иши эң жогору бааланып турду. Ошол Шаршембиевалар Даллас деген шаардагы жарманкеге чакырылды, бул дагы бир тепкичке өйдөлөнүү дегендик. Анткени Сантафеде майда соода болсо, Далласта дүңүнөн сатып алышат. Ал жерге өзүнө жакка товарларга дүңүнөн буйрутма берип, көп өлчөмдө сатып алууну көздөгөн ишкерлер бүт дүйнө жүзүнөн келишет.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG