Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:10

Гапар Айтиев атындагы Улуттук сүрөт музейинин 2-кабатындагы залда көздүн жоосун алган кооз туш кийиздер, шырдактар, килем, шалчалар көргөзмөгө коюлган.

Кыргызстан жана Борбор Азиядагы кол өнөрчүлөрдү колдоо боюнча Кристенсон Фон корунун каржылоосунда эки жылдык экспедиция уюштурулган.

Анын натыйжасында отуз жылдан бери биринчи жолу музейдин кору кытайлык, түркиялык, улуу памирдик кыргыздардын кол өнөрчүлөрүнүн буюмдары менен толукталды.

Бул тууралуу музейдин илимий катчысы Бактыгүл Капалова билдирди:

- Негизи 25-30 жылдан бери музейге жаңы буюм ала элек болчубуз.

Кыргызстандын 7 дубанында, алыскы Чоң-Алай, Чаткал, Ат-Башы, Улуу Памир, Түркиянын Ван көлүндөгү, Кытайдагы Ак-Тоо, Улуу Чат, Тажикстандын Мургаб, Канибадам, Жерге-Тал, Исфарада жашаган кыргыздарга экспедиция уюштуруп, алардын жасаган туш кийиз, шалча, шырдак, ала кийиз жана башка буюмдарын алып келдик. Өзбекстанга саясий кырдаалга байланыштуу бара албай калдык
.

Бактыгүл Капалова белгилегендей, ар бир аймактарда жасалган буюмдардын жасалуу ыкмалары, оймо-чиймелери, бойоктун түзүлүшү бири-бирине окшобойт.

Анын себептерин Музейдин кол өнөрчүлүк боюнча сүрөтчүсү Гүлзат Абдырахаманова мындайча чечмеледи:

- Кыргыз тилинде диалектика бар сымалы, буюмдарды жасоодо да өз-өзүнчө техникалар менен айырмаланат.

Мисалы, Нарын жакта шырдактарды жасоодо оймолору, кийиздин жасалышы башкачараак. Ош, Жалал-Абад, таластык кол өнөрчүлөрдүн буюмдарды жасоо ыкмалары башкачарак болот.


Кытайлык кыргыздар туш кийиздерди саймалап жасап, жер төшөк, шалчалары ачык түстө болуп, жалтырактар көп колдонулат экен. Гүлзат Абдырахаманова:

- Кыргызстандык кол өнөрчүлөр оймо-чиймесине маани берип, чоң-чоң кесимдер аркылуу маанисин ачып берүүгө аракет кылат.

Ал эми кытайлык же улуу памирлик кол өнөрчүлөр саймага көп көңүл буруп, ал жакта аба ырайы ысык болгондуктан таардан буюмдарды көп жасап, кийизге аз маани беришет экен
.

Бул көрөзмөнү чет мамлекеттерде уюштурса бир топ кызыгууларды жаратчудай. Бирок эрежеге ылайык башка өлкөлөргө алып чыгууга мүмкүнчүлүк жок экен.

Музейдин илимий катчысы Бактыгүл Капалова белгилегендей, шырдак менен ала кийизди кыргыздардын улуттук буюму катары дүйнөлүк мурастардын тизмесине киргизүү сунушу ЮНЕСКОго берилген.

Ал ошондой эле экспедициянын максаты жеке эле көргөзмө ачуу эмес, илимий маалыматтарды, сүрөттөрдү, видео маалыматтарды чогултуп, даректүү 12 тасма тартылганын билдирди.

Кол өнөрчүлөрдүн көргөзмөсү Гапар Айтиев атындагы Улуттук сүрөт музейинде бир жылдык мөөнөткө уюштурулган.
XS
SM
MD
LG