Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:13

Акыркы жылдары массалык маалымат каражаттарында иштеген журналисттер кыргыз тилин жат, түшүнүксүз, келегей сөздөргө толтурууда. Көпчүлүгү мунун эне тилиндеги сөздөрдүн маанисин жакшы билбегендиктен, билимсиздигинен, көркөм адабий китептерди окубагандыгынан жасап жатат деп ойлойбуз.

Дээрлик бардык эле телеканалдарда, радио менен гезиттерде бийликтеги кызматкерлердин бири кызматтан алынса “Ал кызматынан чегинди” деп жазып, айтышчу болду. Журналисттердин “чегинди” деп жазганы туура эмес. “Чегинди” деген сөз “Турган ордунан кайра артка кетти” деген маанини түшүндүрөт. Маселен согушта душмандан жеңилип баратканда, же кайрадан жакшылап күч жыйнап келиш үчүн артка чегинет. Бул сөздүн кызмат менен эч кандай байланышы жок. Андыктан “Кызматынан чегинди” деп айтып, жазбастан кыргызча эле “Кызматынан алынды” же “Кызматынан түштү” деп айтып, жазуу керек. “Кызматынан четтетилди” деген да туура болбойт.

Кыргыз бойго жеткен кыздары тургай деги эле кыздарды эч качан “айымдар” деген эмес. Бойго жеткен кыздарын “кыздар”, “бийкечтер”, “селкилер” деп атаган. Беш көкүл кызды же күйөөгө тиелек кызды “айым” деп атаган шылдың. Мунун шылдың экенин тилекке каршы бүгүнкү кыздар да, жигиттер да, журналисттер да билишпегени өкүнүчтүү. Эгер мунун маанисин түшүнбөгөндөргө түшүндүрүш үчүн одоно салыштырууга туура келсе анда “байталды–бээ” деп, “музоону– уй” деп, “күчүктү–дөбөт” деп атагандай эле кеп.

“Айым” деген сөз кыздарды эмес, күйөөгө тийгенден кийин эки-үчтү төрөгөн, токтолуп калган аялдарга карата айтылат. Анын үстүнө кыргыздарда “айым” деп көрүнгөн эле ургаачыны атай берген эмес. Элдин урмат-сыйына татыган, колунан иш келген, керек болсо эл башкарган, журттун куту болгон аялдарды “айым” деген. “Айым” менен “мырза” деген титул. Даражага тете аталыш.

Кыргыздар бекеринен Курманжанды “датка айым” деген эмес. Ургаачылардын баары эле Каныкей, Айчүрөк же Курманжан боло алган эмес. Мына ушул “айым, мырза” деген сөздүн маанисин түшүнбөгөн журналисттер бүгүн беш жашар баладан тартып беш көкүл кыздарга чейин “мырзалар жана айымдар” дей берип элдин башын маң кылып бүттү. КТРДын “Балдардын сынагынан сынбайсыңбы?” берүүсүн карасаңыз, кепкенедей балдар-кыздарды “мырзалар жана айымдар” деп атап олтурганын көрүп жаның кейийт.

Кыргыздын бир радиосунун алып баруучу кызы “Шаарда бомж айымдар көбөйүп баратат” деп айтты. Айымдар эч качан көчө шыпырып, ичкилик ичип, таштанды аңтарып селсаяктык кылган эмес. “Айым” деген атка татыктуу аялдар “ак сөөк аялдар” болгон. Аялдарга “айым” деген кызматтагы орду үчүн эмес, элдин урмат-сыйына татыган эмгеги үчүн берилген.

Үзөнгү-Кууш менен Каркыраны саткан депутаттарды кантип “мырзалар” деп атаганга ооз барат? Булар деген элдин чыккынчылары, саткындары эмеспи. Анан жерин саткан чыккынчы “мырза” болобу? Деги эле депутаттарды, чиновниктерди “мырза” деп атоонун өзү туура эмес.

Качып кеткен президенттерди кантип “мырза” дейсиң? Ошондуктан сөздү айтуудан мурда анын маани-маңызын жеткире түшүнүп туруп айтсак деген ой. Кыргыз деген ар бир сөзүнө алтындай маани уютуп, эч жеринен кынтык кетирбей, кылдат сүйлөгөн, сөз кадырын мыкты билген эл болгон, андыктан ойлоп сүйлөп, ойлоп жазсак, анткени сөздүн кунун кетирген элден касиет качарын биле жүрсөк.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG