Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:45

"Сүтак" тасмасы "Ника" сыйлыгын алды


"Сүтак" тасмасынан бир көрүнүш
"Сүтак" тасмасынан бир көрүнүш

Мирлан Абдыкалыковдун "Сүтак" тасмасы "Ника" сыйлыгын алган кыргызстандык алгачкы тасма болуп калды. Ага “КМШ жана Балтика өлкөлөрүнүн мыкты тасмасы” наамы берилди. Кыргыз киносу үчүн бул сыйлык эмнеси менен баалуу?

“Сүтак” - Мирлан Абдыкалыковдун толук метраждуу алгачкы автордук тасмасы. Тасмада тоодо жашаган көчмөн үй-бүлөнүн окуясы тартылган. Каармандардын саны да ченелүү. Табылды аксакал, аялы Карачач, келини Шайыр жана небереси Умсунайдын жашоо-турмушу аркылуу адамдардын ортосундагы таза мамилелер, аруу сезимдер, ыйык каада-салттар көрсөтүлөт.

Режиссер Мирлан Абдыкалыков тилеги кабыл болгонуна жетине албай турат:

- Пенде болгондон кийин “ушул сыйлыкты алып калсак, буга чейин биздин республикадан эч ким ала элек экен, биздин тасма тарыхта калат эле” деген ой боло берет экен. Анан Кудай буйруп түнкү саат үчтө жыйынтыгы чыгып, азыр чынында аябай кубанып отурабыз.

Буга чейин да "Сүтак" тасмасы эл аралык ондон ашык фестивалга катышып, жеңиштерге жеткен. "Ника" ошол сыйлыктардын ичинен эң бийиги болуп турат.

“Сүтак” бул сынакта “КМШ жана Балтика мамлекеттеринин мыкты фильми” категориясы боюнча Грузиянын, Эстониянын, Украинанын жана Литванын режиссерлорунун эмгектеринин арасынан алдыга суурулуп чыкты.

“Ника” Орусиянын улуттук киносыйлыгы катары Юлий Гусман тарабынан 1988-жылы негизделип, учурда алты жүздөн ашык академиктин башын бириктирген киноакадемияга айланган. 90-жылдан бери жеңүүчү жашыруун добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча аныкталып келатат. Жеңүүчүлөр канаттуу периштенин элеси чагылдырылган статуэткага ээ болушат. Бул сыйлыкты Орусиянын “Оскар” сыйлыгы деп да атап коюшат.

Режиссер Темир Бирназаровдун пикирине караганда, Орусия улуттук сыйлыгын кыргыз киносуна ыйгаруу менен Кыргызстанда киноискусство бар экенин тааныды:

- Кино боюнча кайсы бир сыйлык берүү - ошол өлкөнүн режиссерун жана анын өлкөсүн таануу. Демек орус киночулары бул сыйлыкты берүү менен Кыргызстандын өз алдынча кино искусствосу бар экенин тааныды. Мисалы, Тажикстан, Өзбекстан, Түркменстанда кино жааты бүттү да. Аларда азыр эч нерсе жок. Ал өлкөлөрдүн режиссерлору өздөрүнүн ички кино базарына гана иштейт. Сыртка чыкпайт.

Кинематографисттер союзунун төрагасы Таалай Кулмендеев бул жеңишке тасманын өзүнөн тышкары да коомдук-саясий турмуштагы окуялар салым кошту деген ойдо:

- Бул деле болсо коомдо болуп жаткан окуялардын жыйынтыгы. Өзүңүздөр угуп жаткандай эле Орусиядагы кыргыз жарандарыбыздын жүрүш-турушуна байланыштуу окуялардын да таасири бар. Мисалы, метродо болгон окуя... Кыргызстандыктардын Санкт-Петербургда чөгүп жаткандарды сактап калышы, дүйнөлүк аренада адабиятта, маданиятта жетишкен ийгиликтер кандайдыр бир деңгээлде таасир бериши да мүмкүн.

Кулмендеев буга чейин “Ника” сыйлыгы украиналык, крымдык жана казакстандык тасмаларга берилип келгенин, бул жылы саясий жана маданий жагынан Кыргызстан туура келип калганын да жашырган жок.

Көп жылдар бою кино жаатында иштеген кыргыз эл жазуучусу Мар Байжиевдин айтымында, айрым эл аралык сыйлыктар кээ бир учурда геосаясый кызыкчылык үчүн да колдонулуп кетиши мүмкүн:

- Булар кээде саясат үчүн деле сыйлык берип коюшат. Ошол эле учурда идеологиялык жактан туура келип калса да сыйлык берилип калат.

Буга чейин кыргызстандык көркөм тасмалардан "Никага" режиссер Эрнис Абдыжапаровдун “Айыл өкмөтү”, “Боз салкын”, режиссер Темир Бирназаровдун “Белгисиз маршрут”, “Кумар”, режиссер Актан Арым Кубаттын “Свет аке” тасмалары, былтыр Садык Шер-Нияздын “Курманжан Датка” көркөм тасмасы сунушталып, сыйлыкка жетпей калышкан.

Жаш режиссер Мирлан Абдыкалыковдун алгачкы толук метраждуу тасмасы “Айтыш-фильм” тарабынан “Ой Арт” студиясы менен биргеликте тартылган. Башкы продюсери - Садык Шер-Нияз.

  • 16x9 Image

    Зайырбек Ажыматов

    "Азаттыктын" кабарчысы. Жусуп Баласагын атындагы Улуттук университетин бүтүргөн. “Жалгыздык”, “Мелмил”, “Нөлү көп жылдар” аттуу ыр жыйнактардын автору. Зайырбек Ажыматов 2020-жылы 29-апрелде 44 жашында каза тапкан. 

XS
SM
MD
LG