Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 07:00

Бакен Кыдыкеева атындагы Жаштар театры өзбек драматургу Саид Ахмаддын “Келиндер козголоңу” аттуу легендарлуу комедиясын сахналаштырды.

Өзбекстандын баатыры, эл жазуучусу Саид Ахмаддын “Келиндер козголоңу” комедиясындагы баш каарман Фарманбүбү деген байбиче жети уул, жети келинин абышкасы салган үйдө чогуу жашатып, алардын турмушу бир короодо өтөт. Келиндерине каардуу, уулдарына кекээрдүү Фарманбүбү байбиче алардын айлык маяналарын бир тыйынга чейин чогултуп алып, эсеп-чотту, соода-сатыкты кошоматчы келини Мухая менен өзү жүргүзөт. Үйдөгү майда-чүйдө иштердин баарына катуу көзөмөл кылып, уул-келиндеринин баскан турганына, кийген кийимине чейин кийлигишет.

Оюндан бир көрүнүш.

Оюндан бир көрүнүш.

Кичүү уулу Тухта жаңы үйлөнүп, анын келинчеги Нигора үй-бүлөдөгү катаал режимге каршы чыгат. Ошол кичүү келини өзүнөн улуу абысындарын үгүттөп, үй-бүлөлүк козголоң уюштуруп, кайын агаларын аялдарча кийиндирүү менен театр өнөрү аркылуу кайын энесинин кылык-жоругун мыскылдап көрсөтөт.

Пьесанын автору, жаш келин Нигора аркылуу жаңы муундун жаңы турмушка көз карашын, ар бир үй-бүлө өзүнчө түтүн булатып эркин жашоосу керектигин, кайын эненин катаал мамилеси эскинин саркындылары экендигин көрсөткүсү келген.
Совет биримдиги кезинде “Келиндер козголоңу” Орто Азия менен Казакстандын көп театрларында, анын ичинде кыргыз театрларынын сахнасында дагы эски каада-салтты мыскылдап, жаңыча жашоого үндөгөн идеологиянын негизинде коюлуп келген.

Ал эми Бакен Кыдыкеева атындагы Жаштар театрындагы спектакль болсо уул-келиндеринин энесине болгон сый-урматын, арамдыктан, алдым-жуттумдан алыс, ынытмактуу, тарбиялуу үй-бүлөнү көрсөтүү менен чечкенин театрдын директору Эгемберди Чалабаев белгиледи.

- Бул пьесанын актуалдуулугу али жоголо элек. Чыгармада адамдын диктатордук, тоталитардык бийлиги юмор, сатира менен чагылдырылса, биз бүгүнкү күнү бала менен эненин ортосундагы ысык мамилени көтөрүп чыктык. Азыркы күнү улгайган ата-энелерди карылар үйүнө өткөрүп коюу жаман өнөкөткө айланды. Биздин койгон спектаклде энени сыйлоо, энесинин тилинен чыкпай, айтканын аткарган уул-келиндердин окуясы аркылуу, карыларга урмат көрсөтөлүк деген ой-максат болду.

Башкы каарман Фарманбүбү байбиченин ролун жеткиликтүү аткарган Кыргыз Республикасынын эл артисти Назира Мамбетова дагы “Келиндер козголоңун” мурдагы спектаклдерге окшоштурбай, бүгүнкү заманга шайкеш келтирип, каардуу кайын эненин ордуна чиедей жетим калган жети баласын өзү жалгыз багып, эрезеге жеткирген кайраттуу эненин образын түзгөнүн айтты.

Назира Мамбетова кайнененин ролунда.

Назира Мамбетова кайнененин ролунда.

- Мурдагы башка театрларда коюлган спектаклдерде каардуу, ач көз кайын эненин образы түзүлүп келсе, биз тескерисинче балдары үчүн күйгөн, мээримдүү эне кылып көрсөтүүгө аракеттендик. Менин аткаруумдагы Фарманбүбү болсо балдарын жерибей, тескерисинче балдарым жамандыкка барбаса экен, ынтымактуу болушса экен деп бардык тапкан-ташыганды ортого тең койгон, баарына тең караган аял. Бул байбиче күйөөсү өлүп калып жети уулду жалгыз өстүрүп, баарын тигил жактан, бул жактан коргогон боорукер эне.

Спектаклдин соңунда уул-келини атасынын курбалдашы, өтүкчү Уста Бакиге жесир энесин алып беришип, шаңдуу музыканын коштоосунда той менен бүтөт.

“Келиндер козголоңу” спектаклин режиссер Элмира Ибрагимова сахналаштырган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG