Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:34

Театрдагы муундар кагылышы


Кыргыз драма театры
Кыргыз драма театры

“Жан дүйнө” радио түрмөгүндө бул жолу кыргыз театрындагы улуу муун өкүлдөрүнүн жан дүйнө кыйкырыгы жана жаш муун өкүлдөрүнүн муун алмашууга болгон көз карашы тууралуу сөз жүрдү. Теманын козголушуна Санкт-Петербург театралдык академиясынын студенти Уланмырза Карыпбаев даярдап жаткан унутулган театр жылдыздарынын тагдырын камтыган даректүү спектакль себеп болду.

Кыргыз Эл артисттери Турганбүбү Бообекова менен Гүлайым Каныметованын жаңы спектаклдеги сүйлөшүүсү, эки актрисанын бири-бири менен кайым айтышуусу -угарманды бул эки айымдын жеке келишпестигиби же каармандардын келишпестигиби деген ойго түртчүдөй:

- Мен өз жашоомду таза жашадым. Өмүр бою таза иштедим. Эл катары эле уул өстүрүп, эл сыяктуу эле жашадым.

- А сенин түзүгүрөк да ич кийимиң жок болчу. Ошондуктан бардыгы сенден качып мага келчү.

- Ооба, мен театрда башкы ролдорду ойнобосом да кинодо көп эпизоддорду ойнодум. Иосиф Моисеивич Раевский айтты эле го “Кичинекей роль жок, кичинекей артист бар" деп.

- Мен радиодо, теледе, котормодо, үн коштогон жерде көп иштерди жасадым. Анан театралдык окуу жайларда сабак берем.

- (Күлүп) Жадакалса сенин колуңа маникүр койгонуңду да көргөн жокмун. Сен кирди-чыкты кемпирлердин ролун гана ойночусуң. Ага өзүң күнөөлүүсүң...

- Апей, сен деле кемпирлердин ролун ойнободуң беле. “Ак кемедеги” кемпириңчи...

- Себеби мен ал ролду өзүм каалап ойногом.

Юлия Дамскердин “Кеч күүгүмдө” пьесасынын мотивинде даярдалып жаткан спектаклдин режиссеру Санкт-Петербург театралдык академиясынын 2-курсунун студенти Уланмырза Карыпбаев. Жыйырма жаштагы режиссердун айтымында, аталган спектакль театр артисттеринин турмушун чагылдырат. Ролдорду Москвадагы Орусия театралдык искуствосу университетинин бүтүрүүчүлөрү, театр жылдыздары Гүлайым Каныметова, Турганбүбү Бообекова, Дүйшөн Байдөбөтов аткарат.

- Бул спектаклдин өзгөчөлүгү андагы окуялар кээ бирде драмадагы каармандын тагдыры болсо, кээде ушул образдарды жаратып жаткан Дүйшөн байке, Гулай, Турганбүбү эжелердин тагдыры. Негизи эле жалпы дүйнө жүзүндө театр адамдарынын тагдыры бирдей эле. Биздин театрда чындыгында 60, 70 жаштан өткөндөн кийин роль бербей, ушулар эртерээк кетсе экен деп жаман көрө баштаган тенденция бар. Башка театрларда андай эмес. Ошол пикирлерге каршы, мындагы актерлор дагы да жүз жашка чыкканга чейин иштей алат деген ойду жана кыргыз театрындагы көйгөйлөрдү айтып берели дедик.

Режиссер Уланмырза Карыпбаев, эл артисттери Турганбүбү Бообекова жана Гүлайым Каниметова.
Режиссер Уланмырза Карыпбаев, эл артисттери Турганбүбү Бообекова жана Гүлайым Каниметова.

Уланмырза Карыпбаев жогоруда ошол көйгөлөрдүн эң башкысы - кыргыз театрларындагы муундар ортосундагы мамиле экенин белгиледи. Жаш режиссердун пикиринде, бүгүн кыргыз театр ишмерлери, көрүүчүлөр жана журналисттер театрдын чыныгы жылдыздарын көз жаздымга калтырып койду.

Айлыктан чыккан муундар келишпестиги

Кыргыз эл артисти Турганбүбү Бообекованын айтымында, чындыгында акыркы жылдарда кыргыз театрларындагы муундар байланышы татаалдашып кеткен. Актриса учурда улуу жана кичүү муундагы артисттердин ортосундагы пикир келишпестик негизинен айлык акынын айынан болоорун, жаш кесиптештери пенсия курагына келген өнөрпоздордун сахнага чыкканын жактырбай турганын кеп кылды:

- Бул чыңалган абал былтыртан бери бир аз жумшарып калды. Андан мурун үч, төрт жыл биздин кадимкидей ыйлаган күндөрүбүз болду. Анан, “ай, балдар, пенсия деген бул биздин өмүр бою төлөп келаткан карызыбыз, салык катары төлөп келатканбыз. Ошону эле кайра берип жатат. Ага биздин силер менен бирге алып аткан айлыгыбыздын эч кандай тиешеси жок” дедик. Айлабыз кеткенде “ой, силер баарыңар тамадасыңар, киного түшүп жүрөсүңөр. Айтор, биздин өлбөстүн үрөнүндөй болгон пенсиябыз менен алган айлыгыбыздан көп акча таап жатасыңар. Анан келип келип биздин пенсиябызга асыласыңар. Андан көрө ачык эле бизди кеткиле дебейсиңерби” дедик. Мына ошол эки жылдан бери бизге роль берилбейт.

Эмикилер “булар алып бүттү, эми биз алышыбыз керек” деп эле жулунуп жатат. Алардын пикири бюнча биз жашап бүтүпбүз да. Андай болсо бизди алып барып көмүп салгыла.
Турганбүбү Бообекова

Бообекованын сөзүн Эл артисти Гүлайым Каныметова да ырастап, режиссерлор улуу муун өкүлдөрүнө роль бербей жаткандыктан спектаклдердин сапаты да ойдогудай болбой калаарын кошумчалады:

- Анан роль бөлүштүргөн учурда биздин жаш актрисаларды эртелетип “картайтканы” мени кейитет. Биздин кемпир-кесекти ойной турган учурубуз келип калды. Анан ошондой образдарды бизге аткартпай жоро-жолдош, жерге-жээктерге жан тартышып, кечээки келген жаш актрисалардын бетин чиймелеп, грим менен “картайтып” туруп чыгарып жатышат. Бирок ал нерсе сахнада көрүнүп калат да.

Кыргыз драма театрынын артисттери
Кыргыз драма театрынын артисттери

Беш жылдан бери сахнага чыгып, роль жаратып келаткан жаш актер Анвар Осмонов өзүнүн куракташ кесиптештери улуу муун өкүлдөрүн устат тутаарын айтып, алардын жаштарга койгон күнөөсү боюнча макул эместигин билдирди:

- Чекеге бырыш түшсө да жүрөк дайым он сегизде дейт эмеспи. Бул эми алардын эңсөөсү, кыялы болсо керек. Же балким убагында ойной албай калган ролдорун эстешип, ызаланышат чыгаар. Бири балким Ремеону, бири Гамлетти ойногусу келгендир. Анан ага жетпей, ошол роль кийинки жаштарга тийип калгандан улам келип чыккан сөздүр. Анан калса чыгармачыл адамдарда балалык сезимдер күчтүү эмеспи. Бул деле улуу муун өкүлдөрүнүн балалык бир таарынычыдыр.

Анвар Осмонов кыргыз театрында муундар ортосунда эч кандай келишпестик жок деген пикирде.

Таарынычпы же ичитарлыкпы?

Эл артисти Чоро Думанаев кыргыз театрындагы муун алмашуулардын бир нечесине күбө болгон экен. Актер Кыргыз академиялык драма театрында мындай жаңылануу эзелтен өз жолу, өз ыгы менен эч кандай талаш-тартышсыз жүрүп келгенин кеп кылып отурду :

Чоро Думанаев
Чоро Думанаев

- Рыскулов, Түмөнбаев, Көбөгөнов, Жаманов, Кыдыкеева жана башка көптөгөн артисттер өздөрүнчө муун болгон экен. Мен бу эски театрдын короосунда чоңоюп калдым. Асанкул Осмонов агам болот да. Ошондо улуу муун аксакал болуп, театрга жаштар келди. Ошондо Жумадылов, Күйүкова, Далбаевдердин муундаштары келди. Алардын бир тобу Ташкентти, бир тобу Москваны бүтүп келген экен. Таттыбүбү Турсунбаеванын мууну келди. Ошондо “театр жашарды” деген сөз болуп жаткан экен. Эми мына мен курактуулардын көбү өтүп кетип, азыр Бекболиевдерге кошулуп аксакал болуп турган учурубуз. Бизден кийинкилер Козукеевдин мууну.

Актер анткен менен учурда жашы өтүп калган артисттерге роль берилбей калды деген сөздөргө кошулбайт:

- Эми ал деген репертуарга жараша да. Болбосо сексендеги чалды он сегиз жаштагы балдар сакал кийип алып ойномок беле. Андай нерсе бат эле билинип калат да. Драмада улгайган кишилер болсо аны жаштар ойномок беле. Кудайга шүгүр, азыр улгайган кишилер бош эмес, баары тең иш менен алек.

Думанев мындай нааразычылыктар учурда театрларда мурдагыдай көптөгөн спектаклдер коюлбай калганынан улам келип чыгып жатат деген ойдо.

Бирок Бообекова Чоро Думаневдин сөзүнө жооп катары жакында болгон роль бөлүштүрүүнү мисал келтирди:

- Өткөндө мага Марат “бул спектаклде сиздин ролуңуз жок экен” деди. Андан кийинки спектаклде да ролум жок экенин айтты. Анан сыртка чыгып отуруп спектаклди карасам мен деле ойной турган ролдор бар экен.

Жетимишке чыга элек эжелерибиз бир аз ооруп калса, спектаклдеги ролдорун талап кетип атпайбызбы.
Уланмырза Карыпбаев

Кыргыз академиялык драма театрынын режиссеру Марат Козукеев өз кезегинде аталган театрда улуу муун өкүлдөрүн жектөө жок экенин билдирип, бирок чыгармачылыкта муундардын алмашып туруусу зарыл экенин кошумчалады: ​

- Менин жеке оюм боюнча бизде устат-шакирт деген салт мурдагыдай эле сакталып келет. Бул сөзсүз сакталышы керек. Анткени мен театрга жаңы келгенде бул жерде залкар таланттар иштечү. Мисалы Замир Сооронбаев, Ашыр Чокубаевден таасир алып, алар мага көңүл буруп келишкен. Бирок эми табияттын мыйзамы ушундай да, бир муун кетип, экинчиси келиши шарт.

Кабыргасынан коюлган көйгөй

Ошентсе да Бообекова театрдагы кийинки муун өкүлдөрүнүн улуу муун өкүлдөрүнө койгон негизги кинесин да ортого салды:

- Бизди алчусун алды, эми аларга дагы эмне керек экен деп айтышат. Ээ, айланайын, театр искусствосуна бир нерсени алыш үчүн эле келбейсиң да. Кудай берген өнөрдү жашап өтүшүң үчүн келесиң да. Анан албетте, ошого жараша сый-урмат алып калат экенсиң. Эмикилер “булар алып бүттү, эми биз алышыбыз керек” деп эле жулунуп жатат. Алардын пикири бюнча биз жашап бүтүпбүз да. Андай болсо бизди алып барып көмүп салгыла.

- Менин жеке оюм боюнча бизде устат-шакирт деген салт мурдагыдай эле сакталып келет. Бул сөзсүз сакталышы керек.
Марат Козукеев

Ал эми Думаневдин пикиринде, мынай көйгөйлөрдүн баары келип келип эле театр искусствосунун өнүкпөй жатканында:

- Тилекке каршы он жылдан ашык убактыбыз актай барак менен өтүп кетти. Мисалы, мен жаш кейипкерлерди ойной турган курагымда убактымды жөн гана өткөрүп алдым. Кино тартылбай, спектакль коюлбай жөн эле көчөдө калып калдык да. Андыктан менин муунумдагылардын жаштыгы талаага кетип, орто муундан азыраак, эми минтип абышкаларды ойноп калдык.

Кыргыз драма театры
Кыргыз драма театры

Анткен менен студент-режиссер Уланмырза Карыпбаев учурда кыргыз театрында муундар ортосунда олуттуу көйгөй бар экенин, өздөрү даярдап жаткан спектаклдин негизги өңүтү унутта калган театр жылдыздарына багытталганын, бул маселе көрүүчүлөргө да кабыргасынан коюларын билдирди:

- Биз даярдап жаткан бул пьесабызга чыгармачылыкта улут, тил, жаш курак болбой турганын коштук. Алыс кетпей эле мисалдарды тартсак: Казакстандагы Мухтар Ауезов драма театры. Бул театрда жылына эки ролдон төрт ролго чейин ойноп турган сексен жаштан өткөн актерлор бар. Мисалы, Нукетай Мышбаева, Серик агай. Ал эми Хабиба апай быйыл жүзгө чыкты. Театрда аны көкөлөтүп турушат. Ал эми биз таланттарыбызды типтирүү кезинде унутуп салып атабыз. Жетимишке чыга элек эжелерибиз бир аз ооруп калса, спектаклдеги ролдорун талап кетип атпайбызбы.

Санкт-Петербург театралдык академиясынын студенти Уланмырза Карыпбаев даярдап жаткан спектакль Маданият жана маалымат министрлиги, Кыргыз-орус кызматташтыгы уюму жана Кыргыз академиялык драма театры менен биргеликте ишке ашып жатат. Спектаклдин бет ачаары кийинки жылы өтөт.

  • 16x9 Image

    Зайырбек Ажыматов

    "Азаттыктын" кабарчысы. Жусуп Баласагын атындагы Улуттук университетин бүтүргөн. “Жалгыздык”, “Мелмил”, “Нөлү көп жылдар” аттуу ыр жыйнактардын автору. Зайырбек Ажыматов 2020-жылы 29-апрелде 44 жашында каза тапкан. 

XS
SM
MD
LG