Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:16

Жер төлөдөгү саясий спектакль


Аталган спектаклдин сценарийин учурда Москвадагы Искусство институтунда режиссерлук кесип боюнча билим алып жаткан бишкектик Антон Слонь жазган.

Аталган спектаклдин сценарийин учурда Москвадагы Искусство институтунда режиссерлук кесип боюнча билим алып жаткан бишкектик Антон Слонь жазган.

Бишкектеги “705” чыгармачыл тобу шаардагы көп кабаттуу үйлөрдүн биринин жер төлөсүндө жайгашкан “Д” чакан театрында өз күйөрмандарына “Талкаланган көз айнек” аттуу чакан спектаклин тартуулады.

Пьесада саясий оош-кыйыштарда трагедияга учураган интеллигенциянын тагдыры чагылдырылган.

Сахнада болгону үч каарман. Илимден башка турмушту түшүнгүсү келбеген профессор. Бирок ал Эйнштейндин адашуусун аныктаган ачылышы үчүн Нобель сыйлыгын күтүп келет.

Ортончу уулу ата жолун жолдоп, бирок сырттагы алаамат жашодо өз ордун таппай, жумушсуз отурат. Кичүү уулу Чоң Боорсоктун акыл-эси толук эмес, бирок эч кимге зыяны жок момун. Ал кээде тынчтык боло калганда кимдир бирөөлөргө кандайдыр бир теория ойлоп тапканын айтып калат.

Ал эми тун уулу Орусияга кара жумушка иштөөгө кеткен. Ал кез-кез телефон чалып турат. Унутулган аралда калгандай болгон бул үч каарман дайыма бири-бири менен урушуп, чарчаганда сүкүт тартып отуруп калышат.

Максим Бакиевдин адашкан телефон чалуусу

Талаш күчөп кеткенде физиктин уулу өзүнүн турмуштан жолу болбой калганын атасынан көрүп, андан ачуусун чыгарат. Алардын жашоосуна телефондон, радиодон маал-маалы менен төңкөрүшчүлөр, "каралар" дүйнөсү, мигранттар аралашып турат. Кокусунан Максим Бакиев профессорго адашып чалып алып, кандайдыр бир коркунучтуу буйруктарын айтып кирет.

Максим Бакиев

Максим Бакиев

Мында мурдагы президент Курманбек Бакиевдин уулу Максимдин 2010-жылдан кийин Жаныш Бакиев менен интернет булактарына чыккан телефондогу сүйлөшүүсү колдонулган.

Спектаклдин режиссеру Марат Раимкуловдун айтымында, жогорудагыдай каймана көрүнүштөрдүн баары шамал сыйкыры өзүнүн күчтүүлүгүн эч кимге кереги жок калган аралга да тийгизип жатканын туюндурат:

- Мында алдым-жуттум заманында окумал, маданияттуу инсандар кабылган абал сүрөттөлөт. Алардын 2010-жылдагыдай саясий катаклизм учурундагы тагдыры чагылдырылат. Аны өзүңүз көргөндөй үч театр сүйүүчүсү ойноду. Биздин кесибибиз ар түрдүү. Мисалы, Чоң Боорсок - ашпозчу. Ортончу уул - сүрөтчү. “705” тобуна чыгармачылыкка кызыккан жаштар бириккен.

Аталган спектаклдин сценарийин учурда Москвадагы искусство институтунда режиссерлук кесип боюнча билим алып жаткан бишкектик Антон Слонь жазган экен.

Окумуштуу зар болгон көз айнек

“705” чыгармачыл тобунун мүчөсү Айдай Марат кызынын айтымында, спектаклдеги окуялар маркум физик-окумуштуу Самат Кадыровдун турмушунан алынган.

- Окуянын кейипкери - физик-окумуштуу Самат Кадыров. Албетте бул чыныгы Самат Кадыров эмес. Бул образ, символ. Ошол эле учурда биз, жаштар Самат Кадыров тууралуу жакшы сөз айтып коюуну эп көрдүк. Байкасаң, окумуштуу тууралуу эч ким эстебей калды. Чынында ал өз тармагында кыргыз эли сыймыктана турган иш жасап, илимге чоң салым кошуп кетти. Бирок азыр ошол эмгеги өз баасын ала элек.

Жаш чыгармачыл топту Эйнштейндин "Салыштырмалуулук теориясын" жокко чыгарган Кадыровдун “Бирдиктүү талаа теориясы” физика илиминде көңүл бурулбай келатканы өкүндүрөт.

“Магазин” аттуу жашыруун ат менен сахнага чыгып, профессордун уулунун образын жараткан жигит өзү бул спектаклге кантип катышып калганын мындайча кеп салды:

- Спектакль мындан төрт жыл мурун, 2010-жылдагы апрель окуясынан кийин жазылган экен. Менин ролумду жарата турган киши табылбай жаткан экен. Режиссер мени жарайсың деди. Анан өзүм да театрга кызыгып кеттим. Менин кесибим сүрөтчү.

“Магазиндин” айтымында, аталган чыгарманын “Талкаланган көз айнек” деп аталышы да бекеринен эмес. Маркум физик Самат Кадыровдун жашоосу өтө начар болгон. Окумуштуу өмүрүнүн акыркы жылдарында көз айнегин сындырып алып, жаңысын алууга акча тапкан эмес.

Жер төлөдөгү спектакль

  • 16x9 Image

    Зайырбек Ажыматов

    "Азаттыктын" кабарчысы. Жусуп Баласагын атындагы Улуттук университетин бүтүргөн. “Жалгыздык”, “Мелмил”, “Нөлү көп жылдар” аттуу ыр жыйнактардын автору.   

XS
SM
MD
LG