Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 21:23

Нобель сыйлыгынын лауреаты, драматург жана философ Морис Метерлинктин “Көк куш” пьесасы кыргыз тилинде биринчи жолу театрда коюлду.

Жаш режиссер Назым Мендебаиров сахналаштырган бул спектакль келерки аптада коомчулукка тартууланат.

Бельгиялык атактуу драматург жана философ Нобель сыйлыгынын лауреаты, драматург Морис Метерлинктин “Көк куш” аттуу чыгармасы бекеринен чоңдор үчүн жазылган жомок катары бааланбаса керек. Анткени пьесадагы философиялык ой-толгоолор, жакшылык менен жамандыктын, ак көңүлдүк менен кара өзгөйлүктүн, боорукердик менен ташбоордуктун ортосундагы карама-каршылык ар бир адамды ойлондурбай койбойт.

Спектакль жаңы жылдын алдында отунчунун балдары Тильтиль менен Митильди апасы уктатып коюп, өзүнүн бөлмөсүнө кеткендеги көрүнүш менен башталат.

Бир кезде балдар ойгонуп алып, коңшу үйдөгү байлардын жаңы жылды тосуп аткандарын терезеден карап алышып, кызыгып турганда эшик такылдайт. Акырын каалганы ачса, мурду шиштийген, далысы бүкүр, ийри таяк таянган карыган Берилюна Фея келип, кошуна кемпирдин небереси катуу сыркоолоп калганын, аны айыктыруу үчүн Көк кушту табуу зарылдыгын айтып, балдарды кушту издегенге азгырат. Аларга алмаздан жасалган баш кийимди кийгизгенде сааттын, нандын, оттун, суунун, жарык менен түндүн жаны адам түспөлүндө көрүнүп, атүгүл мышык менен дөбөт да адам кейпинде балдарды коштоп, Көк кушту издеп, алыскы сапарга чыгышат.

Кыскасы, Көк кушту табуу үчүн балдар түнү бою жолдо далай тоскоолдуктарга туш келишет. Эртең менен саат 8 болгондо балдар үйлөрүнө кайтып келип, өз ордуларында уктап жатышкандай абалда болушат. Алар ойгонгондо ата-энесине түндөгү окуяны айтып беришсе, ишенбей коюшат. Кошунанын ооруп аткан кызына үйүндөгү бактекти белеке беришсе, кыз оорусунан сакайып кетет. Балдар элге кайрылып, кимде ким Көк кушту таап алса алып келүүсүн өтүнүп, ал куш адамдарга бактылуу келечекти камсыз кыларын жарыялашат.

25-мартта бул спектаклди Маданият, маалымат жана туризм министрлигине караштуу Көркөм кеңештин эксперттик комиссиясы кабыл алып, символикалык жактарына жакшылап көңүл бөлүп, спектаклдин темпо-ритмин, актерлордун дикцияларын жакшылап иштеп чыгууну сунуштады. Жалпысынан спектакль жакшы даярдалганын белгилешти.

Театрдын режиссеру Замира Акылаева “Көк куш” спектаклин жаш режиссер Назым Мендебаиров ийгиликтүү сахналаштырганын белгилеп, ал оюнду жаш актерлор менен жогорку деңгээлде даярдаганын айтты:

- “Көк куш” спектаклин театрдын жаш режиссеру Назым Мендебаиров жаштар менен сахнага алып чыкты. Бул спектаклдин балдар үчүн тарбиялык мааниси абдан зор. Менин оюмча жеке эле балдар эмес, чоңдорго да кызыктуу болот.

Ал эми театрдын актеру, көркөм кеңештин мүчөсү Бусурман Одуракаев көптөн бери Кыргыз драма театрында балдар үчүн классикалык мындай чыгарма коюлбай калганын белгилеп, былтыртан бери театрдын репертуарында дагы өзгөрүүлөр болуп жатканын, Метерлинктин “Көк куш” чыгармасы балдар эле эмес, чоңдорду да ойлонто турган абдан кызыктуу спектакль экенин кошумчалады.

- Эгемендик алгандан бери Кыргыз улуттук драма театрынын сахнасында балдар үчүн классикалык чыгармалар коюла элек болчу. Менин билишимче илгери Шварцтын “Кар ханышасы” коюлуп, көп жылдар сахнадан түшкөн эмес. Чындыгында жаш муундарды тарбиялоого театр абдан жардам берет. Бул спектаклде да балдардын адам болуп калыптануусу, жаратылышка, жан-жаныбарларга, бири-бирине болгон сүйүүсү чагылдырылган.

Спектакль бий аркылуу абдан жандуу кыймыл-аракеттер, көңүлдүү музыкалар менен коштолуп, ар бир каармандын кулк-мүнөзү бири-бирине окшобогон гримдер менен чечилип, атайын ошол доорду камтыган кийим-кечелер тигилген.

Театрдын мүдүрү Темирлан Сманбеков менен башкы режиссер Шамил Дыйканбаев театрга жетекчиликке жаңыдан дайындалгандан баштап репертуарга өзгөчө көңүл бурулуп, спектаклге каражатты өздөрүнүн бюджетинен бөлүп берип, чыгармачылык сапаты жогорку деңгээлдеги спектакль чыгарууга далалат кылып атышканын билдиришти.

Метерлинктин “Көк куш” ("Синяя птица") пьесасын театр өнөрүнүн реформатору, даңазалуу Константин Сергеевич Станиславский 1908-жылы Москва көркөм театрынын сахнасында койгон. Театрдын жамааты 1986-жылы экиге бөлүнүп кетсе да, спектакль бүгүнкү күнгө чейин Москва академиялык көркөм театрынын репертуарынан түшпөй келүүдө. 107 жылдан берки мезгилде каармандарды ойногон актерлордун ондон ашуун мууну алмашканына карабай “Көк куш” спектаклинин учурдагы көркөмдүк деңгээли жогору бойдон сакталып, көрүүчүлөрдүн сүйүктүү спектакли бойдон калганы айныксыз чындык.

Ал эми Кыргыз улуттук драма театрында кыргыз тилинде биринчи ирет коюлган “Көк куш” спектаклинин бет ачарын 3-апрелде өткөрүү пландаштырылган.

Бельгияда төрөлүп, Францияда жашаган Морис Метерлинк философиялык эсселери үчүн 1911-жылы Нобель сыйлыгынын лауреаты болгон. Ал отузга чукул пьеса, ондогон ырларды жазган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG