Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:37

“Жаштар платформасы” идеяларды колдогон резолюция кабыл алды


Бүгүн Жогорку Кеңеште жаштарга парламент трибунасынан сөз берип, өкмөткө реалдуу сунуштарын айтуусуна шарт түзгөн “Жаштар платформасынын” жыйыны өттү. Анда Жогорку Кеңеш төрагасы Чыныбай Турсунбеков баштаган депутаттар улан-кыздар менен бирге жаңы идеяларды талкуулашты.

Бүгүнкү жыйында жаштар билим берүү, туризм, миграция, ишкердик, жаштардын бирдиктүү транспорттук картасын түзүү сыяктуу идеяларын өкмөткө, шаар бийлигине сунушташты. Соңунда идеяларды ишке ашырууга багытталган резолюция кабыл алынды.

Жаштар үчүн платформанын демилгечиси - Жогорку Кеңеш депутаты Жанар Акаев. Платформага борбордогу жана аймактардагы жигердүү жаштар катыша алары кабарланган. (SE)

XS
SM
MD
LG