Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:07

ТИМ: Түрк мектептери боюнча чечимди Кыргызстан өзү кабыл алат


Түркиянын тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглунун Кыргызстандагы айрым билим берүү мекемелерине байланыштуу айткан билдирүүсү боюнча Тышкы иштер министрлиги өз жообун таратты. Жалпыга маалымдоо каражаттарына таратылган билдирүүдө Кыргызстан Түркиянын расмий жетекчилеринин тынчсыздануусуна түшүнүү менен мамиле кылары айтылат.

“Түркия - Кыргызстан үчүн тарыхый тыгыз байланышы бар, бир тууган өлкө. Бирок Кыргызстан көз карандысыз, эгемен өлкө катары эмне жакшы, эмне жаман экенин өзү чечүүгө кудурети жетет. Кайсы бир чет мамлекеттин тышкы иштер министри башка бир өлкөгө кандайдыр бир чара көрүү зарылчылыгын ультиматум тилинде көрсөтүүсү туура эмес” деп айтылат Тышкы иштер министрлигинин билдирүүсүндө.

Ошондой эле Тышкы иштер министрлиги Түркия тараптан Кыргызстандагы менчик түрк мектептери тууралуу кайрылуусун алганын, бирок кыргыз тарап аны кунт коюп иликтеп, зарылчылык болсо, тиешелүү чараларды көрөрүн маалымдаган.

“Тараптардын милдети жана башка маселелер боюнча белгилүү бир укуктук нормалар бар. Бирок мунун баарын мамлекеттин ички иши деп эсептейт" деген Тышкы иштер министрлиги. (ZKo)

XS
SM
MD
LG