Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:14

Алым Токтомушевдин "Балдарга базарлыгы"


Алым Токтомушевдин "Балдарга базарлыгы"
please wait

No media source currently available

0:00 0:05:14 0:00

Алым Токтомушев.

Бишкекте маркум Алым Токтомушевдин "Балдарга базарлык" китебинин бет ачары өттү.

Автордун өспүрүмдөргө арналган бул чыгармалар жыйнагын "Роза Отунбаеванын демилгелери" эл аралык фонду басмадан чыгарган. Кыргыз тилинде жарык көргөн жаңы китеп жалпы эле окурмандардын дүйнө таанымын байытууга салым кошору айтылууда.

Китепте жер каймактагандан бери жалпы адамзат тагдырына туш болгон урунттуу окуялар, даңктуу маданий, рухий баалуулуктардын кантип жаралганы Алым Токтомушевдин стилине таандык жеткиликтүү тил менен баяндалып берилген.

Китепке көз жүгүртүп жаткан тарыхчы Муратбек Иманкулов бизге жаңы эмгектин башка тарыхый китептерден айырмасын айтып берди:

- Мисалы, биздин тарых китептеринде маалыматтар негизинен кыска берилет. Тарыхка кызыккан балдар үчүн окуу китебинин маалыматы жетишсиздик кылат. Бул жерде окуучуларга кеңири маалыматтар камтылыптыр. Ошол эле учурда окуучулардын бул маалыматтарды эне тилинде окуганы анын экинчи артыкчылыгы деп ойлойм.

Иманкулов китептин жасалгасы, андагы коюлган темалар да балдар үчүн кызыгууну жаратарын кошумчалады.

Педагог Асылбек Жооданбековдун пикиринде, бул китеп жеке эле балдар үчүн эмес, дүйнө таанымын кеңейтүүнү каалаган ар бир эле окурманга арналган:

- Китеп өзгөчө кыргыз тилдүү окурмандардын дүйнө таанымын өстүргөнгө эң сонун окуу курал болуп саналат. Дүйнөлүк тарыхый окуяларды өзүбүздүн эне тилибизде терең талдап, жеткиликтүү түшүнүп окуу үчүн керек. Бул китепти окуган жогорку класстын окуучуларынын да, аларга сабак өткөн мугалимдердин да дүйнө таанымы кеңейет деген пикирдемин.

Менде жок келчү мейман, кетчү мейман...

Менде жок келчү мейман, кетчү мейман...

Маркум акын, публицист Алым Токтомушевдин “Ачылбаган дүйнө” аттуу адабий мурасын чыгармачыл интеллигенция өкүлдөрү жылуу кабыл алды. Адабиятчылар аталган жыйнак кыргыз адабиятынын жаңы табериги экендигин айтышууда.

Жооданбеков Алым Токтомушевдин “Балдарга базарлык китеби” жеткинчектерден баштап жалпы окурмандарга чейин түшүнүктүү тил менен жазылгандыгы жана кеңири алкакты камтыганы менен өзгөчөлөнөт деген баасын берди.

Китеп Алым Токтомушевдин көзү тирүүсүндө “Ала-Тоо” журналына балдар үчүн жарыялап келген макалаларынан жана жарык көрө элек кол жазмаларынан түзүлгөн экен. Жыйнактын түзүүчүсү Олжобай Шакир автор бул эмгекти балдар үчүн жазылган энциклопедия катары баштап, бирок соңуна чыкпай калганын айтты:

- Албетте, аягына чыкпай калган китеп. Бирок башында идеясы дүйнөлүк баалуулуктарды кыргыз окурмандарына жеткирүү болгон. Мисалы, Пирамида кантип курулган, китеп эң биринчи жолу кантип, эмнеден улам пайда болгон деген темалар бар. Ошол эле учурда фольклордук адабият боюнча "Манас" эпосу, мамлекет болуп түптөлүү салты Европада кантип калыптанган, Азияда кытай чеби качан, кантип курулган, Кыргызстанда демократия баалуулуктары кантип өрүш алды деген темалар да камтылган. Бул балдар үчүн гана эмес, чоңдор үчүн да кызыктуу.

Китептин Роза Отунбаева фонду уюштурган бет ачар кечесине катышкан коомдук жана маданий ишмерлер Алым Токтомушевдин акындык, адабиятчылык, котормочулук, публицисттик жана жазуучулук шык-жөндөмүнө да баа беришти, эскеришти.

Эскерүү кечесин Кыргыз Эл акыны Шайлообек Дүйшеев алып барып, маркумду калемдештери, замандаштары жана шакирттери, жакындары сөз сүйлөп, жаштар акындын ырларын окуп берди:

-Өз жайыма койгула мени,

бейиштин, жайлоонун да жок кереги.

Бу түрмө жетет мага, ошенткиле

кай үмүт орден, кызмат, атак-даңктан,

акчадан, зер-алтындан, жыйындан, салтанаттан

оолак жашап көрөйүн бир оокумга,

бир оокумга, жок дегенде секунддарга, мүнөттөргө.

А эгер берген болсоң алам анда

орденди жезден сокпой

соксоңор тыным билбес жүрөктөрдөн.

Алаар элем атакты берген болсоң,

сан-түмөн клеткалуу мээлериңден...

Апендиликпи?! Жок жомокпу?! Күлбөгүлө!

Өз жайыма койгула мени, ошенткиле!

Алым Токтомушев 1947-жылы Жумгал районундагы Кайырма айылында туулган. Узак жылдар бою басма сөз жаатында эмгектенип, “Нуска”, “Асаба”, “Агым”, “Апта”, “Алас” гезиттеринде, “Жетимен” журналында эмгектенген. Анын “Жолдогулар”, “Эски дептер” аттуу ыр жыйнактары, “Салижан Жигитовдун сабактары” жана "Ачылбаган дүйнө" аттуу китептери жарык көргөн. Ошондой эле ал Пушкин, Саади, Лермонтов, Пастернак, Рильке, Тардьенин чыгармаларын кыргызчалаган.

Алым Токтомушевдин көзү өткөнүнө быйыл эки жыл болду.

  • 16x9 Image

    Зайырбек Ажыматов

    "Азаттыктын" кабарчысы. Жусуп Баласагын атындагы Улуттук университетин бүтүргөн. “Жалгыздык”, “Мелмил”, “Нөлү көп жылдар” аттуу ыр жыйнактардын автору. Зайырбек Ажыматов 2020-жылы 29-апрелде 44 жашында каза тапкан. 

XS
SM
MD
LG