Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:46

"Кыргыз кереметинин" баштоочусу

Бул макала -“Саясый эрдиктин очерктери” түрмөгүнүн алгачкысы, болочок китептен үзүндү. Коомдогу нарк-насилди, улутту улут кылган асыл дөөлөттөрдү калыптандырган, муундан муунга өткөргөн, биздин аң-сезимибизде ал баалуулулуктарды бекемдеген инсандар, алардын иштери, жүрум-турум үлгүлөрү болот. Андай инсандардын кылган эмгеги, жасаган эрдиги ар кандай мазмунда жана формада ишке ашары түшүнүктүү. Ал эми кай бир инсандардын жасаган иши саясый эрдикке тете.

Сунуш кылынып жаткан макаланын каарманы - белгилүү кинорежиссер, “Кыргыз кино керемети” деп аталган даңазалуу доордун көч башы Төлөмүш Океев. Саясый эрдик кыргыз улуттук кинематографиясынын накта өкүлү үчүн адеп караганда анча коошпогондой көрүнөт. Бирок кандай шартта, кайсы идеалдар үчүн, кантип ишке ашкан жана кандай эмгек экенин, баа-өлчөмүн тарыхый кырдаалдын контекстинен талдасак, саясый эрдик менен сүрөткердин ортосунда байланыш ачык көрүнө баштайт. Туура, ар кайсы доордо үстөмдүк кылган бийликке моюн толгогон же каршы чыккан жазуучулар, маданият ишмерлери болгон. Бирок маселе өз доорундагы бийликке каршы диссиденттикте да эмес. Ал башка нерсе.

Атактуу кинорежиссер Төлөмүш Океевдин улуу жана орто муунга жакшы белгилүү “Бакайдын жайыты” (“Небо нашего детства”) жана “Отко таазим” (“Поклонись огню”) көркөм фильмдеринде камтылган идеялар, ой толгоолор, сюжеттер, көркөм образдар жана эпизоддор дал ошол саясый эрдиктин чыныгы үлгүлөрүнүн бири болуп эсептелет. Эмесе кеп ирети менен болсун.

"Бакайдын жайытындагы" баатырдык

Т. Океев тарткан “Бакайдын жайыты” көркөм фильми 1966-жылы экранга чыккан. Кийин эл аралык абройлуу сыйлыктарга татыган бул фильмдин сценарийин Кадыркул Өмуркулов экөө жазган. Алгач фильмди СССРдин мамлекеттик кинематография комитети жактырбай коет. Балким ашкере сак цензура бир нерседен шекшидиби же кичинекей республика деп эсептелинген Кыргызстандын белгисиз бир режиссерунун жайлоо, жылкылар, көчмөндөрдүн алигиче тирүү колориттүү абышкасы тууралуу фильми өздөрүн дөө-шаа эсептеген үлкөн кинематографисттерге жакпадыбы, а балким СССР кинематографисттер Союзу колдогон, бирок Кыргыз ССРинде сынга алынган фильмдери үчүн кай бирөөлөр кек сактап калганбы, айтор “Бакайдын жайыты” четке кагылат, эч ким колдобой коет. Фильмдин адегенде союздук кинокомитетинде четке кагылышынын чын сыры белгисиз. Бирок кайра кантип колдоого ээ болгону тууралуу эскерме бар. Сценарийдин авторлошу Кадыркул Өмүркуловдун эскерүүсүнө ылайык, Т. Океев экөө айласы кетип, анан ошол учурда Москвада жүргөн Чыңгыз Айтматовго Мамкиного жакпай калган кино тууралуу кайрылышат (“Санжыра” радиосунун казынасынан). Ал кезде атагы чыга баштаган Чыңгыз Айтматовдун кийлигишүүсү менен СССРдин кинематографисттер союзу фильмди кабыл алат, бир аз оңдоолор менен экранга чыгарууга уруксат берет. Фильмге кандай өзгөртүүлөр киргени азыр кызык эмес. Кызыгы фильмдин сценарийлерин авторлору, койгон режиссеру айтайын деген оюн айтып, жеткирейин деген идеясын сактап, миллиондогон көрүүчүлөргө жеткире алганында. Эң сонун тартылган эпизоддор, кайталангыс образдар, диалогдор жана керемет сценалар аркылуу көкүрөгүндө баккан купуя сырын, өзү жана эли үчүн кымбат нерселерди эли-журтуна тартуулай алганы кызык. Элинин тарыхындагы карама-каршылыктарды, башынан кечирген катаклизмдерди, эли баалаган дөөлөттөрдү бөлөк элдерге көркөм каражаттар аркылуу баяндаганы кызык. Болочок фильмдин ийгилиги үчүн, анын артынан балким келе турган атак-даңктын урматына автор өз идеалдарын курмандыкка чалган эмес. Эгер чалса, фильм башкача чыкмактыр, эрдиги жок, эл катары көп кинонун бири болмоктур, балким.

"Бакайдын жайытын" тартуу учурунда

"Бакайдын жайытын" тартуу учурунда

Абай салалычы. Фильм негизинен союздук масштабдагы ири курулуш учурундагы элеттеги окуяларга, социалисттик индустриялаштыруу темасына байланыштуу. Фильмде жайлоого бараткан жылкычылардын көчү жол куруучулардын капыс жардыруусуна туш болот. Азыркы тил менен айтканда, ири курулуш үчүн өндүрүштүк, технологиялык жол даярдап жаткандарга аска-зоону, сууну, жайлоону жардыруу кадыресе иш. А бирок фильмде бул эпизод катардагы окуя эмес, драматизмге толгон, көрүүчүнү улутту улут кылган дөөлөттөр тууралуу түйшүктүү ойго жетелеген сцена. Көчмөндөрдүн ата-бабасынан бери өмүр кечирген, жанын берип сактап келген, ыйык туткан жайлоосун эч нерсе болбогонсуп куруучулар жардырып жатышат. Жети атасы жайлаган, өзү гана эмес, өзүнө чейинки далай муундун киндик каны тамган, кишиликке жанган ушул жайлоо - Бакайдын жайыты жардырылып, көнгөн жайлоосуна бараткан көчтүн, үйүр жылкылардын айласы алты куруйт. Байыркы кыргыздын тукуму, азыркы жылкычы, кары колхозчу Бакай, Камбар-Атанын тукуму, азыр колхоздун аралаш үйүр жылкысы – баары алааматка туш болгонсуп, тополоңу тоз болот. Капыс келген алааматтан үрккөн малга ээ боло албай, ичинен миң толгонуп, башынан миң санааны кечирип алдастаган Бакай аксакалдын эң сонун образы аркылуу далай нерсе айтылат фильмде. Ээ-жаа бербеген индустриялаштыруунун айынан жардырылып жаткан жайлоо, жайлоо менен кошо жан-дүйнөсү бүлүккө түшкөн байыркы кыргыздын азыркы тукуму. Фильмде Бакайдын ролун Муратбек Рыскулов аткарган, бул жагдай да эпизоддун курчтугун, көркөмдүгүн ого бетер арттырып, автордун эпизод аркылуу берген оюнунун чулулугун, бүтүндүгүн, тереңдигин шарттап отурат. Бул эпизод жөн гана сюжеттик түрдүүлүк жана курчтук үчүн тартылган көркөм ыкма эмес, терең идеялык мааниси бар, керек болсо чыгарманын лейтмотивин түзөрү кийинки эпизоддордо улам бекемделип отурат. Бакайдын байбичеси да кымыз ичкени токтогон жолчуларга бул Бакайдын жайыты деп сыймыктанып айтып отуруп, “Ыя, айланайындар, жолду башка жерден деле салбайсыңарбы, силерге баары бир эмеспи” деп кайрылат. XX кылымдын белгилүү философу Ганс Георг Гадамердин герменевтикалык ыкмасына таянсак, фильмдеги байбиченин ушул бир ооз сөзүндө не деген гана ой жатат. Жайыт – байыркы кыргыздын урпагы Бакай үчүн тарых, тагдыр, балалыгы, сүйүү тапкан жери, жашоо, ой-санаа, кыскасы эң кымбат нерсе. Ага баары бир эмес. Ал эми ушул жолду салганы келген жолчулардын жана жолду салдырып жаткандардын жөнү башка...

"Бакайдын жайыты" фильми

"Бакайдын жайыты" фильми

Байыркы кыргыздарга ыйык, кымбат мурас, ал эми азыркыларга тек гана мал жая турган, ким көрүнгөн жардырып салып жол сала бере турган жайыт маселеси фильмде да бир ирет козголот. Жайлоо бүлгүнгө учурап, аны менен кошо салт-санаа, нарк-насил таман жолдой тапталып баратканына макул эмес дагы бир көчмөн тукуму мамилесин билдирет. Бул ирет мамиле ачык протест катары айтылат. Фильмдеги да бир жылкычы, Бакайдын шериги (ролдо - Советбек Жумадылов) “Бул жайытты таштабайм. Ата-бабамдын жайлоосу бу деген. Маа демектен билгениңерди кылгыла. Каалагандай жазалагыла мени!” деп кыйкырат жолчуларга. Ошол кез үчүн өтө опурталдуу сценалар, диалогдор, эпизоддор, сүрөттөмөлөр. Өтө кооптуу фильм. Ири алдыда автор үчүн коркунучтуу кино. Бирок түбөлүк мааниге ээ кымбат дөөлөттөрдү козгоп, баалуулуктарды ким айтып, ким элге дайындап, ким ой жаратат эле, баары эле социалисттик жетишкендиктерди даңазалаган реалисттик чыгармаларды кабат-кабат жаратып жатып алса.

"Отко таазим"

Төлөмүш Океевдин дагы бир чыгармасына кайрылалы. Ал 1971-жылы экранга чыккан “Отко таазим” (“Поклонись огню”) көркөм фильми. Тема – Кыргызстандагы коллективдештирүү, башкы каарманы – Уркуя Салиева. Фильм бул ирет да туура темага, туура каарманга арналган. Бирок эки жагдайга көңүл бөлөлү. Биринчиси – бул фильмдин аталышы. Советтик адамдын аң-сезимине ылайык келбеген, эскичил, андагы идеологдордун армиясы бир ооздон атап келгендей алгачкы-общиналык, примитивдүү, шаманисттик көз карашка негизделген ат коюп жатат. Коллективизация – жаркын келечек, демек – ошого жараша ат койсо болот беле? Куп болмок. Режиссер ар кандай күнөөлөрдөн алыс болуш үчүн, сактык кылып, башкача деле атап койсо болмок. Кандай сын-пикирлер болуп кетүү мүмкүнчүлүгүн өз доорунун инсаны Океев жакшы билген. Бирок ошого даады, батынды. Мына ушунун өзү Океевдин инсандык позициясынын бекемдигин, абийир жоопкерчилиги жогору экендигин кабарлап турат. Режиссер бул ирет да фильмге кийин сынга кабыла турган кооптуу ат коюу менен чектелген жок.

Төлөмүш Океев

Төлөмүш Океев

Кулакка тартылып, тап душманы катары айдалып бараткан манаптын образын расмий идеологияга дегеле ылайык келбегендей, коошпогондой кылып берди. Дароо көзгө урунган нерсе – бул манаптын ролун Муратбек Рыскулов аткаргандыгы. Кыргыз искусствосунун кайталангыс таланты Муратбек Рыскуловго кудай баарын берген экен – акыл, эс, өң-келбет, чыгармачылык бакыт. Айдалып бараткан эзүүчү эмес, акылман аксакалга окшош, жексур эмес, журт башына түспөлдөш Муратбек Рыскулов аткарган манап “Ой, эл-журт. Силер жакшылардын баарын айдап жиберип, жамандарды башкартасыңарбы, ыя?” деп адатынча сүрү, келишкен келбети, нарктуу карыянын, акылы көзүнөн нур болуп жанып турган жүзү менен сурап турат. Кимди ким эмне жөнүндө сурап турат? Жакшылар ким, жамандар ким? Суроолор жаралат, албетте. Мен “Отко таазимди” тестиер кезимде көргөм. Таяталарым Төрөгелди тукуму деп айдалганын бала кезимде көп уккамын. Алардын айрымдарынын эскирген, кийин түшкөн сүрөттөрү болсо да, айдалган таяталарымдын ар бирин дал ошол Муратбек Рыскуловдун каарманындай элестетчүмүн. Кинону кийин да, студент кезде бир-эки ирет көрдүм. Ошол эпизоддон кийин бизди мектептен, кийин университеттен тап душмандары, бай-манаптар, кулактар деп окутканда көзү акылдуу жылтыраган, нарктуу Мурат Рыскуловдун ошол образы келе турган. Ошол образ менен китепте баяндалган окуялар дегеле коошподу...

Төлөмүш Океевдин атуулдук эрдиги

Көркөм фильмдеринде жогорудагыдай идеяларды козгоп, аны жогорку чеберчилик менен ийине жеткире элге тартуулап, ошого башын байлоо атуулдук эрдикти, жүрөктү талап кылган. Ошол мезгил үчүн саясый эрдик кадамдар десек аша чапкандык эмес. СССРдин убагында адабиятта, искусстводо социалисттик реализм принциби деп аталган идеологиялык догма, бекем эреже үстөмдүк кылып турган. Андан четтеп кетүүгө жол берилген эмес. Кайсы бир четтеген учурлар жазасыз калбаган. Анын үстүнө, 1960-жылдары москвалык, ленинграддык режиссерлор тарткан, СССР кинематографисттер союзу колдоп, бирок Кыргыз ССРинин жетекчилиги, кыргыз кинематографисттери, жалпы эле илимий-чыгармачыл коомчулугу тарабынан терс кабыл алынган фильмдер болгон. “А. Кончаловский-Михалковдун “Первый учитель” фильми (1965-ж), Кыргызстандагы репрессияга тике тиешеси бар партиялык функционер Белоцкийдин “жаркын образы” жөнүндө Ю. Герштейн, Галантер, Гуревич жана башкалар тарткан “Оглянись, товарищ” кинолору Кыргызстанда талкууланып, Т. Усубалиев баштаган партиялык жетекчилик жана илимий, чыгармачыл интеллигенция тарабынан кескин сынга алынган. Кыргыз элинин ар-намысына жана абийирине шек келтирген фильмдер катары аларды экранга чыгарууга Кыргызстандын коомчулугу каршы чыккан. “Оглянись, товарищ” фильмине ошону менен тыюу салынган. Бирок фильм үчүн Кыргызстандын жетекчилиги далай ирет негизсиз айыптарга туш болду. Ал эми Союздук жетекчиликтин кийлигишүүсү менен “Первый учитель” киносу кайра оңдолуп, 1966-жылы экранга чыгат. Бирок ошол эле жылы өткөн Венециядагы кинофестивалда сыйлуу баага арзыбай, сын угуп кайткан. Бул фильм жөнүндө “Пополо”, “Обсерваторе Романо”, “Ададжо” сыяктуу абройлуу Италия гезиттери жазып, “жараксыз”, “кунарсыз”, “жармач” “кургак натурализмге жык толгон” сыяктуу эпитеттерди аяган эмес.

Эмне үчүн бул тууралуу саймедиреп жатабыз. Анткени ошол “Первый учитель” фильми талкууланып жатканда терс баа бергендердин арасында Т. Океев да болгон. Ал Кыргызстан кинематографисттер союзунун пленумунда “фильмде кыргыз элинин кадыр-баркына шек келтирген эпизоддор арбын” деген пикирин айткан. Ал эми Кончаловский-Михалковдун “Первый учитель” фильмин СССР кинематографисттер союзунун Ромм, Рошаль, Герасимов баштаган абройлуу мүчөлөрү колдогон. СССР кинематографисттер союзу жана СССРдин башкы идеологу, КПСС БК 2-катчысы М. Суслов колдогон фильмге каршы чыккан, жаш, белгисиз режиссердун чыгармачылыгы эми кылдат талдоого алынарын 1958-жылы Ленинград киноинженерлер институтун бүтүп, кийин Москвада билим алган, киноиндустрияга аралашып, күңгөй-тескейин ажырата алган Океев билбей коймок эмес. Билген, албетте.

Фильм чыккандан кийин да сынга кабыл алынып, аны жараткан авторлор зыян тартып калышы ал мезгил үчүн кокус нерсе эмес эле. Ары болгондо алысыраак айдалып, бери болгондо туш-туштан талоонго түшүп, эч кимге кереги жок, кино тургай башкага жараксыз бечара кейпин кийип калуу аянычтуу тагдыры нечен чыгармачыл адамдардын башынан өткөн. Анда эле Океевди жана анын жакын үзөңгүлөштөрүн азыркыдай эле дүжүр идеологдор, эксперттер баса калып, талашы толук мүмкүн болчу.

“Советтик Кыргызстанда социалисттик индустриялаштыруу ургаалдуу өнүгүп жатса, а каяктагы бир социалисттик аң-сезими жетиле элек, сабатсыз жылкычы-колхозчулар аны түшүнгөнү мындай турсун, айкырык салып каршылык кылып жатса, бу кандай? Океев фильмдеринде советтик түзүлүшкө, социализмге каршы ойлорун каармандары аркылуу билдирет. Саясый жактан зыяндуу, идеялык жактан эскичил, социалисттик реализмдин эрежелерине түк ылайыксыз, феодализмди көксөгөн, Батыш буржуазиясынын таасири менен тартылган, империализмдин чагымчыл көз караштарына ууланган фильмдер экрандан алынып, алардын авторлору катуу жазасын алууга тийиш!” Дал ушундай аныктамалар ар кайсы трибуналардан дембе-дем айтылып, азыр ойдо жок, ал мезгилде актуалдуу, кадимкидей айыптар тагылып калышы толук ыктымал эле.

“Бакайдын жайыты” “Отко таазим” сындуу кинолорду тартыш, алардын ичине жогорудагыдай идеяларды камтыш ишке ашса, элге жетсе мөрөй колго тие турган, кокус жаза тайып ишке ашпай, айыпталып кетсе, анда баш канжыгада, кан көөкөрдө болмогу анык опурталдуу маселе. Бул абийирди, жүрөктү талап кылган тобокел иш эле. Ушул контекстен, ошол реалдуулуктун өңүтүнөн караганда, өз мезгилинде мезгилдин жүзүнө тике карап, жалтайлабай, тескерисинче, кашкөйлүк менен, көркөм өнөрдүн күчү менен улуттук баалуулуктарды даңазалаган, анын асыл нарк дөөлөттөрүн чагылдырган фильмдерди тартуунун өзү саясый эрдиктин чыныгы үлгүлөрүнүн бири. Кинорежиссер Төлөмүш Океевдин саясый эрдиги.

Алмаз Кулматов, коомдук ишмер, атайы “Азаттык” үчүн

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG