Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:44

12-апрелде Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде кыргыз адабиятынын классик акыны Турар Кожомбердиевдин 75 жылдыгына карата “Оту өчпөгөн поэзия” аталышындагы республикалык илимий-практикалык конференция өттү. Конференциянын катышуучулары жыйын соңунда Турар Кожомбердиевдин чыгармачылыгы боюнча өкмөткө атайын сунуш кабыл алды.

Кожомбердиевдин чыгармалары 1959-жылдан тарта басма сөзгө жарыялана баштап, 1961-жылы “Көлчүктөгү ай” деген балдар үчүн жазылган биринчи жыйнагы жарык көргөн.

Акындын замандашы, калемдеши Анатай Өмүркановдун айтымында, Турар Кожомбердиев ошол алгачкы китеби аркылуу эле кыргыз адабиятына дүйнөгө балдардын көзү менен караган, баланын психологиясын кылдат өздөштүргөн акын келгенин көрсөткөн:

- Ага чейин балдар адабияты акыл үйрөтүү багытында жазылып келген. Мисалы, Муса Жангазиевдин “Менин бешим кыпкызыл”, Тоголок Молдонун “Торпогум, торпогум, торпогумдан коркомун...” деген сыяктуу ырлары менен чектелген. Турар “Көлчүктөгү ай” менен ошол стереотипти бузду. Ал төрөлгөндө кандай жаралса, ошол бойдон келип ырга түштү. Акындын аталган китеби жарык көргөндө ал тууралуу айтпаган, жазбаган калемгер калган эмес. Айтматов адабиятка кандай келсе, “Көлчүктөгү ай” адабиятка ошондой жакшы маанай менен келген.

"Көлчүктөгү ай"

Эшке чыксам укмуш, апа,
Ары-бери калтырап,
Чоң көлчүктүн ортосунда,
Ай жатыптыр жалтырак.
Басып барып акырын,
Колум сунуп батыраак,
Жаңы кармап алаарымда,
Сынып калды чачырап.

Алыкул коомго, өмүргө байланыштуу жаңы ойлорду айтса Турардын ырларында жаратылыш сүйлөп турат. Жайлоодо жатып алып укурук менен жылдыздарды үркүткөнү да поэтикалуу керемет сүрөт. Бул анын бала кезде калган элеси.

Өмүрканов Кожомбердиевдин поэзиясынын тематикасы абдан бай экенин кошумчалап, акын тоодо жашаган жылкычынын турмушун, эне менен отту, жамгырды, атургай дүйнөдө миллион жолу кайталанган махабат, өмүр, өлүм темасын жазса да өзүнүн акындык көркөм дүйнөсү менен өзгөчө көрө билгенин айтты:

- Турар - кайталангыс акын. Өзүнө чейин поэзияда эч ким айта элек ойлорду таба билген. Алыкул коомго, өмүргө байланыштуу жаңы ойлорду айтса Турардын ырларында жаратылыш сүйлөп турат. Жайлоодо жатып алып укурук менен жылдыздарды үркүткөнү да поэтикалуу керемет сүрөт. Бул анын бала кезде калган элеси. Турар ат мингенден да уялат. Дүйнөлүк акындар арасында минип бараткан атын аягандар болгон эмес. Мен дүйнөлүк акындардын бир тобун окудум, мындай ойлор эч кимде жок.

Сөздүн ажарын сезген акын

Кыргыз эл жазуучусу Мелис Абакиров да Кожомбердиев темаларынын түбөлүктүүлүгү, философиялык ой чабыттарынын тереңдиги менен окурмандарды тарткан кыргыз акындарынын алдыңкы сабында турарын белгиледи:

- Башкасын айтпаганда да чыккан китептеринин тизмелерин көрдүңөр го. Алардын аталышы да чылк эле поэзия! “Көлчүктөгү ай”, “Таңкы симфония”, “Эне жана коломто”, “Кызгылтым кеч”, “Нурлуу терезе”, “Таңкы жылдыз”, “Ай тийген тоо”, “Ыр булак”. Китептеринин аттары эле турат шыңгырап, ыр ырдап... Турар сөздүн үнүн, ажарын, күүсүн, өң-түсүн, ажарын, жытын, даамын ички туюму менен сезген, сөздү тандай билген чоң акындардын бири.

"Эне жана коломто"

Мейли кышта, бурганактын шаңында,
Мейли күздө, мейли жаздын таңында,
Коломтону элестетсем, энекем,
Күйпөлөктөп олтургансыйт жанында.

Куурай терип, тезек терип жакканы,
Камданчуубуз казанга нан жапканы.
Эмнегедир от биздики дечүмүн –
Апамдардын өздөрү ойлоп тапканы.

Казан шуулдап, түбү көөлү карарган,
От күчөөчү коломтодо таралган.
Эмнегедир от бир буюм сезилчү,
Апакемдин колдорунан жаралган.

Эстен кетпейт өткөндөрдүн элеси,
Малчылардын күнгө күйгөн денеси…
А мен отту бир туугандай сезчүмүн,
Апам болчу анын дагы энеси.

Тиштеринде карсылдап тоо ышкыны,
Атам мага мингизчү көк быштыны.
Тентек кылсам дүңкүлдөтчү жонумду,
Апакемдин нандай жумшак муштуму.

Көмөч ысык. Оф! Фу! Кантем, калакай,
Коломтого топтой ыргып малакай.
Энем кайра алып көрүп колуна
Айтчу мага: — Ай, тентек ай, жалакай!

Уктап жатса, адетиңдир тук этмей?
Жымжырт. Жоопсуз, Кузгун дагы кук этпей.
Сен сурасаң үзүп алып очоктон
Күйгөн отту сунаар элем букеттей!

Мейли кышта, бурганактын шаңында,
Мейли күздө, мейли жаздын таңында,
Коломтону элестетсем, энекем,
Күйпөлөктөп олтургансыйт жанында.

Абакиров учурда акындын артында калган асыл мурасын кайрадан китеп кылып бастыруу талабы тургандыгын, акындын мындан ондогон жылдар мурун басылган китептерин азыр табыш кыйын экенин айтты.

Китептеринин аттары эле турат шыңгырап, ыр ырдап... Турар сөздүн үнүн, ажарын, күүсүн, өң-түсүн, ажарын, жытын, даамын ички туюму менен сезген, сөздү тандай билген чоң акындардын бири.

Бул ойду улай Кыргыз Эл акыны Төлөгөн Мамеев учурда кыргыз адабиятынын классик акын-жазуучуларынын чыгармаларын кайрадан бастырып чыгуу зарылдыгы бар экенин бышыктады:

- Ак үйдөгү депутаттар Кумтөрдөгү алтын эмне болду деп ыйлашат. Ал алтын эртең же мындан жүз жылдан кийин жоголуп кетерин эч ким ойлонбойт. Ал эми кыргыздардын жан дүйнөсүнө алтындай азык бере турган Турардай, Жолондой жана башка жалпы искусствонун кишилерин унутуп калышты.

Илимий-практикалык конференциянын соңунда катышуучулар өкмөткө үч бөлүмдөн турган сунуш кабыл алды. Анда өкмөттөн Турар Кожомбердиевдин 75 жылдыгына байланыштуу республикалык илимий-практикалык конференция уюштуруу, аны жогорку окуу жайларда өткөрүү жана эң башкысы Турар Кожомбердиевдин чыгармаларын топтоп томдуктарды чыгарууга көмөк көрсөтүү сунушу айтылды.

Кожомбердиевдин бир топ ырлары башка тилдерге которулган. Акын өзү да чет элдик акын-жазуучулардын чыгармаларын кыргыз тилине оодарган. Турардын жетимиштен ашуун ырларына музыка жазылып, “Энем менен атама”, “Жаңы жылды тосолу”, “Күн чыгышым”, “Булактагы кездешүү”, “Жүрөктү жүрөк тандасын” ж.б. обондуу ырлары жарым кылымдан бери ооздон түшпөй ырдалып жүрөт.

Турар Кожомбердиев Жайыл районундагы Сары-Булак айылында 1941-жылы туулган. 1989-жылы 49 жашында каза болгон.

"Энем менен атама". Сөзү: Турар Кожомбердиевдики. Аткаруучулар: Аяна Касымова, Айыма Айылчиева

  • 16x9 Image

    Зайырбек Ажыматов

    "Азаттыктын" кабарчысы. Жусуп Баласагын атындагы Улуттук университетин бүтүргөн. “Жалгыздык”, “Мелмил”, “Нөлү көп жылдар” аттуу ыр жыйнактардын автору.   

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG