Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:48

“Колуман келет” түрмөгүнүн коногу - скрипка жасаган колунан көөрү төгүлгөн уста Турат Акунов. Ал жылына эки маал Индиянын Мумбай шаарында симфониялык оркестрдин аспаптарын оңдоп-түзөп келет.

Бишкектин Чыгыш-5 кичи районунун аймагындагы жер тамдардын катарында жайгашкан колунан көөрү төгүлгөн жыгач уста Турат Акуновдун үйүнө бардым. Короого кире бергенде оң тарабындагы кичинекей эки бөлмөлүү кепеде анын устаканасы орун алган.

Устакананын ичи таза, ар бир буюм ирети менен коюлган. Дубалда скрипканын түрлөрү, комуз, кыл кыяк, прима кыяк, виолончель, түрктөрдүн сазы, казактардын домбурасы, өзбектердин дутары илинип турат.

Бурчтагы үстөлдө Турат уста узанып атыптыр.

- Колуңузда скрипкага окшош аспаптын үлгүсү жасалып жатыптыр. Бул эмне деген аспап?

- Бул оркестр үчүн даярдалып жаткан прима кыяк. Төрт кылдуу, скрипканын эле өзү. Бирок бул тизенин ортосуна кыпчып алып ойнолот. Тизенин ортосуна кыпчып алып ойноо позициясы кадимки кыл кыяктан башталат. Кийин Европада мындай кыл аспаптар ийинге коюп ойнолуп калган.



Турат Акунов Бишкектеги №3 орто мектепте орусча окуган. “Эбептен себеп” дегендей анын кичинекей кезинен шык-жөндөмүн байкаган апасы Чокморов атындагы кесиптик окуу жайына документтерин өткөрүп койот.

- Мен кичинекей чагымдан эле колума бир нерселерди алып оңдоп-түзөп, бир нерсе жасап, бузуп, чукулап өзүмчө эле алектене берчүмүн. Ошол жөндөмүмдү апам байкап калса керек. Мен 8-классты бүткөндөн кийин Ысык-Көлдө эс алып жүрсөм, Чокморов атындагы училище жаңы ачылыптыр, документтеримди ошого тапшырып коюптур.

Эл арасында “тукумунда бар да, тукумун тартыптыр”, же болбосо “аккан арыктан суу агат” деп коюшат эмеспи. Көрсө Тураттын таятасы дагы кезинде колунан көөрү төгүлгөн уста болуптур.

- Таятам чоң уста, азыркы тил менен айтканда “универсал” болуптур. Анын колунан устачылыктын бардыгы келчү экен. Боз үй, ээр жасап, зергерчилик кылып, темирден дагы буюмдарды жасачу.

Турат Акунов Чокморов атындагы кесиптик окуу жайды бүткөндөн кийин филармониянын алдындагы музыкалык аспаптарды жасоочу ишканага жумушка орношуп, чебер уста Сураган Айдаралиевден кол өнөрчүлүктүн сырларын үйрөнөт. “Көп жашаган билбейт, көптү көргөн” билет дегендей Турат Акунов комуз жасоо менен чектелип калбай, классикалык музыкалык асап жасаганды үйрөнүү үчүн Швейцариядан билим алат.

- Классикалык музыкалык аспаптарды жасоону мен Швейцарияда бир окуп үйрөндүм. Ал жакта төрт жылдык жогорку билимге барабар окуу жайы бар. Мен ошол жерде бир жарым жылдан стажировкадан өтүп, эки жолу барып окуп келдим.

Ал Европадан айтылуу Страдиваринин, Аматинин жасаган скрипкаларын көрөт.

- Швейцария Европадагы абдан өнүккөн мамлекет. Эл арасында байыркы музыкалык аспаптар өтө көп. Мен Страдиваринин скрипкасын Италиянын Кремона шаарынын музейинен көрдүм. Тилекке каршы колго алып, кармалап көргөнгө болбойт экен. Ошол жерден кымбат баалуу башка аспаптарды да көрдүм. Бир скрипка 300 миң доллар, дагы бири 1 миллион деп турат. Эми аларды карап эле тургуң келет. Алардын айырмачылыгы илгертен калган мурас катары бааланат. Алар 300-400 жыл мурда жасалган, көп тарыхты башынан өткөргөн аспаптар. Ошондуктан баалары кымбат болушу мүмкүн деген ойго келдим.

Турат Швейцариядан скрипка, виолончель жасаганды өздөштүрүп келип, төрт-беш скрипка жасайт. Бирок Кыргызстанда скрипкага заказ аз болгондуктан көбүнчө сынган аспаптарды кайрадан оңдоп-түзөө иштери менен алек.

- Кыргызстанда скрипкага көп көңүл бурбай жатат. Анткени оркестрде иштеген музыканттардын айлыгы аз. Жаңы скрипка жасатканга чамасы жетпейт. Скрипканы жасаганда жумушу узакка созулат. Бир скрипканы бир, же бир жарым миң долларга бааласа болот. Кийинки кезде Казакстандан заказ түшө баштады. Буйруса заказдар көбөйөт го деп ойлойм.

Тураттын айтымында, комуз, кыл кыяк, скрипка, виолончель жасаганга Кыргызстандын карагайлары абдан мыкты материал болуп эсептелет.

- Биздеги өрүктөр Европадагы карагайларга катуулук, акустикалык жагына абдан окшош. Атүгүл алардан ашып да кетет деп ойлойм. Биздин жердеги, айрыкча Ысык-Көл, Нарындагы карагайлар бийик өскөндүктөн, андан жасалган аспаптар аябай үндүү болот экен. Биздеги материалдар дүйнө жүзүндөгү башка карагайларга салыштырмалуу абдан мыкты болот.

“Өнөрлүү өлбөйт” дегендей Турат талыкпаган эмгеги, аздектеген өнөрүнүн аркасында Индиядан иштеп келүүгө мүмкүнчүлүк тапкан.

- Искусство чөйрөсүндө жүргөн адамдардын бири-бири менен тыгыз байланышы бар. Казакстандык атактуу скрипкачы Марат Бийсенгалиевдин чакыруусу менен Индияга барып калдым. Мумбайда симфониялык оркестрдин музыкалык аспаптарын оңдоп-түзөп, келишим менен жылына эки жолу барып иштеп турам.

Бир миллиарддан ашуун эли бар Индия кызыктуу киносу, элдик үлгүдөгү мукамдуу ыр-бийлери менен дүйнөгө таанымал эмеспи. Учурда алар классикалык музыкага өзгөчө көңүл бура баштаптыр.

- Индустар мурда Англияга колонияда экенинде классикалык музыкага көп көңүл бурбай, улуттук фольклордук музыкаларын эле угушчу экен. Кийин классикалык музыкага кызыгып, азыр абдан өнүгүп баратат. Симфониялык оркестрлер түзүлүп, анын базасында жаш музыканттарды окуткан мектептер бар. Мен барган Мумбай шаарынын калкы 20 миллиондон ашуун. Ошол жерде музыканттардын керегине жараган бир эле уста болуптур. Анын көзү өтүп кеткенден кийин балдары аспаптарды жасайт экен. Бирок алардын атайын адистиги жок болгондуктан оркестр мени менен иштешүүгө келишим түзүштү.

Тураттын устаканасында баарлашып отуруп, анын кабат-кабат үй, кымбат унаа, дүйнө-мүлк, байлыкка болгон көз карашына ынтызар болдум эле...

- Кыргызда илгертеден айтып койот эмеспи “уста киши бай болбойт” деп. Анын сыңарындай Кудайга шүгүр устачылык менен тапканым нан менен майга жетет. Маңдай тер менен тапкан каражат жугумдуу болот. Акчага деле көп кызыкпаганга аракет кылам. Негизинен жумушуңду мыкты жасаганга аракет кылыш керек.

Азыркы талапка, муктаждыкка жараша музыканттар жакшы музыкалык аспаптарга зарыл болуп турат. Менин милдетим аларга мыкты аспаптарды жасоо. Бул өнөрдү аркалагандан кийин мен өз жумушумду абийирдүүлүк менен жасаганга аракет кылышым керек. “Байлык колдун кири” дегендей акча бүгүн бар, эртең жок. Ал эми мен жасаган музыкалык аспап муундан-муунга кала берет деген ойдомун.

“Эр жигитке жетимиш өнөр аздык кылат" дегендей, Турат бош убактысында комуз кармап, эски күүлөрдү черткенди өнөкөткө айлантып алыптыр. Дубалдагы комузун алып кол ойнотуп, күү чертип берди.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG