Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:58

Кыргызстандын Бажы биримдигине кириши үчүн бир топ татаал процедуралардан өтүүгө туура келет.

Бажы биримдигине кирген баштапкы мезгилде өлкөгө үчүнчү тараптан ташылып келчү товарлардын баасы кымбаттап, мамлекеттик бюджетке түшчү бажы жана салык төлөмдөрү кескин кыскарышы күтүлөт. Бажы биримдигине кирүүдөгү ушуга окшогон тобокелчиликтер жана мүмкүнчүлүктөр “Кыргызстан Евразиялык интеграциянын жолунда” деген аталыштагы эл аралык конференцияда талкууга алынды.

Орусия, Беларус жана Казакстан мүчө болгон Бажы биримдиги 2015-жылдан тартып Бирдиктүү экономикалык мейкиндикке айланат. Мына ошол келишимге кол коюуга чейин Кыргызстан менен Тажикстан Бажы биримдигине кирүүгө даяр болушу кажет. Бул тууралуу билдирген орус өкмөтүнүн төрагасынын биринчи орун басары Игорь Шувалов Бажы биримдигине кирүү бир топ татаал процедуралардан турарын эскертти. Игорь Шувалов Орусия аталган эки өлкөнү Бажы биримдигине мажбурлап киргизүүгө кызыкдар эмес экенин айтты:

Орусиянын вице-премьери Шувалов

Орусиянын вице-премьери Шувалов

​- Тилекке каршы, Бажы биримдигине кирүү бир эле саясий билдирүү менен бүтпөйт. Тажрыйба көрсөткөндөй Бажы биримдигине кирүү шарттарын аныктоодо улуттук бюрократиянын нааразылыгы жана бири-биринен "төшөктү өзүнө көбүрөөк тартып алууга" кызыкдар аракеттер болгон. Кыргызстан үчүн баштапкы этапта Бирдиктүү бажы кодексин түзүүгө катышуунун жол-жобосун иштеп чыгуу, бажы чек арасын түзүүнү камдоо жана бажы тарифтерин аныктап алуу маанилүү. Бул элементтерсиз Бажы биримдигине кирүүгө мүмкүн эмес. Ошондуктан Орусия жаңы СССРди түзүү үчүн айрым мамлекеттерди Бажы биримдигине сүйрөп жатат деген болбогон сөз.

Ошол эле кезде Кыргызстандын өкмөт башчысы Жантөрө Сатыбалдиев расмий Бишкек Бажы биримдигине кирүү боюнча 2011-жылы эле саясий чечим кабыл алганын эске салып, учурда анын шарттарын сунуштоонун үстүндө иш жүрүп жатканын белгиледи. Премьер-министр Сатыбалдиев Кыргызстан өзүнүн улуттук кызыкчылыгы сакталган шартта гана Бажы биримдигине кире турганына токтолду:

Премьер-министр Сатыбалдиев

Премьер-министр Сатыбалдиев

- Бажы биримдигине кирүү жараяны Кыргызстандын улуттук кызыкчылыгын эске алуу менен жүргүзүлүүгө тийиш. Ошондуктан биздин экономикага терс таасир тийбегидей шарттарда бажы тарифин аныктоодо кандайдыр бир жеңилдиктер болушун сурайбыз. Мына ушундай шарттар биздин өнөктөштөрдөн колдоо тапса, биз ага кирүүгө даярбыз. Учурда жумушчу топтордун ортосунда бул боюнча кызуу сүйлөшүүлөр жүрүүдө.

Мындан сырткары Кыргызстан Дүйнөлүк соода уюмунун мүчөсү болгондуктан, андагы милдеттемелери менен Бажы биримдигинин шарттарын айкалыштырууга туура келет. Жыйында Кыргызстандын Бажы биримдигине кирсе кандай тобокелдиктер жана мүмкүнчүлүктөр болоору талкууланды. Артыкчылык катары учурдагы либералдуу фискалдык мыйзамдар өзгөрүүсүз калса, өлкөгө ири инвестиция келиши жана өнөр-жай ишканаларынын ачылышы менен жумуш орундарынын көбөйүшү мүмкүн. Бажы биримдигинин аймагында миграциялык саясат жөнөкөйлөштүрүлсө эмгек мигранттарына колдонулган бир топ чектөөлөр алынаары айтылды.

Кыргызстандын экономика министри Темир Сариев Бажы биримдигине кирүүдөгү негизги тобокелчиликтер катары төмөндөгүлөрдү атады:

Министр Сариев

Министр Сариев

- Азыркы иштеп жаткан бажы тарифи жогору көтөрүлсө сырттан, айрыкча Кытайдан жана башка Бажы биримдигине кирбеген өлкөлөрдөн кире турган товарлардын баасы кескин көтөрүлүшү мүмкүн. Ошондой эле дүң соода базарлардын иши жайлап, алардан түшчү салыктын көлөмү азаят. Кытайдан кирген ре-экспорттун кыскарышы бажы төлөмдөрүнө да таасир этет.

Мындан сырткары Темир Сариев Бажы биримдигинин шарттары боюнча импорттун көлөмүнө карата бажыдан түшө турган кирешелерди бөлүштүрүүдө Кыргызстандын үлүшү аз болуп калышы мүмкүн экенин белгиледи. Ошондуктан бул багытта Кыргызстан өзүнүн өнөктөштөрүнөн кандайдыр бир товарлардын түрлөрүнө жеңилдетилген төмөнкү бажы тарифин сактап калууга кызыкдар экенин белгиледи. Буга Кыргызстанга караганда экономикасы бир топ күчтүү Казакстандагы абал мисалга алынды.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG