Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 17:49

Бажы биримдиги: зыяны анык, пайдасычы?


Кыргыз-казак чек арасы, Чүй облусу, 16-сентябрь, 2011.

Кыргыз-казак чек арасы, Чүй облусу, 16-сентябрь, 2011.

Орус медиасы Кыргызстан Бажы биримдиги боюнча “Жол картасын” ушул айдын аягында кабыл алаарын жазып жаткан маалда, өкмөт мүчөлөрү бул уюмдун артыкчылыгын коомчулукка байма-бай түшүндүрүшүүдө.

Тандообуз Орусия...

14-апрелде Бишкекте өлкөнүн экономикалык жагдайы талкууланган жыйынга вице-премьер-министр Валерий Диль баштаган өкмөт мүчөлөрү жана бир нече көз карандысыз эксперттер катышты. Жыйында Бажы биримдигинин күңгөй-тескейи тууралуу көбүрөөк сөз болду.

Экономика министри Темир Сариев Кыргызстан Бажы биримдигине кошулаар алдында Орусиядан ири өлчөмдөгү каражат жардам иретинде келээрин, ал уюмдун стандарттарына ылайыкташтырчу техникалык чыгымдарга жана атайын
фонд түзүүгө жумшалаарын айтты:
Эбегейсиз зыян тартабыз, өкмөт болсо 300 миллион доллар берет деп сүйүнүп отурат, бул деген чоң ката, керек болсо чыккынчылык. Эгемендигибизди баалап жатышат.


- Сөз 300 миллиондон ашуун АКШ доллары жөнүндө болуп жатат. Биз аны инфраструктурага жана Бажы биримдигинин стандарттарына өтүүгө жумшайбыз. Бул боюнча Сочиде болжолдуу келишим болгон. Бажы биримдигине кирсек орус-кыргыз инвестициялык фонд да түзүшубүз керек, бул фонд жабыркаган ишкерлерди колдойт.

Сариев Кыргызстанга батыраак инвестиция салчу өлкөлөр деп Казакстан менен Орусияны атады.

Ошол эле учурда кыргыз коомчулугунда Бажы биримдигине кошулууга каршы болгондор да бир топ. Алардын бири, коомдук ишмер Эдил Байсалов Бажы биримдиги Кыргызстан үчүн чоң залака алып келээрин, өлкөдө кымбатчылык болуп, сапаттуу товарлар азаяарын айтат. Анын пикиринде, уюмга кошулаар замат өлкө казынасына бажы төлөмдөрүнөн түшчү каражат кескин азайып, мындан ишкерлер гана эмес, өкмөт өзү да жабыркайт:

- Бажы биримдигине кирсек иш орундары пайда болот, фабрикалар иштейт деген бул куру убада. Пайдасын билбейбиз, а зыянын өкмөттөгүлөрдүн эч кимиси тана албайт. Мисалы автоунаалар эки-үч эсе кымбаттайт, азыктарга да баа өсөт. Бизге Орусиянын гана товарлары келип, Кытай, Түркия, Индия жана башка өлкөлөрдөн товар келбей калат. Булар болсо үч жүз миллион доллар келет дейт, компенсация кеминде эле бир жарым, эки миллиард доллар болуш керек эле. Эбегейсиз зыян тартабыз, өкмөт болсо 300 миллион доллар берет деп сүйүнүп отурат, бул деген чоң ката, керек болсо чыккынчылык. Эгемендигибизди баалап жатышат.


Каршылар көбөйдүбү?

Эч кандай зыян тартпайбыз. Бул саясий уюм эмес, эгемендигибизге эч кандай шек келбейт.
Бажы биримдигине кошулуп же кошулбоо азыр кыргыз коомчулугунда талкууланган башкы маселелердин бири. Карапайым элдин арасында да бул уюмга кирүүнү жактагандар да, каршылар да бирдей. Буга чейин АКШдагы Эл аралык республикалык институт жана Gallup институту сурамжылоо уюштуруп, жыйынтыгында Бажы биримдигине кыргызстандыктардын пикири өзгөрүүдө деп жарыялаган. Кыргызстандын Бажы биримдигине кошулуусу боюнча сурамжылоого катышкандардын 26 пайызы аны колдосо, 21 пайызы каршы пикирин билдирген. Мындай иликтөө былтыр да жүргүзүлгөн. Анда Бажы биримдигине кошулууну колдогондор 33, жарым-жартылай макул болгондор 29, ал эми каршылар 10 пайызды түзгөн.

Бирок экономист Жумакадыр Акенеев мындай жыйынтыкка макул эмес:

- Эч кандай зыян тартпайбыз. Кымбатчылык болбойт, тескерисинче биздин экономикабыз үчүн жакшы шарт түзүлөт. Бул саясий уюм эмес, эгемендигибизге эч кандай шек келбейт.

Өткөн жумада экономика министринин орун басары Данил Ибраев “Бажы биримдигине кирүү боюнча Евразия экономикалык комиссиясы менен Кыргызстан Жол картасынын айрым шарттары тууралуу бир пикирге келе алган жок”, - деп билдирген эле. Анткен менен Бажы биримдиги талкууланган өкмөттүк жыйындарга көбүнчө орусиячыл гана эксперттер катышып, мамлекеттик маалымат каражаттары бул уюмдун пайдасын көбүрөөк чагылдырууда.

Ал эми комдук ишмер Эдил Байсалов болсо бул уюмга кошулгандан кийинки кемчиликтерди санап берди:

- Дүйнөнүн көп өлкөлөрүнөн арзан жана сапаттуу товар алганга бөгөт коюлат. Зыяны ачык-айкын, так. Пайдасы белгисиз болууда. Биздин казынага эң негизги акча бажыдан түшөт. Биримдикке кошулсак биз чек арабызды ачабыз, акча Орусия, Казакстан, Белоруска түшөт, алар биздин чек арадан ээн-эркин өтүшөт. Биринчи жылы болбосо да эки-үч жылдан кийин казынабызга акча эки эсе аз түшкөндө мунун зыянын дагы сезебиз.

Кыргызстандагы бизнес чөйрөнүн өкүлдөрү Бажы биримдигине кирүүгө каршы пикирин билдирип келишет. Алар биримдикке киргенден кийин бир катар тармактар зыянга учурайт, жеке ишкерлерге сокку болот деп тынчсызданып жатышат. Бирок бийликтер бул биримдиктин зыянынан пайдасы көп деп ишендирүүдө.
  • 16x9 Image

    Жанар Акаев

    "Азаттыктын" Бишкектеги журналисти. "Ыңгайсыз суроолор" телепрограммасынын алып баруучусу. 2009-жылы Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG