Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:46

Бажы биримдигинин пайда-зыяны таразада


Бажы биримдигине каршылардын акциясы. Бишкек. 5-май, 2014-жыл.

Бажы биримдигине каршылардын акциясы. Бишкек. 5-май, 2014-жыл.

Өкмөт Бажы биримдигине киргенден кийинки тобокелдерди анализдеп чыкканын экономика министри Темир Сариев 20-майдагы парламенттик угууда белгиледи.

Сариевдин айтымында, изилдөөлөр Бажы биримдигинин зыянынан пайдасы көп экенин көрсөткөн. Анткен менен ишкерлердин айрымдары биримдикке киргенден кийинки абалга толук анализ жүргүзүлбөдү, божомолдорду гана айтып жатат деп өкмөттү сындашты. Биримдикке кирүү саясий маселеге айланганы айтылды.

Жогорку Кеңештин экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитети Кыргызстандын Бажы биримдигине кирүү маселесин парламенттик угууга алып чыкты. Ага өкмөт башчы Жоомарт Оторбаев баш болгон өкмөттүн, бизнес чөйрөнүн өкүлдөрү, эксперттер катышты. Экономика министри Темир Сариевдин айтымында, кыргыз өкмөтү Бажы биримдигинин Кыргызстанга пайдасы жана зыянын анализдеп чыкты. Ага ылайык, биримдикке кирүүдө зыянынан пайдасы көбүрөөк болору аныкталган:

- Эгер биз бардыгы болуп 140тан ашуун мамлекет менен соода-сатык жүргүзсөк, Бажы биримдигине кирген өлкөлөр менен болгон сырткы соода жүгүртүүнүн көлөмү 41 пайыздын тегерегин түзөт. Жаңы бажы келишимдери киргизилгенден кийин Кыргызстанда экспорт өтө кымбат болуп калды. Жалпы экспорт 14,8 пайызга өскөндүгүнө карабастан, Бажы биримдигине экспорт 20,5 пайызга төмөндөп кеткен. Биримдикке кирсек, кыйынчылыктар болот. Бирок кирбегендеги кыйынчылыктар аны басып өтүп атат. Өндүрүлгөн товарлардын көпчүлүк бөлүгү: пахта, айнек, чыңалуу лампалары, жашылча-жемиш, мал, кийим-кечек Орусия менен Казакстанга кетет. Негизги экспорттук дараметибиз ушул өлкөлөрдү көрсөтүп атат. Ал эми импорттолуп жаткан товарлардын маанилүүлүгү да жогору, күйүүчү май, көмүр дээрлик жүз пайыз Казакстан менен Орусиядан келет. Башка жактан алып кирүүгө альтернативдик жол жок.

Премьер-министр Жоомарт Оторбаев.

Премьер-министр Жоомарт Оторбаев.

Бажы биримдигине кирүү боюнча Жол картанын жалпы чыгашасы 370 млн. доллардын тегерегин түзөт. Өкмөт башчы Жоомарт Оторбаев мындай каражат Кыргызстандын бюджетинде жок экенин белгилеп, Кыргызстан биримдикке мүчө өлкөлөрдөн колдоо күтүп жатканын айтты:

- “Жол картасын” биз толугу менен каржылай албайбыз. Бажы биримдигине кирүүнүн жол картасында көрсөтүлгөн иш-чаралар жана чек араларды жаңыртуу үчүн 400 млн. долларга жакын каражат керек. Бюджетте каражат жок. Биз Бажы биримдигине мүчө өлкөлөрдөн колдоо болот деп күтүп жатабыз.

Парламенттик угууга катышкан айыл чарба, жеңил өнөр жай тармагында иштеген ишкерлер, социолог, эксперттер, депутаттар биримдикке киргенден кийинки пайда-зыяндар тууралуу өздөрүнүн иликтөөлөрүнүн жыйынтыгы менен тааныштырды. Мисалы, “Агробизнес атаандаштыгына жөндөмдүү” деп аталган борбордун жетекчиси Алмаз Дооронбаевдин айтымында, айыл чарба продуктуларын өндүрүүдө жылыштар болушу мүмкүн. Ал эми кайра иштеп чыгаруу тармагы кыйын акыбалга тушугушу ыктымал. Ал эми биримдикке кошулгандан кийин ири ийгиликтер болот деген жеңил өнөр жай тармагында да кыйла чечилбеген маселелер бар экенин Жеңил өнөр жай ассоциациясынын аткаруучу директору Фархад Ниязов белгиледи:

- Биз өндүргөн продукциянын дээрлик бардыгы, 90% Казакстан менен Орусияга экспорттолот. Ошентсе да кыргыз өкмөтү бардык жагын тең салмактап анан Бажы биримдигине кирсе деген сунушту айтабыз. Жеңил өнөр жай тармагы импорттон көз каранды. Сырьёнун 60% Кытайдан, калган 40% Түркия, Европа жана башка өлкөлөрдөн алынып келинет. Бизде кездеме чыгарган фабрикаларыбыз, тигүүчү машиналарды чыгарган ишканаларыбыз жок. Бул жагынан алганда биз көз карандыбыз. Бажы биримдигине кирүүдө патент системасын калтырууну, техникалык регламентти өзгөртүүнү сунуштайбыз. Өндүрүлгөн товарлар, кийим-кече кандай талаптарга жооп бериши керек экенин белгилеген техникалык регламентти карап чыктык. Биздикилер азыр ага даяр эмес. Алардын сапатын текшерчү лабораториялар да жок.

Экономика министри Темир Сариевдин 20-майдагы парламенттик угууда билдиргенине караганда, Евразия экономикалык комиссиясынын 14-майдагы отурумунда Кыргызстандын Бажы биримдигине кошулуусу боюнча сунушталган Жол картасы талкууланып, жактырылды. Министрдин айтымында, бул документ эми Жогорку Кеңештин тиешелүү эки комитетинин кароосунан өтүшү керек. Ал эми биримдикке кирүү боюнча негизги келишим парламенттин бардык фракцияларынан, кийин жалпы талкууда жактырылгандан кийин гана ишке кирет. Кыргызстан сураган жеңилдиктер, ири базарлардын, мигранттардын абалы, сырттан машина ташып келүү маселелери ошол келишимди талкуулоо учурунда чечилери айтылды.

Равшан Жээнбеков Бажы биримдигине каршылардын катарында.

Равшан Жээнбеков Бажы биримдигине каршылардын катарында.

Анткен менен ишкерлердин айрымдары биримдикке киргенден кийинки абалга толук анализ жүргүзүлбөгөнүн сындашты. Биримдикке кирүү экономикалыкка караганда, саясий маселеге айланганы белгиленди. Мындай пикирди Жогорку Кеңештин депутаты Равшан Жээнбеков билдирди:

- Биримдикке киргенден кийин бажы төлөмдөрү 12 пайызга өсөт. Баалар тамак-ашка, кийим-кечеге болжол менен 40% жогорулайт. Машина жана өндүрүш машиналарынын баасы андан да көп кымбаттайт. Ишканалардын баары талкаланат. Айыл чарбага жакшы деп атышат. Орусия айыл чарбасына субсидиядага 4 млрд. доллар, Казакстан 600 млн. доллар, Кыргызстан 100 млн. бөлөт. Анан кантип Кыргызстан булар менен атаандаша алат. Бажы биримдиги эч кандай саясий эмес, экономикалык маселе эмес деп атышат. Бул түптүз саясий маселе болууда.

Парламенттик угуу жыйынтыгында атайын резолюция кабыл алынды. Ага ылайык, өкмөткө Бажы биримдигине байланыштуу чечимдерди улуттук кызыкчылыкты эске алуу менен кабыл алуу, жер-жерлерде коомдук угууларды өткөрүү, ишкерлер менен тыгыз кызматташуу, бул багыттагы иштердин жүрүшү боюнча парламентке маалымат берип туруу сунушталды.

Өкмөт Бажы биримдигин талкуулап жаткан тушта бир нече активист нааразылык акциясын өткөрүп, аларды милиция кармап кетти. Белгилүү укук коргоочу Өндүрүш Токтонасыров, "Кыргызстан Бажы биримдигине каршы” уюмунун мүчөсү Бурул Макенбаева баштаган жарандык коомдун айрым мүчөлөрү Биринчи Май райондук сотунун чечими менен кече жуук бошотулду.
Бажы биримдигине каршы өткөн акция үзгүлтүккө учурады. 20-май.


Милиция активисттерди “акция тууралуу тиешелүү органдарга кеч кабар берген” деп күнөөлөгөн. Ал эми активисттер муну акцияны үзгүлтүккө учуратуу максатындагы өкмөттүн аракети катары баалашты.

Кыргызстандын өкмөтү 12-майда Бажы биримдигине кирүү боюнча "жол картасын" кабыл алып, парламентке жөнөткөн. 29-май күнү Астанада Евразия экономикалык биримдигин түзүү келишимине кол коюлат. Ошол саммитте Кыргызстандын Бажы биримдигине кириши боюнча чечим кабыл алынышы күтүлүп жатат. Буга чейин айрым жарандык коомдун өкүлдөрү өлкөнүн эгемендигине доо кетет, кымбатчылык болот деген негизде Кыргызстандын биримдикке кирүүсүнө каршы болуп келишет.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG