Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:38

Асанов: Бажы биримдиги жеңил өнөр жайга жакшы


Мода индустриясына арналган бүгүнкү эл аралык жарманкени утурлап, “Легпром” бирикмесинин жетекчиси Сапарбек Асанов маек курду.

“Азаттык”: Кыргызстанда жеңил өнөр жай аздыр-көптүр өнүккөн тармак болуп саналат. Ушул тармактын азыркы абалын айтып бересизби. Бажы биримдиги кандай таасир этип жатат?

Сапарбек Асанов: Бажы биримдиги Казакстан, Орусия аркылуу биздин чек арага келип калды. Былтыркы жылы мисалы Казакстандын чек арасынан өтүү бир топ кыйын болду. Азыр деле бул маселе толугу менен чечиле элек. Көйгөйлүү маселенин бири болуп турат. Бирок биз ЕврАзЭСке мүчө мамлекеттерден болгондуктан чоң тоскоолдуктар деле жок. Биринчи эле чоң тоскоолдук чек аралар жабылып, саны азайып ошол жерден көптөгөн жүк жүктөлгөн унаалар 2-3 суткалап туруп калып жатат.

Бирок жалпысынан алып келсек, өтө деле катуу таасирин тийгизген жок. Кыргызстан Бажы биримдигине киребиз деп турбайбызбы. Кирип калсак терс жактары да бар, бирок биздин тармак үчүн менимче жакшы эле болот деп ойлойм.

“Азаттык”: Мисалы, кандай жакшы жактары болушу мүмкүн?

Сапарбек Асанов: Мисалы, бажыдан өтүү жол-жоболору, салымдарды төлөө, убактысы көп болот. Эгер Бажы биримдигине кире турган болсок, чек ара бекеттердин баары алынып, Казакстанга, Орусияга кетип жаткан экспорттор түз кетип, тезирээк жетип турат.

“Азаттык”: Жеңил өнөр жай тармагындагы ишкерлердин көпчүлүгү көмүскөдө иштешет деп айтылат. Кийим-кече тиккендер эмнеге ачык иштебей жатат. Көмүскөдөн чыгаруунун кандай жолдорун көрүп жатасыз?

Сапарбек Асанов: Көбүнчөсү эле көмүскөдө деп айтканга мен кошула албайм. Анткени 2005-жылдан бери өкмөт тарабынан демилгелер көтөрүлүп, токтомдор кабыл алынган. Ачыкка чыгаруу боюнча патент системасын киргизгенбиз. Социалдык фондго төлөмдөрдү азайтканбыз. Бүгүнкү күнү ишканалардын 90 пайызы ачыкка чыгып иштеп атат деп айтса болот. Бирок көмүскөдө иштеп жаткан кээ бир көрүнүштөр болушу мүмкүн.

“Азаттык”: Кыргыз өкмөтү ишкерлерге жардам берилерин, негизсиз түйшүктөн арылтарын тынбай айтып келет. Сиз ушундай колдоону сезип жатасызбы?

Сапарбек Асанов: Эгерде ишкерлер өздөрү маселе көтөрүп, өкмөткө кайрылып, кандай мыйзамдар, жеңилдиктер керектигин айтып, мыйзам бузууларды белгилеп турса, маселе чечилет. Эгер көтөрүп чыкпаса, анда өкмөт билбейт, ал меселеге көңүл да бурбайт.

“Азаттык”: Мисалы, жеңил өнөр жай тармагында иштегендерге эмне керек?

Сапарбек Асанов: Чоң көйгөйлүү маселебиздин бири – ушул өндүрүштү көбөйтүп, өздөштүрүү үчүн имараттар жетишпейт. Экинчиден, биз жумушчу орун жок деп айта беребиз. Керек болсо бизде бүгүнкү күндө кээ бир ишканалар 30-40 пайыз гана иштейт. Калганына жумушчулар жок. Кесипкөй кадрлар жетишпейт. Өндүрүштү көбөйтүү үчүн, экспорттук кудуретибизди чыңдаш үчүн акча каражаты жетишпейт. Чечүүчү маселелер көп.

“Азаттык”: Бүгүнкү эл аралык жарманкеге чет өлкөдөн кимдер келет?

Сапарбек Асанов: Жарманкеге биздин атамекендик 54 ишкана катышып жатат. Андан сырткары Германиядан тигүү үчүн жабдууларды чыгарган чоң ишканалардын өкүлдөрү катышканы жатат. Түштүк Кореядан кездеме чыгарган ишкананын өкүлдөрү келишти.

Чоң-чоң дизайнерлерди чакырдык. Голландиядан, Москвадан жана Казакстандан келишти. Биздин көргөзмө-жарманке жеңил өнөр жай тармагындагы чоң аянтчалардын бири болуп эсептелет. Сырттан келгендер биздин продукцияны өз көздөрү менен көрүп түздөн-түз келишим түзүп, экспортко чыгарганга чоң аянтча түзүлүп жатат.

XS
SM
MD
LG