Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:30

Кыргызстан Евразия экономикалык жана Бажы биримдигине кошулуу келишимине кол койгондон кийин “Азаттык” мурдагы премьер-министр, кезинде улуттук валюта - сомду киргизүү боюнча комитетти жетектеген Турсунбек Чыңгышевге айрым суроолор менен кайрылды.

“Азаттык”: СССР тарагандан туура 23 жылдан кийин Кыргызстан Орусия баштаган Евразия экономикалык биримдигине кошулууда. Акыркы 23 жылда мурдагы СССРдин алкагында бир нече уюм, жоюлуп кайра түзүлдү. Сиз көз карандысыздык алгандан кийинки экинчи өкмөт башчы болдуңуз. Кыргызстандын Евразия экономикалык биримдигине кирип жатышы катардагы көрүнүшпү же тарыхый окуябы?

Чыңгышев: Менимче, тарыхый окуя...

"Азаттык”: Евразия экономикалык союзуна, анын ичинде Бажы союзуна кошулуунун тууралыгы боюнча талаш-тартыш жүрүп келди. Эми ал союз балким Кыргызстанга жаркын келечек алып келет. Балким, экономикалык жактан толук көз каранды болуп, эгемендик жылы калыптаган анча-мынча өндүрүш да атаандаштыкка туруштук бере албай жоголот. Өзү бул чечим үчүн тарыхый жоопкерчилик кимде жатат, президент Алмазбек Атамбаевде элеби же бийликтеги, парламенттеги саясий күчтөрдүн баарындабы?

Чыңгышев: Чечим жакшы жагына алып барабы, жаман жагына алып барабы, жоопкерчилик баарында. Президентте да, парламентте да. Себеби, мыйзамдардын баарын, кол коюлган документтердин баарын парламент бекитип берди да. Бул жерде жалгыз эле Атамбаев, Оторбаев (премьер-министр) же спикер эле жоопкер деп айтуу туура эмес. Жакшы болсо да, жаман болсо да бийликтин бардык бутактары жооп берет.

"Азаттык”: Парламент депутаттары келишим долбоорун көрбөй эле кол көтөрүп бердик деп жатышпайбы?

Чыңгышев: Парламентте буга чейин эмне деген гана сөздөр болгон жок. Евразия экономикалык союзуна, Бажы биримдигине киребиз дегендерди депутаттар арасынан чыккынчылар деп атагандар да чыкты го. Башка жолубуз жок экенин депутаттар деле түшүндү.

“Азаттык”: Евразия экономикалык биримдиги, Бажы биримдиги - анын ичиндеги өлкөлөрдүн экономикалык жактан тыгыз интеграциясын караган бирикме. Идеалында тараптар окшош эрежелерге баш ийип, анын чегинде иштөөсү керек. Бирок ич ара атаандаштык, тирешүү болбой койбойт. Мисалы, Беларус менен Орусиянын соңку соода согушу сизди чочулатпайбы?

Чыңгышев: Ал экөөсүнүн ортосунда чыккан чатак күтүлгөн нерсе. Анткени Бажы биримдиги, 1-январдан тарта иштей турган Евразия экономикалык биримдиги али калыптана элек да. Бирок Кыргызстан үчүн тирешүүлөр Орусия менен Беларустукундай курч болбойт. Биз анча-мынча тирешүүлөрдөн, бүгүнкү проблемалардан чочубашыбыз керек. Бул бара-бара оңоло турган нерсе.

“Азаттык”: Евразия жана Бажы биримдигинин каршылаштары бул эгемендикке шек келтирерин айтып келишти. Эми Евразия экономикалык биримдигине киргенден кийин эгемендикке коркунуч келтирип албоо Кыргызстандан, кыргыз коомунан, бийликтен дагы кошумча нерселерди талап кылат. Эмнелердин сак болуп, эмнелерге көңүл буруу керек?

Чыңгышев: Мисалы экономика жагын алсак, эң биринчи - бирдиктүү валютадан сак болуу керек. Евразия экономикалык союзунун бирдиктүү валютасы болот деген сөздөр бар да. Жок дегенде жакынкы 10-15 жылдын ичинде буга барбаш керек. Экономикада суверенитетти жоготуу биринчи кезекте валютадан башталат. Британия Еврошаркеттин бирдиктүү валютасына кошулбаганы бекеринен эмес. Евразия экономикалык биримдигинин келечеги өзү көп нерсеге көз каранды. Орусиянын бийлиги кайсыл жол менен кетет, казак туугандар кандай жолду тандайт? Бири-бирин түшүнүшөбү, аягына чейин биримдик болобу? Ар бир өлкө суверенитетин сактоого аракеттенеби же империялык кылык-жорук болуп кетеби? Эгер Орусия империялык кылык-жоруктарга барса, албетте, ЕЭС тарап кетет. Мунун баары биримдикке кирген өлкөлөрдүн лидерлеринин саясий деңгээлине, көргөчтүгүнө көз каранды. Бирок албетте, эгемендик үчүн мындай коркунуч бар.

  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG