Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:53

Бажы биримдиги: өкмөт эки оттун ортосунда


Армениянын бажы биримдигине мүчө болуусуна каршы активисттер. Ереван, 4-сентябрь, 2013-жыл
Армениянын бажы биримдигине мүчө болуусуна каршы активисттер. Ереван, 4-сентябрь, 2013-жыл

Бажы биримдигине кирүү тууралуу сүйлөшүүлөрдө орток пикир табыла элек жагдайлар бар.

Бул тууралуу экономика министри Темир Сариев 16-октябрда Бишкекте маалымат жыйында билдирди жана Кыргызстан бул сүйлөшүүлөрдө өз кызыкчылыгын мүмкүн болушунча коргойт деп ишендирди. Айрым эксперттер кээ бир тармактар үчүн оор болорун айтып, расмий Бишкекти Бажы биримдигине кирүүгө ашыкпай турууга чакырып келет.

Кыргыз өкмөтү Бажы биримдигине кирүү боюнча жол картаны эмки, ноябрь айынын этегине чейин даяр кылганы жатат.

Экономика министри Темир Сариев учурда сүйлөшүүлөр уланып жатканын, бирок Кытайдан келген товарлар сатылган базарлар өңдүү түйүндүү маселелер бар экенин ырастады:

Украина. Бажы биримдигине каршы акция. 5-апрель, 2013-жыл
Украина. Бажы биримдигине каршы акция. 5-апрель, 2013-жыл
- Биз мүмкүнчүлүк болушунча биздин ишкерлердин жана элибиздин кызыкчылыгын сактап калышыбыз керек. Ошонун алкагында бир топ талаш-тартыштар бар. Аларды сүйлөшүү жолу менен чечебиз. Анын ичинен негизинен “Мадина”, “Кара-Суу” жана “Дордой” базарларынын иштөө режими. Алар кандай режимде иштейт, бизге кандай жеңилдиктер болот? Экинчиси - бизге киргизилип жаткан товарлардын ставкалары. Анткени ставкалар жогору болсо баа өсүп кетет. Үчүнчүсү - техникалык регламент деп коёт, товарларды сатканга берилчү сертификаттар боюнча маселелер бар.

Министр Сариев Бажы биримдигине кирсе, Кыргызстанда тигүү тармагы көбүрөөк зыянга учурай турганы атайын иликтөөдө аныкталганын кошумчалады:

- Тигүү тармагы боюнча албетте биздин өз ордубуз бар. Бирок эми сапатын көтөрүшүбүз керек. Азыркы талаптарга жооп бергендей болушубуз керек.

Экономист Кубанычбек Идинов Бажы биримдигине кирүү демилгесин колдогондордун бири. Анын баамында, Кыргызстан Бажы биримдигине кирбесе экономикалык жактан чектелип калат:

- Кирбей койгонго да болбой жатат. Анда биз арабөк болуп калганы жатабыз. Эки оттун ортосунда калган биздин өкмөт убакыт бергиле, элге катуу тийбей акырындык менен өткөндөй кылып мүмкүнчүлүк бергиле деп сурап атат. Ошонун жолун издеп жатат, менимче, анын деле ыгын табышат го. Негизинен Орусия макул болуп жатат, Казакстан деле каршы болгон жок. Азыр эми Беларусту көндүрүү керек.

Талдоочу Азамат Акелеев Бажы биримдигине кирүү боюнча сүйлөшүүлөр татаал жана көпкө созулушу ыктымалдыгын айтууда:

- Берген 77 сунуштун 30га жакынын кабыл алышты. Бирок базар, өнүктүрүү фонду жана жардамдар өңдүү эң негизгилери кабыл алынган жок. Сүйлөшүү кыйын эле болот. Анткени Бажы биримдигинин ичинде чечимдер макулдашуу негизинде кабыл алынып жатат. Бул биз берген сунуштарга үч мамлекет тең макул болушу керек дегенди билдирет. Ошол эле убакта бул үч мамлекеттин ичинде өз ара пикир келишпестиктери болуп жатат. Айыл чарба продукциялары, импорттук квоталар жана көптөгөн маселелер бар. Бул жерде Кыргызстанды Бажы биримдигине кошобуз деген Орусия эле болуп жатпайбы.

Бажы биримдигине учурда үч мамлекет: Орусия, Беларус жана Казакстан мүчө. Былтыр жыл башында аталган өлкөлөр жалпы экономикалык мейкиндик түзгөн жана ага ылайык, акча, жумушчулар, түрдүү тейлөөлөр жана товарларды эркин алмашуу башталган.

Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев эң ириде Казакстан жана Орусияда иштеп жүргөн мигранттарга пайдалуу болорун жүйөө кылып, расмий Бишкек бул уюмга сөзсүз кошулаарын айтып келет. Кыргыз өкмөтү Бажы биримдигине 2014-жылдын аягына чейин кошулууну пландаштырууда.

XS
SM
MD
LG