Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:15

Бажы биримдиги: бир кадам алга, эки кадам артка


Бажы биримдигине каршы акция, Украина. 2013-жыл.

Бажы биримдигине каршы акция, Украина. 2013-жыл.

Ушул тапта Украин кризисинин желаргысы менен, Кыргызстандын Бажы биримдигине кирүү пландары боюнча талаш дагы курчуду.

Бул биримдик Кыргызстан үчүн жылыш болобу же өлкө орусиялык империянын туңгуюгуна түшүп тынат дегенди билдиреби? А балким башка, үчүнчү жол бардыр?

Башкасын айтпаганда да, көпчүлүктүн көңүлүндөгү Бажы биримдигине кошулуу боюнча талашты алсак, эки тарап караманча эки башка нерсени айтып, элдин башы маң болуп турган чак.

Ушул аптада өткөн парламенттик талкууда премьер-министр бул биримдикти колдоп сүйлөдү, бирок маселе канчалык талылуу экенин эске алгандай, сактанып сүйлөдү. Ошол эле учурда "Батыштын чачпагын көтөрөт" деп сынга кабылган депутат Бажы биримдигине кирсе эле Кыргызстан кыйраканга учурай тургандай, "Бажы пошлинасы 12 пайызга көтөрүлөт, тамак-аш, кийим-кечек баасы 40 пайызга чейин өсөт" деп күйүп-бышты.

Кыргыз парламентиндеги бул кайым айтыш бүгүн дүйнөлүк геосаясатта орун алып жаткан чоң чабыштардын бир серпиндиси гана. Анткени Кансыз согуш бүткөнүнө 20 жыл өтүп-өтпөй, бүгүн экинчиси башталгандай. Ири оюнчулар өз ара жакалашып жатканда, Кыргызстанга окшогон майда өлкөлөр эки дөөнүн ортосунда калган кара чымын болуп калбайбы? Билермандар бул өлкөлөрдүн ак-караны ажырата билгенине жараша болорун айтышууда.


Мисалга алсак, бүгүн-эртең Казакстан кошулат деп жаткан Евразиялык биримдикти азыр Европа биримдигине салыштырып, көкөлөтө мактап жатышат. Бирок тарыхты жана бүгүнкү кырдаалды билген адам үчүн бул эки уюмдун ортосундагы айырмачылык асман менен жердей. Учурда Чехиядан Европа парламентине шайлоого талапкер болуп катышып жаткан экс-сенатор Яромир Штетина:

- Евробиримдик демократиялык салты бар өлкөлөрдөн турат. Ал эми Евразиялык биримдиктегилер авторитардык, алтургай диктатуралык мүнөзгө ээ, - дейт.

Штетина Чехияда кезегинде экс-советтик жумурияттардагы куралдуу жаңжалдарды чагылдырган согуштук кабарчы жана баяндамачы катары кеңири таанымал. Анын көз карашында, Орусияны демократиясы өнүккөн өлкө деп айтууга болбойт:

- Кыргызстан Евроазиялык уюмдарга кошулса эмне болорун айта албайм, бирок Орусия либералдык өлкө дегенге мен макул эмесмин. Албетте сталиндик репрессия азыр жок, бирок коңшуларына карата агрессиялык саясатын биз кантип демократия деп атайбыз? Ошол эле Грузия, Түштүк Осетия, Абхазия, азыр эми Крым, Украинанын чыгыш аймактары эмне болду? Кайдагы либералдык система тууралуу сөз кылабыз?
Өзбекстанда каракалпактар бөлүнөбүз деп чыгышты. Аларды козуткан атайын адамдар бар. Бул маселе Кыргызстанда да бар. Кечээ 9-май күнү Орусиянын желегин көтөрүп чыгышты. Бул Кыргызстандын расмий майрамы. Согушта кызыл желек болгон.


СССРди эңсегендер Москва жолдорду куруп, мектеп салып, дарыгерлерди даярдап, маданиятка шарт түзүп бергенин эстешет. СССР идеологиялык мамлекет болгондуктан, идеологиялык максатта социалдык жыргалчылыкты камсыздоого көп каражат жумшалганы чын. Ошол эле убакта кыргыздар бул өлкөнүн карамагында орустар менен теңата турмуш кура албаганын да унутууга болбойт.

Акылбек Атабаев коомдук ишмер:

Биз СССРде туулуп-өстүк. Кыргызстанда чоң заводдордо жогорку кызматтарга кыргыздарды жолотушкан эмес. Саясат ошондой болгон. Азыр деле Москвада аскердик академияда окуп жүргөндөр айтып келип жатышат. Аларга бир бөлөк, орустардын өздөрүнө жабык, башка нерселерди окутушат.

Атабаев Бишкек Фрунзе деп аталып, калкынын дээрлик 90 пайызы орустар болгон заманда кыргыздар кандай сегрегацияга туш болгонун мындайча эскерет:

СССРдин убагында, мурдагы Фрунзе шаарында азыркы Чүй көчөсү менен Фучик көчөсүнүн кесилинде шлагбаум болгон. Биздин айылдан келген аксакалдарды ошол жерден ичкери өткөрүшкөн эмес. Таластан келгендерди Жалал-Абадга барып дарылангыла деп кайтарып, Фрунзеге киргизген эмес. Ал эми Орусиядан бүткөн чачтарач, башка жаш адистерди алып келип, үч айдын ичинде жаш адис деп батир менен камсыздашкан. Ал кездерде эл кыңк дей алган эмес, ошондуктан бул маселелер көтөрүлгөн эмес.

Орусия Крымды аннексиялап алгандан кийин Казакстандын аймактык бүтүндүгүнө коркунуч келтирүүчү сөздөр айтыла баштады. Өзбекстандын карамагындагы Каракалпакстанда жикчил күчтөр баш көтөрүштү. Тажикстандын Бадахшан автоном облусунда тополоң чыкты. Акылбек Атабаевдин көз карашында, бул окуялар кыргыз, каракалпак өңдөнгөн майда элдер үчүн гана эмес, Өзбекстан сыяктуу ири өлкөлөр үчүн да өтө кооптуу көрүнүш.

Сабыр Абдымомунов менен маегинде Атабаев Орусияга кирүү маселеси бул өлкөнүн атайын жүргүзгөн саясатынын аркасы менен ар жерде, анын ичинде Кыргызстанда көтөрүлүп жаткандыгын эскертти:

– Орусиянын курамына кирүү маселеси жөндөн-жөн пайда болгон жок. Өзбекстанда каракалпактар бөлүнөбүз деп чыгышты. Аларды козуткан атайын адамдар бар. Бул маселе Кыргызстанда да бар. Кечээ 9-май күнү Орусиянын желегин көтөрүп чыгышты. Бул Кыргызстандын расмий майрамы. Согушта кызыл желек болгон. Орусиянын азыркы желегин көтөрүп чыкканы Орусияга кошулабыз дегенден болуп жатат.

Кыргызстан 19-кылымдагы Чоң оюндун мезгилинде дөө-шаалардын таман алдында калып, жери да, эли да ар өлкөдө калып калган. Өлкө өз алдынчалыкка жеткен менен, ар түрдүү себептерден улам, бүгүн суверендүүлүккө үстүрт мамиле улам басымдуулук кылып баратканы байкалат. "Ишенген кожоң сууга акса, алды-алдыңан тал карма" демекчи, СССР кайра тирилбей эле, ага чейинки империялардын карааны аралап жүргөндө, ар ким өз арбайын өзү согуп жаткан чак.
Бажы биримдигине каршылардын нааразылык акциясы. 5-май, 2014

Бажы биримдигине каршылардын нааразылык акциясы. 5-май, 2014



Бирок илгеркидей азыр оңой менен ар ким бүтүндөй элдин тагдыры менен каалагандай чакмак ойной албайт. Ошондуктан, майда мамлекеттердин тагдыры алардын өздөрү жүргүзгөн саясатка, эл башчылары канчалык тың же жармач экендигине да жараша болууда.

Бажы биримдигине чакыруу алгандардын катарынан Тажикстанды таба албайсыз. Бирок бул өлкөдө да «империалисттик долбоорлорго» тартуу аракеттери жүрүп жатат. Бул тууралуу Дүйшөмбү калаасында жашаган аналитик Саимуддин Дустов мындай дейт:

– Тажикстанды аябай эле чакырып жатышат. Өлкөдө евразиялык долбоорлорго шарт түзүү менен алектенген уюмдар иштеп жатат. «Евразиялык» эксперттербиз дегендер ат тезегин кургатпай келип, Улуттук университетке, тажик-орус Славян университетине барып, конференция, семинарларды өткөрүшөт. Депутаттар тобу Бажы биримдигине, Евразиялык биримдикке кошулууга мыйзамдарды даярдап жатышат. Бирок Тажикстанда саясий элита жалпысынан мындай аракеттерди колдогон жок.

Тажикстанга телефон чалганымда, «Индем» аналитикалык борборун жетектеген Саидмуддин Дустов Кыргызстанда жетекчилердин көбү эски түшүнүктөрдүн туткунундагы адамдар экендигин белгиледи:

- Менимче, Кыргызстандагы азыркы элитанын көбү орусиячыл, эски советтик психологиянын жана колониалдык нукта ойлонушат. Алар Москванын уруксаты жок иш алып барса болорун элестете алышпайт. Кремлдин каш-кабагына карап иш кылышат. Алар Кремл жем бергендиктен гана, саатым иштеп жатат деп ойлошот.

Тажикстандык аналитиктин пикиринде, Кыргызстан Бажы биримдигине аргасыздан кошулуп жатат. Бирок Тажикстан сыяктуу эле Кыргызстан да башкалар менен теңата, өз алдынча саясат жүргүзө алат.

Чехиялык саясатчы Яромир Штетина да бүгүн пост-советтик жумурияттардын өз алдынча оокат кылууга мүмкүнчүлүгү бар экенин белгилейт.

Эгер болбой эле, СССРге окшогон биримдик пайда болсо, ошол кездегидей социалдык жыргалчылыктар болору күмөн, бүгүн Орусия өз кызыкчылыгын биринчи орунга коерун жашырбайт деле. Демек, жаңы мамилелер неоколониалдык нукта кетет болуш керек. Бул демек, өлкөлөр көз карандысыздыгын сактап калат, бирок алардын ресурстары салыктан качуу аркылуу, жана башка жолдор менен ташылып кетет.

Буга бүгүнкү Африка өлкөлөрү күбө. Мисалы Конго Африкадагы эң бай өлкөлөрдүн бири, бирок коррупциянын жана ар кандай көз боёмочу схемалардын аркасы менен чет элдик компаниялар өлкөнүн байлыгын шыпырып кетип, Конгонун эли илгеркидей эле итке минген турмушта жашап келет.

Ошол эле мезгилде колониализмдин кесепетин жоюп, өз алдынча турмуш куруп кеткен өлкөлөр жок эмес. Арасында Түштүк Африка жумуриятын, Мароккону атасак болот.

Ушундан улам, марокколук баяндамачы Ибрагим Бакас мага бүгүнкү күндө империя куруу оңой-олтоң болбой тургандыгын мындайча билдирди:

- Украинадагы окуялардан кийин Орусия падышачылык мезгилге, 1917-жылга чейинки заманга кайтып келгиси келет деп ойлоп калдык. Бирок бүгүн эл ага жол бербейт. Путин аракет кылып көрөт, бирок жаңы колониализмге көпчүлүк макул болот деп ойлобойм.

Украинада Путин чоң ката кетирди. Бизде бир макал бар. Түн ичинде сүйгөнүнө келем деп жигит бүт кошуналардын итин ойготуп салыптыр. Анын сыңарындай, Крымдан кийин Орусиянын кандайдыр бир чоң империялык долбоорду ишке ашырганга шарты жок.
Мындан тышкары, Бажы биримдигинде башка мүчө өлкөлөр Кыргызстандын кызыкчылыгын канчалык коргошот, бул өзүнчө маселе. Ар ким өз көмөчүнө күл тарткан заманда эгер Кыргызстан өз кызыкчылыктарын өзү корубаса, көз карандысыз деп саналган менен, ит оозунан чөп албаган момундугунан уттуруп коюшу мүмкүн.

22-майда "Азаттыктын" түз эфирдеги талкуусунда Кытай аркылуу темир жол куруу боюнча сөз болгондо саясатчы Эдил Байсалов мындай деди:


- Кытайдан Кыргызстанга темир жолдун курулушуна ошол эле Казакстан, ошол эле Орусия кызыкдар эмес. Бул кадимки эле саботаж. Ал эми бизде, мамлекеттик кызыкчылыкты коргой турган адамдар, анын ичинде тышкы иштер министри «Бизге мындай жолдун кереги жок, бизге Тажикстан менен Казакстандын ортосунда темир жол куруш керек” деп жатат. Бизде Казакстан менен да, Тажикстан менен да байланыш бар. Азыр Бажы биримдигине альтернатива жок деп атышат. Ошол альтернативаны түзүп коюш керек. Жол курулушу керек. Петр Iдин эң башкы жетишкендиги - Европага терезе деп Санкт-Петербургду курдурган.

Дүйнөлүк саясатта соңку жылдары Орусия, Кытай, Индия сыяктуу мамлекеттер АКШ менен теңата болуп чыгышууда.

Байкоочулардын сөз кыясында, акылуу музоо эки уйдун эмчегин эмет демекчи, жаңы дөө-шаалардын чок ортосунда жайгашкан Кыргызстан акылман саясаты менен көз карандысыздыгын да сактап, бардар турмушта да жашап кете алат.

Анын үстүнө Крым чатагынан улам бүт дүйнөгө бети карарган Орусиянын азыр аша чаап, алабармандыкка барары күмөн туудурат. Ушуга байланыштуу, тажикстандык аналитик Саимуддин Дустов эл оозундагы бир лакапты эскерди:

Тажикстанда да калктын аз эле дегенде жарымы СССР болсо кана, бекер билим алат элек, саламаттык системасы да бекер болот эле деп эңсешет. Бирок дүйнө өзгөрдү, экинчи СССР болбойт. Ал эми жаңы империяларды айтсак, Украинада Путин чоң ката кетирди. Бизде бир макал бар. Түн ичинде сүйгөнүнө келем деген жигит бүт кошуналардын итин ойготуп алыптыр. Анын сыңарындай, Крымдан кийин Орусиянын кандайдыр бир чоң империялык долбоорду ишке ашырганга шарты жок.

Сабыр Абдымомуновдун А. Атабаев менен маеги колдонулду.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG