Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:53

KG: Хакерлер өкмөттүк сайттарды бузду


Хакерлердин чабуулунан кийинки сайттардын көрүнүшү. 20.02.2013
Хакерлердин чабуулунан кийинки сайттардын көрүнүшү. 20.02.2013

Өзбекстандык хакерлердин “Clone Security” деп аталган тобу кыргызстандык сайттарга чабуул койгонун мойнуна алды.

20-февралда Бишкек убактысы боюнча кечки саат сегиздерде Ички иштер министрлигинин www.mvd.kg, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин антитеррордук борборунун http://atc.kg, Мамлекеттик мүлктү башкаруу корунун http://spf.gov.kg сайттары бузулду. Андан башка дагы “Air Bishkek” авикомпаниясынын http://airbishkek.kg, http://sayasat.kg жана http://gde.kg интернет cайттары талкаланды.

ИИМдин басма сөз кызматынын өкүлү Жоробай Абдраимов “Азаттыкка” шаршембиде кечинде болгон чабуулду мындайча комментарийледи:

- Анчалык деле чоң өзгөрүү жок. Бирок хакер чабуул болгону чындык. Эртең мененкиге чейин баарын тактайбыз. Он күн мурда эле өкмөттүн расмий сайтына да ушундай эле чабуул болгон.

Чабуулдан кийин жогоруда аталган сайттардын башкы бетине чыккан сөздөргө караганда, аны өзбекстандык хакерлердин “Clone Security” деп аталган тобу жасаган. Алар “Биз расизмге каршыбыз” деп жазып коюшкан.

Бул топтун ысымын ачыктабаган өкүлү “Азаттыктын” өзбек кызматы менен маегинде чабуулду 2010-жылдагы улут аралык кагылышка, өзбек азчылыгынын укуктары андан бери деле корголбой жатканына байланыштырды.

“Clone Security” буга чейин Өзбекстандын мамлекеттик телеканалынын, Саламаттыкты сактоо министрлигинин сайттарын бузган.

XS
SM
MD
LG