Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:06

Нарын: талапты тоготпогон "инкарчылар"


Нарын
Нарын

Акыркы кезде Нарында “Йакын инкар” жамаатынын мүчөлөрү көбөйгөнү байкалган. Облустук ички иштер башкармалыгы жыл башынан бери бул жамааттын 117 мүчөсүн кармап, эскертүү берген.

Учурда "Йакын инкар" жамаатынын мүчөлөрү облустун Нарын, Ат-Башы жана Ак-Талаа райондорунда көбөйгөнү айтылууда. Облус жашоочулары арасында буларды жактагандар да, жектегендер да бар.

- Сакалын, чачын өстүрүп алышат. Узун кийимдерин көрсөм эле кыжырым кайнайт. Намазын окушсун, ага каршылык жок. Бирок эл катары жарашыктуу кийинип алууга эмнеге болбосун?, - дейт “инкарчылар” тууралуу Нарын облусунун тургуну Темирбек Муратбеков.

Темирбек айткан “Йакын инкар” жамаатынын үч мүчөсүн Нарындагы борбордук мечиттин имаратынын жанынан жолуктурдук. Жума намаздан жаңы эле чыккан “инкарчылар” даават кылуу максатын көздөп турушкан экен. Бирок үчөө тең кайдан келгенин жашырып, аты-жөнүн атаган жок. Жашы кыркка чукулдап калганы гана берген сурообузга мындай жооп узатты:

- Туура динди пайгамбарыбыз Мухаммед жана анын сакабалары алып келген. Алардын басканы, кийингени туура болгон. Биз ошол жолду улантуу үчүн аларга окшошууга аракет жасап атабыз. Ал эми даават пайгамбарыбыздан калган мурас. Дааватта биз төрт масхабдын бирине да, үмөттөрдүн кылган ишине да кийлигишпейбиз. Пайгамбарчылык башынан эле көз карандысыз болгон. Ошондуктан тигил же бул органга кайрылып, уруксат алуунун өзү туура эмес. Мээнет кылсак, Аллах өзү көзөмөлдөйт. Бизди "уруксат албайсыңар" деп жоопко тарткандары - бул кыйынчылык. Дин кыйынчылык менен келет. Мунун баары убактылуу нерсе. Бир убак келет эл бизди түшүнөт.

Буга чейин Нарын облустук казыяты “Йакын инкар” жамаатынын мүчөлөрүн, дегеле уруксаты жок даават кылгандарды мечитке киргизүүгө тыюу салганын кабарлаган. Мындан улам алыстан келген “инкарчылар” кышында кар үстүндө уктап калган учурлар да кездешкен.

Ак-Талаа районунун Үгүт айылында да дин жолуна түшкөндөр басымдуу. Айылдагы мечиттин имамы Алтынбек Канкожоевдин айтымында, “инкарчылар” да жок эмес.

- Үмөттөрдүн башы бөлүнө турган болсо, шайтан ортого чок салат деп аларга айтып эле жатабыз. Даават кылганга уруксат алгыла десек угушпайт. Биздин айылда бул жамааттын бирин-серин мүчөсү бар. “Инкарчылар” дүнүйөгө кызыкпайт деп коюшат. Бирок булар бизге караганда бардар турушат. Ар биринде трактор, комбайн деген бар.

Айыл өкмөтүнүн башчысы Айгүл Орозобекова болсо бул жерде тургундардын 30 пайызга чукулу дин жолуна түшкөнүн айтканы менен “инкарчылар” да бар деген маалыматты ырастаган жок.

- Арак ичип, уруулук кылгандан көрө намаз окуганы жакшы эмеспи. Буга чейин “силерде дин жолундагылар көп” деп УКМКдан, Нарын облустук ички иштер башкармалыгынан келип текшерип, сурап кетишкен. Бирок биздин айылда башка диний агымга кошулгандар жок. Мындан жарым ай мурда мечитке уруксаты жок дааватчылар келип, аларды тиешелүү органдар алып кеткен.

Нарын облустук ички иштер башкармалыгынын 10-бөлүмү тарабынан облустун аймагында жыл башынан бери “Йакын инкар” жамаатынын 117 мүчөсү кармалган. Алардын көбүнө административдик айып салынып, эскертүү берилгенден кийин кайра коё берилген экен. Аталган бөлүмдүн башчысы Руслан Осмоналиев:

- Негизи мыйзамсыз даават кылды деп камакка алынбайт. Биз дин кызматкери менен мыйзамсыз даават кылгандарды жөнгө салуу үчүн буюртмаларды, эскертүүлөрдү беребиз. Аларды аткарбаса гана административдик жазага тартып, камакка алабыз. Беш күнгө чейин камалып, 300дөн 500 сомго чейин айып салынат. Ал эми буюртманы аткарам дегендерге эскертүү гана берилет.

Акыркы жылдары көбүрөөк каттала баштаган “йакын инкарчылар” Кыргызстандагы диний-экстремисттик уюмдардын тизмесине кирбейт. Кыргызстандын муфтийи Максат ажы Токтомушев “Азаттыкка” берген интервьюсунда “йакын инкарбыз” дегендер коопсуздукка коркунуч келтирбесин билдирген эле:

- Бул жамаат – сопулук ишине өтүп кеткендер. Курсагы тойсо болду. Өзүмдүн курсагым тойсо болду деп, аялын, бала-чакасын таштап кетип калгандар. Мамлекеттин саясатына кийлигишпейт. Коркунучу жок. Зыяны өздөрүнө эле.

"Йакын инкар" диний тобу Кыргызстанда дааватчылык деп таанылган "Таблиги жамаат" кыймылынан бөлүнүп чыккан топ катары айтылып келет. "Таблиги жамаат" кыймылына болсо кошуна өлкөлөрдө таптакыр тыюу салынган. Ал гана эмес Кыргызстан мүчө болгон Жамааттык коопсуздук келишими уюму буга чейин "Таблиги жамааттын" ишмердүүлүгүнө тыюу салуу сунушу менен да кыргыз бийлигине кайрылганы маалым.

XS
SM
MD
LG