Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:29

Бооруна мите жармашкандар көбөйдү


Ит, мышык, келемиш же карышкырдын гана оорусу делген боордун бир нече сантиметрлик мите курту коркунучтуу ооруларды козгойт
Ит, мышык, келемиш же карышкырдын гана оорусу делген боордун бир нече сантиметрлик мите курту коркунучтуу ооруларды козгойт

Кыргызстанда малдын саны арбыганы менен, ветеринардык көзөмөлдүн жетишсиздигинен боордун мите курт оорулары жылдан-жылга арбып, аны менен ооругандар жашарып баратканын адистер белгилешүүдө.

Айрыкча Алай, Ат-Башы, Нарын, Талас, Суусамыр жана Токтогул аймактарында эхинококк, альвеококк менен ооругандар көбөйдү. Убагында адиске кайрылбагандан улам айрыкча альвеококк куртун жуктургандар айыккыс кырдаалга кептелип, көп учурда жарык менен кош айтышат.

Оор химиялык дарылоо жана операциядан кийин да альвеококк куртун айыктыруу мүмкүн эместигин адистер өкүнүч менен белгилешүүдө. Баш калаадагы Улуттук хирургиялык борбордо боорундагы эхинококк куртун операция менен алдырып жаткандардын эң кенжеси Нарындын Эмгекчил айылынан келген беш жаштагы Алия экен:

Эхинококкоз жуктуруп алган 5 жаштагы Алия
Эхинококкоз жуктуруп алган 5 жаштагы Алия

- Атым Алия, беш жаштамын. Атама жардам берип короодогу козуларды көп кармачумун. Азыр эхинококк болуп догдурлар ичимди кесишти. Катуу ооруду. Козу кармагандан кийин колумду жуубай койгондон жугуптур.

Ал эми 38 жаштагы Оштун Кара-Суу районунан келген Гүлмира Кулуева боорундагы альвеококк курту тууралуу диагноз кеч коюлуп калгандан улам оорусу өтүшүп кеткенин айтып кейиди.

Гүлмира айым да мал кармачу. Альвеококк куртун 2008-жылы жуктурганы, 2012-жылга чейин аныкталбай жүрүп, быйыл боорунун 82% операция жолу менен кесип койгонун “Азаттыкка” айтып берди:

Гүлмира Кулуева
Гүлмира Кулуева

- Алгач мага врачтар диагнозду туура эмес коюшуптур. Ошондон улам дартым аябай күчөп кеткен. Боордогу структуралык жара деген диагноз менен Ош шаарында бир нече жыл дарылангам. 2012-жылы альвеококк деп шектенип болжолдуу эле диагноз коюшкан. Боорумду бул мите курт чиритип жей бериптир. Операция болгонума бир апта болду. Азыр кусуп кыйналып жатам. Боорумдун 18% эле калды. Калганын кесип алып коюшту.

Адатта ит, мышык, келемиш же карышкырдын гана оорусу катары эсептелген боордун бир нече сантиметрлик мите курту алардын заңы аркылуу кой, эчки сыяктуу малга өтөт. Эхинококк менен альвеококктун алдын алуунун эң башкы жолу ветеринардык көзөмөлдү күчөтүп, жыл сайын мезгил-мезгили менен ит, мышыктарга боордун мите куртуна каршы дары берип туруу зарыл. Оору тууралуу “Азаттыкка” Кыргызстандын эмгек сиңирген хирург-дарыгери Асанбек Сыдыгалиев буларды айтып берди:

- Альвеококк курту боорду жеп салат. Муну алдын алуу үчүн жыл сайын дарыгердин көзөмөлүнөн өтүп туруу зарыл. Ички органдарды жылына жок дегенде бир жолу ультраүндүк аппарат менен текшертүү керек. Эгер оорулуу маалында догдурга кайрылса, анда аны сактап калуу мүмкүнчүлүгү артат. Белгилери көп билинбейт. Кичине боор салаңдап ооруп, ар кандай аллергиялык реакциялар башталат. Өтө деле байкалган белгиси болбойт. Андыктан адиске текшерилип туруу абдан маанилүү.

Ал эми адамдарда мындай коркунучтуу курттарды болтурбоонун жолу жеке тазалыкты туура сактап, сырттан мал, ит-мышык кармап киргенден кийин колду таза жууш керек дешет адистер. Улуттук хирургиялык борбордун башкы анестезиолог врачы Жамиля Чыңгышева элди табып, бүбү-бакшыларга эмес, ооруканадан диагноз койдурууга чакырды:

- Жылына бир же эки жолу текшерилүү менен гана бул ооруну аныктай алабыз. Кадимки эле флюорографиядан өтүп турушса, мындай оор натыйжалуу дартка кабылышпайт эле. Бизде адамдар ушунчалык кеч болуп калганда кайрылышат. Ага чейин ар кайсы кыргызчылык ырымдарын кылышып, ташка, музга сыйынып, бүбү-бакшыларга барып ооруну өрчүтүп алышууда. Бейтаптардын жашы барган сайын ылдыйлап баратат. Кичинекей балдарга да жугуп, боору жарабай калган учурлар бар. Алай, Ат-Башы, Нарын, Талас, Токтогулдан ооруп келгендер көп.

Кыргызстанда азыр канча кишинин боорунда жаныбарлардан жуккан мите курт оорусу бар экени белгисиз. Бирок анын эң эле коркунучтуусу болгон альвеоккоз менен жылына кеминде 130 киши бооруна Улуттук Хирургия борборунан операция жасатууда. Операция да арзанга турбайт. Химиялык дары-дармекти узак убакыт ичүүгө туура келет.

Адистер кыргызстандыктар көбүнчө оорусу күчөп таптакыр айла кетип, өлүм алдында гана дарыгерлерге келип жатканын айтышууда. Бул дарттарды алдын алуунун эң башкы жолу өлкөдөгү ветеринардык абалды кылдат көзөмөлгө алып туруу керектигин дарыгерлер эскертишет.

  • 16x9 Image

    Бактыгүл Чыныбаева

    “Азаттык” үналгысынын Бишкектеги кабарчысы, журналист, котормочу, илимий кызматкер. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жана Лондондогу эл аралык Кэмбриж академиясынын бүтүрүүчүсү.

XS
SM
MD
LG