Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 09:38

Исфанадагы тынчтык


Адахам Кузиев (оңдо) кыргызчаны жаштайынан эле билээрин айтат, Исфана, 22-август, 2012

Адахам Кузиев (оңдо) кыргызчаны жаштайынан эле билээрин айтат, Исфана, 22-август, 2012

Кыргызстандын борборунан эң алыстагы Баткендин Исфана шаарында калктын 70% өзбектер түзөт. Бирок Оштогу эки жолку улуттар аралык кагылыштар учурунда бул жерде жаңжал тутанышына жол берилбеди.

Балалыгы Исфанада өткөн кабарчыбыз Төрөкул Дооров кайрадан кичи мекенине барып, шаар калкынын тынчтыкка мамилесин эки башка адамдын мисалынан тапкысы келди.



Лейлектин борбору Исфана шаарындагы базар жайдын мөмө-жемишке бай токчулук мезгилинде кыжы-кужу элге жык. Арка айылынан кишмиш жүзүм, Кулундудан кургатылган өрүк, Көк-Таштан алма, керек болсо, Өзбекстандан помидор, Тажикстандан чөп-чар, иши кылып, баарын ушул жерден табасың.

Исфана базары, 22-август, 2012

Исфана базары, 22-август, 2012

Мен жер жемиштер сатылган катарлардан өтүп, базардын ылдый жагындагы автобекеттин маңдайында 20 жылдан бери иштеп турган балмуздакканага киргим келди. Кичинемде атам мени бул жерге көп алып келчү.

Бул жерде балмуздакты дайыма бир өзбек эже сатчу, чындап айтсам, биз балмуздакты башка бирөөлөрдөн алганыбыз эч эсимде жок. Бирок бүгүн ал иштебейт экен. Ордуна иниси туруптур - Адахам.

Адахамдын балмуздагы

“Мен өзүм Кыргыз улуттук университетинде окуйм. Каникулга чыккан сайын акыркы эки жылдан бери ушул жерде ата-энеме жардам берип иштейм. Келгендердин арасында өзбектер да, кыргыздар да көп”, - дейт ал.

Адахам азыр 21 жашта. Апасы мектепте мугалим, атасы Исфанадагы кафелердин биринде ашпозчу болуп иштейт. Мен андан “Бишкекте кыргыз балдар бөлбөйбү?” деп сурадым.

Адахамдын балмуздакканасына балдарын алып келген аял, Исфана, 22-август, 2012

Адахамдын балмуздакканасына балдарын алып келген аял, Исфана, 22-август, 2012

“Жок, бизде андай жок. Мен өзүм мектеп жашымда түрк лицейине кирип, ошол жерде эле кыргыз балдар менен достошуп, кыргызчаны жакшы үйрөнүп алгам. Анын үстүнө, бизде бөлүү деген башынан эле болгон эмес. Азыр Бишкекте да андай жок. 6-7 жылдан бери достошуп жүргөн кыргыз балдар бар. Досторумдун арасында нарындыктар да көп”, - дейт Адахам.

Ал бул жерде жайы бою иштептир. “Тапкан акчамды ата-энеме берем, калганы окуума контракты жапканга кетет”, - дейт. Ошентип мен анын колунан балмуздак жеп, автобекеттин ары жагына өттүм.

Автобекетте эмне көп - такси көп! Исфанада акыркы жылдары мурдагы килейген айланма сары автобустардын ордуна Бишкектегидей маршруткалар, майда “Tico” машинесин айдаган таксисттер көбөйдү. 15 сом менен такси сизди шаардын тээ жогорку кичи райондоруна алып барып коёт. “Тикону” бул жерде негизинен өзбектер айдайт.

Ушинтип турсам, четтеги күркөлөрдүн биринде кыздардын тойго кийе турган, бирок адаттагы европалык стилдеги эмес, кыргызча көйнөктөрү көзүмө урунду. Ошол жакты карай бастым.

Гүлдана эженин көйнөктөрү

Бул жерди Гүлдана эже иштетет экен. Кичинекей дүкөнчөсү көйнөккө, желек, шөкүлөлөргө бай. Бир бурчунда ноутбук иштеп турат. Гүлдана эже тынбай эле улам компьютерге кирет, кайра сатуучуларга жооп берет, ошол эле маалда менин да суроолорума жооп бергенге үлгүрүп отурду.

Гүлдана Темирбаева тойго ылайык кыргыз көйнөктөрүн өзү үйүндө тигет, Исфана, 22-август, 2012

Гүлдана Темирбаева тойго ылайык кыргыз көйнөктөрүн өзү үйүндө тигет, Исфана, 22-август, 2012

“Кыргызча улуттук кийимдерди чыгара баштаганымдын себеби – биздеги өзбек, тажик туугандар тойлорго өздөрүнүн улуттук кийимдерин кийе башташты. Анын үстүнө, мурдатан эле кийим тигүүгө шыгым бар эле, бир жасап көрүүнү эп көрдүм. Былтыр кардарым азыраак болчу, быйыл – көйнөк талаш”, - дейт ал.

Азыр ал үйүндөгү кичинекей цехинде кийимдерди өзү эле тигет. Кыздары турмушка чыгып, үйдөгү келини эртеден кечке ооруканада жумушта жүргөндүктөн, дүкөндүн иши толугу менен анын өзүнүн мойнунда.

“Исфанада жашоо барган сайын жакшырып, элдин турмушу оңоло баштады, - дейт Гүлдана эже. Мындан беш жыл мурда ундун кабы 1000 сом болгондо ыйлап жибергендер бүгүн аны 1500 сомдон унчукпай эле алып жатат. Азыр эми бизге “Газпромдон” бензин келип, ал бир топ арзандаганына карабай, жол кире баягы эле бойдон калды. Ошого деле эл нааразы болгон жок”

Той кийимдери сатылган бул дүкөнчөдө кыргызча оймо-чийме, кайкалактары менен түрдүү көйнөктөр, шөкүлө, желек, элечек, анан хижабы менен да тигилген көйнөктөр бар экен. Бул эже өзү көп жыл мектепте кыргыз тили жана адабияты боюнча сабак берип келген. “Азыр пенсияга чыккам, бирок аялдардын укугу боюнча жер-жерлерде айыл-кыштактарга барып, семинарларды өткөрүп, түрдүү долбоорлор менен иштешем”, - дейт.

“Кардарларыңыздын арасында өзбектер да барбы?”, - деп сурадым.

“Ооба. Жакында бир көйнөктү өзбек кыз алды. Анткени анын үстүндөгү желегинде гана кыргызча кайкалактар бар болчу, ансыз орусча эле стилдеги көйнөк болуп калат, - дейт бул эже. – Мага адамдар көп келип жатканынын себеби – мендеги көйнөктөр, базардагы башка дүкөндөргө караганда, бир топ арзан. Анткени мен аларды өзүм үйдө тигем”.

Гүлдана Темирбаева

Гүлдана Темирбаева

Төрөкул Дооров: Исфананын тургундарынын жарымынан көбүн өзбектер түзөт. Бирок акыркы 20 жылда эки ирет кайталанган коогалаңдарда бул жерде тынчтык сакталып калды. Муну эмне менен түшүндүрөт элеңиз?

Гүлдана Темирбаева: Биринчиден, Оштогу окуялардын бул жерде кайталанбаганынын себеби – биздин шаарда калктын көпчүлүгү өзбектер болгону менен, райондо алар аздык кылат. Четтеги айылдардагы кыргыз жигиттер башынан эле буга ыңгайы келгенде: “Өзбектер, жөн жүргүлө”, - дегендей мааниде коркутуп келишкен. Экинчиден, айыл аксакалдары, элдин башында жүргөн эстүү, баштуулар дайыма уруштардын алдын алып, бизди тынчтандырып келишет. Үчүнчүдөн, менимче, соңку окуяларда тынчтыкты сактоодо аялдар өзгөчө күч болуп беришти. Себеби, биздеги эркектердин көпчүлүгү эле Бишкекке, Орусияга иш издеп кетип калышкан. Ошондуктан кызуу кандуу жигиттерди көбүнчө энелер тартып турушту. Мен өзүмдүн балдарымды басып, ошону эле башка тааныш аялдарга айтам. Алар да өздөрүнүн балдарына көз салат. Биз жасаган ишти өзбек энелери да жасап жатышты.

Кайсыл бир деңгээлде ушул Гүлдана Темирбаева эже, же балмуздак саткан Адахам Кузиевдин айткандары бул шаардын базарындагы элдин алыш-беришинде да байкалып тургансыды.

Дарбыз-коон саткан өзбектен кыргыз келип, беш-алтыны алып кетти. Талаадан өзүнүн картөшкө-пиязын жүктөй келген кыргыз дыйкандар ушул эле жерде өзбектер менен дүңүнөн соода кылып жатышат. Буларды карап, Исфананын калкын оңой менен бири-бирине кайрай албайсың деген ой пайда болот. Бирок чынында эле ушундайбы?

Мени дагы эле баягы суроо кызыктырат: Улуттар ортосунда эки жолку кагылышты тең сырттагы нерсе катары гана угуп, өздөрүндө ага жол бербеген Исфанада тынчтык дегенди кандай түшүнүшөт?

Буга эми Лейлек районунун акими Тилеберди Ариповдон жооп издедим. Анын саясатчы катары өзүнүн жообу бар эле.

“Дипломатия академиясы”

Тилеберди Арипов: Лейлекти көбүнчө тамаша иретинде “дипломатиянын академиясы” деп коюшат. Биздин элибиз, чындап эле, өзгөчө дипломат, өзгөчө толеранттуу жана акыл-эс менен иш кылат. Акыркы 20 жылдагы улуттар ортосундагы жаңжалдар учурунда чырдын баарын ушул Лейлектен баштайбыз дегендер да, түрдүү карасанатай ойдогу аракеттер да болгон. Мисалы, апрель окуяларынан кийин Исфанада кыргыз-өзбек жигиттеринин өзүнчө тобу чырлашып, ал бир топ эле чоң жаңжалга айланып кете жаздады. Ошондо да биздин салабаттуу аксакалдарыбыз, элибиз бекем туруп, эки тарапты тең басып: “Токтогула! Биз бир элбиз, тамырыбыз, тилибиз, динибиз бир”, - деп андайга жол бербеди. Азыр деле кыргыз менен өзбектин же кыргыз менен тажиктин ортосунда түтөп турган нерсеге от жагып жиберүүнү каалагандар бар. Бирок ошондой учурларда бизде карыбы-жашпы, аялбы-эркекпи, айтор, баары муну жеке өздөрүнө өтө жакын кабыл алып, андан качканга аракет кылышат.

Лейлектин акими Тилеберди Арипов

Лейлектин акими Тилеберди Арипов

Төрөкул Дооров: 2010-жылдагы Оштогу, Жалал-Абаддагы окуялардын себебинин бири катары айрымдар бийлик башында өзбек улутундагы адамдардын болбогонун айтып жүрүштү. Сиздер Лейлекте тынчтыкты сакташ үчүн өзбек улутундагы лидерлерди да айрым жогорку кызматтарга аласыздарбы?

Тилеберди Арипов: Биз муну план катары карабашыбыз керек. Кызматта улутуна эмес, иш билгилигине караган оң. “Өзбектен мынча, тажиктен анча” болсун деген квота сыяктуу талаптын өзү элди бөлүп-жаргандыкка тете. Мындайга биз такыр жол бербешибиз керек.

Лейлектин акими Тилеберди Ариповдун пикири ушундай болду.

Чындап эле ийиндеш жашаган эки улуттун ортосунда канткенде этностук ажырым чыкпашын камсыздаса болот? Исфананын мисалы кыргыз-өзбек улуттары бирдей жыш отурукташкан Кыргызстандагы башка айыл-шаарларга мисал боло алабы?

Менде дагы эле суроо көп...
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG