Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:17

Бишкек шаардык сот 15-январдан тарта Данияр Нарымбаевдин ишин карай баштады. Ал арада Жогорку Кеңештин депутаттарынын текшерүүсүнүн негизинде тергөөдө тастыкталды деген негизги илинчек бурмаланганы аныкталды.

Президенттик аппараттын мурунку башчысы Нарымбаев экс-депутат, абакта жаткан Нариман Түлеевдин мүлкүнө байланыштуу ишти сотто оң чечтирип берүүнү убада кылып, мурдагы депутат Хажимурат Коркмазов аркылуу ири өлчөмдө акча алган деп айыпталууда.

Ага Хажимурат Коркмазовдун көрсөтмөсү менен кылмыш иши козголуп, камакка алынган болчу. Коркмазов өзү болсо депутат Нариман Түлеевдин кызынан 100 миң доллар пара алып жатканда колго түшкөн. Суракта бул акчаны Нарымбаевге бермек болгонун, ага чейин 50 миң доллар карматканын, Нарымбаев мүлктөрүн оң жагына чечип берүү үчүн жалпысынан 200 миң доллар сураганын айтып чыккан.

Бул иш райондук сотто каралып жатканда көп жагдайлар ачыкка чыккан эле. Маселен, акчаны алып-берүүдө Ольга Плотникова аттуу айым ортомчу болгон делген маалыматтар айтылган.

Плотникова – мурунку чакырылыштагы парламенттин тушунда алгач Нариман Түлеевдин, ал камалгандан кийин “Республика” фракциясынан депутат Элмира Жумалиеванын жардамчысы болуп иштеп жүргөн.

Плотникова сотто көрсөтмө берип жатып, Назгүл Түлеева ага 7-майда саат 16.30да чалганын, анын өтүнүчү менен сыртка чыгып Түлеевдин уулу берген 50 миң долларды Коркмазовго бериш үчүн көйнөгүнүн ичине катып алып, Ак үйгө киргенин айтып көрсөтмө берген.

Мамлекеттик айыптоочулар Плотникова акчаны сыртка чыгып алып киргендеги убакытты 16.50-16.54 деп көрсөтүшкөн. Плотникова өзү деле сотто ушул убакыт аралыгында электрондук чип менен кирип чыкканын бышыктаган.

Бирок Плотникова кирип-чыкты деген бул убакыт Нарымбаевдин жактоочуларынын күмөн саноосун жараткан. Адвокат Михаил Заумандын билдиришинче, мындай шектенүүдөн улам маалыматты тактап берүүнү өтүнүп Жогорку Кеңешке кайрылышкан. Анткени Нарымбаевге коюлган айыпты тергөөчүлөр Плотникова менен Түлееванын көрсөтмөлөрү менен бышыктап жаткандыктан, Плотникованын кирип-чыкканын аныктоо маанилүү болгон:

- Биз Биринчи Май райондук сотунан өзүбүз сураган маалыматты алганда ал дароо эле шектенүү жаратты. Анткени Плотникованын ошол кирип-чыкканы тууралуу маалымат биринчи булактан алынганы көрсөтүлбөй, жөн гана акт түзүлүптүр. Негизи мындай учурда электрондук алып жүрүүчүдөн алынганы так, даана көрсөтүлөт. Ошондуктан биз жаңы Жогорку Кеңеш шайланганда, ушул маалыматты тактап бергиле деген өтүнүч менен бардык фракцияларга, депутаттарга кайрылганбыз.

Депутаттык топ Жогорку Кеңешке электрондук чип менен кирген-чыккандар катталган электрондук базаны алгач 30-декабрда текшерткен. Маалыматтык бөлүмдүн кызматкерлери 7-майда кирип-чыккандарды билүү мүмкүн эместигин, анткени мындай маалымат үч ай гана сакталарын, кийин автоматтуу түрдө өчүп каларын айтышкан. Бирок бул жагдай да чоң күмөн жараткан. Анткени сотто тергөөчүлөр көрсөткөн Плотникованын кирген-чыкканы тууралуу маалымат былтыр октябрь айында алынганы, тактап айтканда жарым жылдан кийин алынганы анык болгон. Мындан улам депутаттык топ көз карандысыз IT-эксперт жалдап, 4-январда кирген-чыканы тууралуу маалымат сакталган компьютерди дагы бир сыйра текшерткен. Депутаттык топтун курамында болгон Жогорку Кеңештеги “Ата Мекен” фракциясынын төрагасы Өмүрбек Текебаев “Азаттыкка” анда тергөөчүлөр көрсөткөн маалымат чыкпаганын билдирди:

Өмүрбек Текебаев

Өмүрбек Текебаев

- Депутаттар тобу көзөмөлдөөчү бөлүмдөн компьютерди текшергенде май айындагы маалыматтар өчүп калганы аныкталды. Аны болсо атайылап өчүрүшкөн экен. Бирок биз менен барган адис терең иликтегенде компьютердин терең эсинде сакталып жаткан маалыматтар чыкты. Анда тергөө көрсөткөн убакта Плотникова Жогорку Кеңешке кирип-чыкпаганы аныкталды.

Депутат Текебаев мындай фактыларды бурмалоо кылмыш болуп эсептелерин эскертет:

- Тергөө коюп жаткан айып мына ушундай жагдайлардан улам негизсиз болуп жатат. Фактыларды бурмалап, жок фактыларды бар кылып, айыптаганга аракет кылышканы көрүндү. Мен эми бул жерде кимдин күнөөсү кандай экенине баа бере албайм. Бирок мен юрист катары бир нерсени гана айта алам: тергөө фактыларды бурмалаган. Бул - кылмыш иш. Андай тергөөчүлөр кылмыш жообуна тартылышы керек. Ал эми бурмаланган фактыга негизделген айып мыйзамсыз деп эсептелет. Ар кандай бурмаланган фактылар аныкталса, сот чечим чыгарарда ага таянбашы керек, ар кандай күмөн саноо, шектенүү айыпталуучунун пайдасына эсептелиши керек.

Эки тергөөчүнүн "шыбагасына" тийген иштер

Нарымбаевдин ишиндеги мындай жагдай тууралуу маалымат берүүдөн Башкы прокуратура баш тартты. Бул ишти Мирбек Расулов менен Манас Кыдыралиев аттуу тергөөчүлөр тергегени маалым болду. Эки тергөөчүгө тең бир катар дооматтар коюлган жана аларга байланыштуу чуулгандуу маалыматтар чыккан. Ал экөө караган иштердин арасында мындан сырткары мурунку депутаттар Урмат Аманбаева, Карганбек Самаков, мурунку өкмөт башчы, азыр “Бир Бол” партиясынан депутат болгон Игорь Чудиновдун кылмыш иши болгон.

Мирбек Расулов президенттик аппараттын мурунку башчысы Медет Садыркулов, анын айдоочусу Кубат Сулайманов жана Сергей Слепченконун өлүмү боюнча тергөө топтун башчысы болгон

Мирбек Расулов президенттик аппараттын мурунку башчысы Медет Садыркулов, анын айдоочусу Кубат Сулайманов жана Сергей Слепченконун өлүмү боюнча тергөө топтун башчысы болгон

Мирбек Расулов андан мурдараак да чуулгандуу иштерди караганы менен белгилүү. Эң оболу анын аты Аксы окуясын иликтеген тергөө тобунун башчысы болгондо аталган. Мурунку президент Курманбек Бакиевдин тушунда Мирбек Расулов президенттик аппараттын мурунку башчысы Медет Садыркулов, анын айдоочусу Кубат Сулайманов жана Сергей Слепченконун өлүмү боюнча тергөө топтун башчысы болгон жана кылмыштын белгилери жок деген негизде бул фактыны жол кырсыгы деп аныктап, тергөө ишти жаап койгон. Андан сырткары Казакстандын Алматы шаарында киши колдуу болгон кыргызстандык журналист Геннадий Павлюктун өлүмүнө тиешеси бар деген шек менен Казакстандын прокуратурасы аны текшергени маалым болгон.

Ал эми Манас Кыдыралиев мындай чуулгандуу иштерди тергегенден сырткары, ири ишкер экени тууралуу маалыматтар чыккан. “Азаттыктын” колундагы документтерге ылайык, 2010-2015-жылдары Кыдыралиевдин атына негизинен Бишкекте, Ысык-Көлдө жана Баткенде жайгашкан ар кандай 12 кыймылсыз мүлк, андан сырткары эки жол тандабас, бир жүк ташуучу унаа катталган.

"Азаттык" Мирбек Расулов жана Манас Кыдыралиевдин өздөрүнө кайрылып, аларга байланыштуу фактылар боюнча комментарий сурады.

Мирбек Расулов жетекчиликтин уруксаты жок сүйлөй албасын айтып, дооматтарды четке какты:

- Ал маселелер боюнча кызматтык териштирүүлөр жүрүп жатпайбы. Эч бири такталган жок. Бир иш тергесең эле айыпталуучулар тарабынан буйрутма макалалар чыгып баштайт. Биз эми ага көнүп деле калдык. Сизге расмий маек беришим үчүн жетекчиликтен уруксат алышым керек.

Манас Кыдыралиев да жетекчиликтин уруксаты жок деген шылтоо менен комментарий берүүдөн баш тартып койду:

- Мен силерге эч кандай маалымат бере албайм. Анткени мен мамлекеттик кызматкермин. Менин жетекчилигим аркылуу гана макулдашсаңар.

Башкы прокуратуранын жетекчилиги болсо эки тергөөчүнүн тең "Азаттыкка" комментарий берүүсүнө каршы болду. Буга чейин эки тергөөчүгө айтылган дооматтары текшерилери айтылган. Маалыматка караганда, Башкы прокуратуда Мирбек Расулов боюнча кызматтык иликтөө жүргөн жок, ал эми Манас Кыдыралиев тууралуу айтылгандарды текшерүү уланууда.

Биринчи Май райондук соту Нарымбаев менен Коркмазов боюнча былтыр 27-ноябрда чечим чыгарган. Анда "коррупция", "кызмат абалынан пайдалануу" деген айып кыскартылып, "көз боёмочулук" деген айып менен Нарымбаевди үч, ал эми Коркмазов бар жарым жылга кесилген жана үй-мүлкү конфискациялансын деген чечим чыккан.

Нарымбаев Жогорку Соттун ошол кездеги төрага орун басары Канатбек Турганбековго Түлеевдин ишине көңүл буруп коюусун суранып, телефон чалганын мойнуна алганы менен, ал үчүн пара талап кылган деген дооматты төгүнгө чыгарып келет.

Соттук териштирүүлөрдө Түлеевдин мүлктөрүн камактан чыгаруу маселесинен экс-депутаттар Феликс Кулов жана Нургазы Айдаров да кабардар экени белгилүү болгон.

Нарымбаев: Атамбаев Түлеев ырайым сураса болорун айткан. "Азаттыктын" архиви, 19.10.2015

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG