Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:14

Жашыруун сатылган торпедолор "дастаны"


"Шквал" суу астында учуучу ракета.
"Шквал" суу астында учуучу ракета.

Бишкектеги “Дастан” корпорациясы Иранга жашыруун сатылган торпедолор жөнүндө “Регнум” агенттиги тараткан маалыматты төгүнгө чыгарууда.

Бирок ошол эле учурда экинчи булактар бул заводдо жасалган торпедолорду сатып алууга Иран Акаев доорунда да, азыр да аракет кылып келатканын белгилешүүдө.

“Дастан” заводунун администрациясы өткөн жылы алар аркылуу “Шквал” деп аталган торпедолордун тетиктеринин бүтүндөй бир партиясы Иранга сатылганы жөнүндө “Регнум” агенттиги тараткан маалыматты жокко чыгарууда.

Заводдун директорунун милдетин аткаруучу Борис Удот “Дастан” корпорациясы мурда совет заманында гана деңиз ракеталары үчүн кичинекей бир тетигин чыгарып келгенин айтты.

- Биз кимге гана айткан жокпуз, кудайдан башкасынын баарына айттык. "Шквалды" чыгарууга жана аны сатууга да биздин эч качан, эч убакта тиешебиз болгон эмес жана болгубуз дагы келбейт,- деди Борис Удот.

“Дастан” заводу совет учурунан бери эле эл керектөөчү продукциядан сырткары деңиздик согуш куралдарын, анын ичинде “Шквал” деген аталыштагы деңиз торпедолорун чыгарып жүргөнү көп сөз болуп келаткан.

Борис Удоттун айтымында, завод Алматыдагы Киров атындагы завод менен бир системада кооперация түрүндө иштеп, “Шквал” торпедолорунун жарым кг турган бир тетигин чыгарып, жөнөтүп турчу экен. Алматыдагы завод торпедолорду Ысык-Көлдөгү аскер полигондоруна сыноого жиберчү.

90-жылдары Ысык-Көлгө сыноого жиберилген төрт торпедо азыркы учурда ошол жакта сакталып турат. Россиянын жана Кыргызстандын коргоо министрликтеринен эчен комиссия барып текшерип, сакталып турганын көрүп кетишкен. Алардын эскилиги жетип жараксыз болуп калса деле аны Россия эч кимге ыраа көрбөй, алып кетүүнүн камында жүрөт.

- Ал эми “Дастан” заводунда торпедолор үчүн тетик чыгаруу иши 90-жылдары эле токтотулган, - дейт Борис Удот. - Анткени “Шквал” ракеталары 1989-жылы СССР менен АКШнын ортосундагы келишим боюнча өзөктүк куралды алып жүрүүчү ракета катары кыскартууга туш келген. Ошондон бери эч жерде эч убакта эч ким тарабынан чыгарылган эмес.

“Шквал” деп аталган суу астында учуучу ракеталар 60-жылдары СССРде пайда болгон курал. Алар суу үстүндөгү жана суу астындагы аскер кемелеринде орнотулат. “Шквал” секундасына 100 метр ылдамдык менен учат. Эксперттер ылдамдыгы боюнча “Шквалга” жеткен курал дүйнөдө көп мезгил бою болгон эместигин белгилешет. “Шквалга” окшогон торпедо 2005-жылы гана Германияда жасалган экен. Аскер иштери боюнча адис Токтогул Какчекеев “Шквал” торпедолорунүн эки түрү бар экенин белгилейт. Бирөө жарым тонна болгон жөнөкөй жардыргыч менен жүрөт,

экинчиси өзөктүк согуштук кубат менен иштейт.

Аталган торпедолордун биринчи үлгүлөрү 1964-жылы Кыргызстанда Ысык-Көлдө жашыруун аскер полигондорунда сыноодон өткөрүлгөн. Азыркы учурда бул суперкуралдын айрым техникалык чечилиштери, элементтери аскердик жашыруун сыр болуп саналат.

“Дастан” корпорациясы торпедолорду чыгаруу токтотулган деп жаткан менен Токтогул Какчекеев торпедолорду чыгаруу жана Иранга сатуу аракеттери Акаевдин доорунда болуп келгенин, ал түгүл АКШнын катуу реакциясын пайда кылганын билдирди. Көрсө Акаевдин тушунда Ирандан делегация келип, торпедолорду сатып алуу боюнча келишим түзүлүп, бирок аны америкалык элчи кийлигишип жатып токтоткон экен.

“Дастан” заводу 1956-жылы прибор чыгаруучу завод болуп түзүлгөн. 1993-жылы корпорация болуп кайра уюшулган. Анын 48 пайыз акциясын экс-президент К. Бакиевдин учурунда мамлекет аралык келишим боюнча Россияга сатуу жөнүндө чечим болгон. Бул заводдун акцияларынын ордуна Россия Кыргызстандын 180 млн доллар карызын кечип, андан сырткары эки миллиард доллар өлчөмүндө инвестициялык кредит бермекчи болгон.

Бирок бул келишим аткарылган эмес. Анткени К. Бакиевдин уулу Максим Бакиев менен анын табакташ досу Алексей Ширшов шылуундук менен "Дастандын" акциялардын контролдук пакетине ээлик кылып калган. Апрелде өлкөдө бийлик алмашкандан кийин Улуттук коопсуздук кызматы А. Ширшовго кылмыш ишин козгоп, издөө жарыялаган. “Дастан” корпорациясынын акциялары Убактылуу өкмөттүн чечими менен жүз пайыз бүтүндөй мамлекетке алынган.

Башкы прокуратуранын уюштуруу инспектордук бөлүмүнүн прокурору Абжалов Санжар азыркы учурда бул иш боюнча Улуттук коопсуздук кызматы тарабынан иликтөө-тергөө иштери жүрүп жатканын билдирди.

Адистердин айтымында, “Дастан” заводу эл керектөөчү продукциядан сырткары аскердик курал чыгарууга дагы кабелтең кам-чому бар, Борбордук Азиядагы стратегиялык мааниси чоң жана кирешелүү завод. Ал жылына кыйналбай туруп эле эки миллион доллардан таза пайда таап келатат. 2011-жылы ал план боюнча төрт миллион доллар таза пайда табышы керек.

“Дастан” заводунун деңиздик согуш куралдарын чыгаруу боюнча жогорку квалификациялык кадрлары менен заманбап өндүрүштүк базасы бар экени анын интернет сайтында бадырайта жазылып турат. Ошондуктан Россия көзү кызарып, аны карыз ордуна алууга макул болгон. Анын үстүнө Иран бул завод менен кызматташтыкты колго алуу боюнча ушул күнгө чейин аракетин токтотпой келатат дешет.

XS
SM
MD
LG