Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:18

Перофф: Mina Corp таза иштээрин далилдеди


Mina Corp компаниясынын ырасмий өкүлү Дэн Перофф (Dean Peroff) мырза “Азаттыкка” компаниянын учурдагы ишмердүүлүгү тууралуу айтып берди.

Былтыр 7-апрелден кийин Убактылуу өкмөттүн жетекчилиги Транзиттик жүк ташуучу борборду күйүүчү май менен камсыз кылган Mina Corp компаниясын коррупциялык иштери үчүн айыптап чыгышкан.

АКШнын конгресси иликтөө жүргүзүп, бул компаниянын ишмердүүлүгүнөн коррупциялык иштерди тапкан эмес. “Азаттык” үналгысы бул компаниянын ырасмий өкүлү Дэн Перофф (Dean Peroff) мырза менен Mina Corp компаниясынын учурдагы ишмердүүлүгү тууралуу маектешти.

“Азаттык”: “Мина Корп” компаниясы Кыргыз Республикасына жаңы бир социалдык долбоор алып келгенин айтып атат. Ал эмне болгон долбоор, программа? Анын максаты эмне?

Дэн Перофф: Ушул маселеге көңүл буруп, сураганыңарга чоң рахмат. “Мина Корп” компаниясы жакында эле Кыргыз Республикасында жаңы социалдык долбоорду баштап, толук каржылык жактан колдоого алмай болду. Ал - Борбор Азиядагы Америка университети (БААУ) менен биргеликте жүргүзүлчү билим берүү багытындагы долбоор.

Биз дал ушул максатта бул жакка келип, “Мина Корп” компаниясы менен БААУ ортосунда эки тараптуу келишимге кол коюп, долбоордун ачылышын салтанаттуу түрдө белгиледик.

Мен силердин убактыңарды алгым келбейт. Бирок мен бул долбоор эмне себептен маанилүү экенин, эмне себептен “Мина Корп” компаниясы дал ушул билим берүү долбоорун колдогонун айта кетейин.

Биринчиден, биз мамлекеттик жана өкмөттүк эмес уюмдардын өкүлдөрү менен жолугушуп, кандай багыттагы социалдык долбоорду колдосо болору тууралуу кеңештик. Натыйжада Кыргыз Республикасынын өнүгүшү үчүн билим берүү тармагына инвестиция жасоо, бул багытта социалдык долбоорлорду уюштуруу керектигине ынандык. Анткени дал ушул билим берүү тармагы келечекте өлкөнүн өнүгүшүн камсыздай алат.

Биз бул долбоордун алкагында Кыргызстандын алыскы райондоруна чейин барып, мартабалуу окуу жайларда окууга шарты жок эң таланттуу балдар-кыздарды тандайбыз жана алардын окуусун толук төлөп бермекчибиз.

“Азаттык”: Бул жерде мүмкүнчүлүгү жок таланттуу студенттерди колдоо тууралуу сөз болуп жатат... Бул долбоор кайсы мөөнөткө пландалган, жылына канча студент ушундай мүмкүнчүлүк ала алат?

Дэн Перофф: “Мина Корп” компаниясы бул долбоорду каржылоо үчүн жалпы 2 миллион 500 миң доллар коротууну пландады. Бул каражаттар тандоодон өткөн студенттердин жатаканасына, окуусуна жана жашоосуна жумшалат. Андан тышкары жакшы окуган, таланттуу, чыйрак окуучулар атайын стипендияларды жеңип алышса болот.

Жылына “Жаңы муун академиясы” деген программанын алкагында 70 студентти кабыл алып, каржылайлы деп атабыз. Ал эми стипендия программасы боюнча 15 студентке төрт жыл бою стипендия берилет.

“Азаттык”: Былтыр 7-апрелден кийин бийлик алмашкан маалда “Мина Корп” компаниясы мурдагы бийлик менен коррупциялык негизде кызматташкан, пара берип турган делип айтыпталган эле.

Муну президент Роза Отунбаева да, айрым өкмөт мүчөлөрү да айтып келишкен. Ошол учурда компаниянын ээлери катары Дуглас Эделман жана Эркин Бекболотов деген эки инсандын ысымы айтылып атты эле. Бул адамдар дагы эле “Мина Корпту” башкарып турабы? Анан жогорудагы айыптоолорго кандай төгүндөөлөрдү берди?

Дэн Перофф: Мен бул айтылгандарга, мындай айыптоолорго толук каршымын. Буга байланыштуу АКШнын конгресси “Мина Корп” компаниясынын ишмердүүлүгүн абдан кылдат иликтеп чыгышты. Жүздөгөн ар кандай документтер такталып, иликтенип, талданды. Абдан көптөгөн адамдарды сурап чыгышты. Ушундай өтө тыкыр иликтөө жүргөн.

Анын натыйжасында конгрессте “Мина Корп” компаниясынын ишмердүүлүгү тууралуу корутунду документ даярдалган. Ал документте “Мина Корп” компаниясы эч кандай коррупциялык иштерге аралашпаганы жазылып турат. Башкача айтканда бул корутунду бизди толук түрдө актап чыкты. Ошентип биз таза, мыкты абройго ээ компания экенибизди далилдеп, бир дагы мыйзамсыз иш-аракеттерге аралашпаганыбызды көрсөттүк.

Бул жерде мен өтө маанилүү маселени белгилеп кетким келет. АКШ конгресси бул ишти иликтеген учурда, атайын Бишкекке келип кетишкен. Бийлик өкүлдөрү менен жолугуп, бул ишти бул жакта да иликтешкен. Конгресс өкүлдөрү ырасмий түрдө өлкө жетекчилигине “Мина Корп” компаниясынын коррупциялык иштерге байланыштуу экендиги тууралуу далилдерди, аргументтерди сурашкан. Анан конгресс өз кортундусунда кыргыз бийлиги бир дагы андай далилдерди көрсөтө алышпаганын белгилеген.

Акыркы алты ай ичинде биз Кыргызстанда көптөгөн жолугушууларды өткөрүп, биздин дарекке айтылган айыптоолор жалган экенин, эч кандай далил жок экенин, “Минанын” ишмердүүлүгү ар дайым мыйзам чегинде болгонун айтып жатабыз.

“Азаттык”: Тактай кетиңизчи, Эркин Бекболотов менен Дуглас Эдельман дагы деле бул компанияны жетектейби? Дал ушул эки киши “Мина Корп” компаниясын “Ред Старды” кошуп негиздешкени айтылып келатпайбы?

Дэн Перофф: “Мина Корп” компаниясынын эки ээси бар экени тууралуу конгресстин иликтөөсүндө деле айтылган. Ал туура. Булардын биринчиси Эркин Бекболотов, экинчиси Дуглас Эделмандын жубайы.

Дүйнөнүн башка-башка бурчунан чыккан ушул эки адам “Минаны” ишенимдик башкарууга берип, трасттык компаниялары аркылуу башкарып келишкен. Азыр да бул экөө Кыргызстандан тышта жүрүшсө дагы “Мина Корпту" башкарып келатышат. Конгресстин иликтөөсүндө алар мыйзам чегинде иштеп келатышканы белгиленет.

“Азаттык”: “Мина Корп” компаниясынын Кыргызстанда кеңсеси жок деп айтылат. Деги “Минанын” баш кеңсеси кайсы жерде орун алган? Оффшордук аймактарда турат, АКШда, Англияда кеңсеси бар делет. “Мина Корптун” кеңсеси кайсы жерлерде бар?

Дэн Перофф: Компаниянын Кыргызстанда өкүлчүлүгү же кеңсеси жок деген маалымат такыр туура эмес. Биздин бул жакта бир канча жылдан бери иштеп аткан өкүлчүлүгүбүз бар “Хаят” мейманканасында. Биздин бул жакта андан башка да түзүмдөрүбүз бар. Анткени “Мина Корп” өтө масштабдуу ишкана болуп туруп, бул жакта өкүлчүлүгү жок иш алып барбайт.

“Мина Корп” глобалдык деңгээлдеги компания болгондуктан өз аброю тууралуу кам көрөт. Биз абдан чоң өлчөмдөгү учак керосиндерин ташып, Кыргызстандагы Транзиттик жүк ташуучу борборуна жеткиребиз. Өз кезегинде Транзиттик жүк ташуучу борбору Ооганстанда террорчулукка каршы операцияларды жасоодо.

Негизи биздин компаниянын айланасында көптөгөн мифтер айтылып жүрөт. Бирок бактыга жараша ал жомоктор конгресстин иликтөөлөрү аркылуу, биздин өзүбүздүн Кыргызстандагы таза ишмердүүлүгүбүз аркылуу жокко чыгарылып отурат.

Бизди “бир күндүк компания” деп айыптаганга аракет кылышты. Бирок “Мина Корп” бир топ жылдан бери авиа керосиндерди ташуу боюнча ийгиликтүү иштеп келатат.

Конгресстин корутундусунда деле “Мина Корп” учак керосинин ташый турган олуттуу, глобалдык компания экени айтылган. Кыргызстанда “Мина Корп” компаниясы бир дагы ортомчу ишканалар менен иштешпейт. Биз ташып келүүчү ишканалар менен гана келишимдик негизде иштейбиз.

Андан тышкары биз башка компаниялар менен өзүнчө чакан келишимдер аркылуу иш алып барабыз. Азыр 2-3 ишкана биз менен чакан келишим боюнча иштешет. Алар чек арадан учак керосинин ташып келүү, аларды кампаларга жеткиргүү жана сактоо иштерин аткарышат.

“Азаттык”: Маегиңизге рахмат.

XS
SM
MD
LG