Линктер

Жогорку Кеңештеги “Республика-Ата Журт” фракциясынын депутаты Аида Исмаилова 15-сентябрдагы жыйында Кыргызстан Кытайдан алган насыя үчүн соттордо эгемендик иммунитетин жоготот деп билдирди.

Кыргызстан Кытайдан кайсы тармактарга канча кредит алган жана аны төлөп берүү шарттары кандай? Эгер убагында төлөп бере албай калса аны жабуунун эл аралык кандай жол-жоболору бар? Кредит алган өлкө көз карандысыздык иммунитетин кандай учурда жоготот?

“Арай көз чарай” талкуусуна Каржы министрлигинин мамлекеттик карыздар башкармалыгынын башчысы Бакыт Сыдыков, министрликтин Мамлекеттик инвестициялык программалар бөлүмүнүн башкы адиси Нурбек Мамасыдыков жана тышкы иштер министринин мурдагы биринчи орун басары Талант Кушчубеков катышты.

“Азаттык”: Бакыт мырза, Жогорку Кеңештин депутаты Аида Исмаилова Кыргызстан Кытайдан алган насыя үчүн соттордо көз карандысыздык иммунитетин жоготот деп билдирди. Мындай кооптуу кабар коомдо дароо талкуу жаратып, андан чыгууну талап кылгандар да пайда болду. Ошон үчүн адегенде жалпы маалымат берсеңиз, деги Кыргызстан Кытайдан алган насыянын көлөмү канча? Алар кайсы тармактар үчүн алынган жана төлөп берүү шарттары кандай?

Кыргызстандын түштүгүндө өндүрүлгөн электр энергиясы түндүккө Өзбекстан аркылуу гана келчү. Азыр Кыргызстан өз энергиясын өзү таркатуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болду.

Бакыт Сыдыков: Бүгүнкү күндө Кыргызстандын Кытай Республикасына карызы 1 млрд. 44 млн. долларды түзөт. Бул тышкы жалпы карыздын 38% түзөт. Финансылык шарттары боюнча жалпы мөөнөтү 20 жыл. Учурда 10 кредиттик долбоор бар. Алардын ичинен 9 насыя 20 жылдык мөөнөт менен, бирөө 25 жылдык мөөнөт менен берилген. 20 жылдык мөөнөттүн ичинен алгачкы 11 жылы насыянын негизги суммасын төлөөдө жеңилдик берилген. Андан тышкары жылдык пайыздык көрсөткүчү эки проценттен болот. Бул жалпы проценттик пайыз 1,6 - 1,7 пайызды түзөт дегенди билдирет.

“Азаттык”: Нурбек мырза, биз депутат кайсы жылдары, кандай долбоорлорду ишке ашыруу үчүн алынган насыялар боюнча түзүлгөн келишимдер жөнүндө айтканы тууралуу толук маалымат ала алган жокпуз. Ошон үчүн сиз кайсы келишимдердин 8-беренесинде “Кардар ушул келишимге ылайык бардык арбитраждык териштирүүлөрдө көз карандысыздык иммунитеттин негизинде кандайдыр бир иммунитетинен же кандайдыр бир башка себеп менен өзүнүн мүлкүнөн сөзү жок туруп баш тартат” деп жазылгандыгы тууралуу маалымат бере аласызбы?

Нурбек Мамасыдыков: Ал боюнча биз маалымат бере албайбыз. Каржы министрлиги шарттарын гана карайт. Келишимдердин юридикалык негиздерин башка мекемелер даярдайт. Бул жерде Кытайдын экспорттук-импорттук банкынын стандарттык шарттары тууралуу сөз болуп жатса керек.

Ал эми Кытай Республикасынан алынган насыялардын дээрлик бардыгы транспорт жана энергетика тармактарында ишке ашырылып жатат. Анын бири "Датка-Кемин" жогорку чыңалуудагы электр берүү линиясы жана ал Кыргызстандын энергетикалык коопсуздугун камсыздоочу долбоор болду. Себеби мурда Кыргызстандын түштүгүндө өндүрүлгөн электр энергиясы түндүккө Өзбекстан аркылуу гана келчү. Азыр Кыргызстан өз энергиясын өзү таркатуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болду. Анын суммасы 389 млн. доллар. Андан кийинки долбоор дагы энергетика тармагында, т.а., Бишкек ТЭЦин модернизациялоо болууда. Бул ишкананын СССР мезгилинен бери жабдуулары жаңыртылган эмес. Азыр эми жабдуулары жаңыртылып, кубаттуулугун арттыруу иши жүрүп жатат. Андан кийинки мамлекеттик деңгээлдеги дагы бир долбоор түндүк-түштүк альтернативалуу транспорт жолун куруу.

“Азаттык”: Талант мырза, сиз Тышкы иштер министрлигинде жетекчи болгон кызматкер катары биздин угармандарга адегенде түшүндүрмө берсеңиз, көз карандысыздык иммунитет деген эмне жана ал эл аралык келишимдерде кандай күчкө ээ?

Талант Кушчубеков: Көз карандысыздык иммунитет деген мисал менен түшүндүргөндө Кыргызстандын ичиндеги мүлкү жана байлыгы ошол гана өлкөнүн менчиги дегенди билдирет.

Мен жогоруда банктын стандарттык келишим шарттары жөнүндөгү сөзгө дагы кошумчалайын, аталган банк жеке менчик эмес, бул Кытайдын мамлекеттик экономикалык тышкы саясатын жүргүзгөн банкы. Ал дүйнөдөгү көп мамлекеттерде долбоорлорду ишке ашырат. Мисалы, азыр Тажикстанда да ТЭЦ салып жатат. Өзбекстанда темир жол салышып, дүйнөдө эң узун 18 чакырымдык туннель салышты жана ага 2 миллиарддан ашык доллар кетти. Демек мындай шарт менен жалгыз эле Кыргызстан эмес, башка мамлекеттер, башка региондогу өлкөлөр да иштеп жатышат.

Баса белгилей кетүүчү дагы бир жагдай, биздин региондо ири долбоорлорго чоң насыя бере турган жалгыз эле Кытай. Ал эми алынган насыяларды зарыл тармакка салып, туура, натыйжалуу пайдалануу андан да маанилүү маселе.

  • 16x9 Image

    Бүбүкан Досалиева

    "Азаттыктын" кызматкери, журналист. Маданиятка эмгек сиңирген ишмер, саясий илимдердин кандидаты. Кыргыз Мамлекеттик университетинин журналистика жана юридика бөлүмдөрүн бүтүргөн. 

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG