Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:42

Эл аралык валюта фонду Кыргызстандын мамлекеттик карызы ички дүң өндүрүмдүн 70 пайызына жеткени тынчсыздандырат десе, өкмөт өлкө карызын төлөөгө чамасы жетет деп ишендирүүдө.

Мамлекеттин сырткы карызы кескин өсүп кетүүсүнө эмне себеп болду? Алган каражаттар максаттуу пайдаланылып жатабы? Карызды төлөөнүн кыйын мезгили али алдыдабы жана кандай шарттары бар?

“Арай көз чарай” талкуусуна Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик карыздар башкармалыгынын жетекчиси Бакыт Сыдыков жана экономика илимдеринин доктору, профессор Айылчы Сарыбаев катышты.

“Азаттык”: Бакыт мырза, Кыргызстандын тышкы карызы жөнүндө кеп кылганда ар кандай маалыматтар чыгууда. Бир маалыматтарда 3 миллиард 700 миллион доллардан ашык десе, башка булактарда 4 миллиард доллардан ашык деп айтылып жатат. Деги жалпы карызыбыз канча?

Бакыт Сыдыков: 2016-жылдын 1-сентябрына карата Кыргызстандын мамлекеттик карызы 4 миллиард 750 миллион долларды түздү. Анын ичинен 3 миллиард 764 миллиону тышкы карыз болуп эсептелет.

“Азаттык”: Кыргызстан 25 жылдан бери сырттан алган акча-насыяларды кайда, качан, кайсы долбоорлорго жумшаганын билсек болобу?

Эл аралык валюта фондунун сунушу иш жүзүндө сунуш эмес, буйрук деп айтсак болот. Эгер алардын сунушун аткарбай койсоң, анда бюджеттин таңсыктыгын жабууга алар насыя бербейт.

Бакыт Сыдыков: Азыркы учурга алганда Кыргызстандын тышкы карыздар боюнча 160ка жакын келишимдик портфели бар. Алган насыя акчанын 24 пайызы энергетикага, 28 пайызга жакыны жол ж.б. инфраструктураларга, 20 пайыздын тегерегинде айыл чарба жана ирригация тармагына жумшалган. Ал эми акчанын дагы бир бөлүгү бюджеттин таңсыктыгын жоюуга алынган.

“Азаттык”: Айылчы агай, айрым эксперттер мамлекеттик карыздын көлөмү ички дүң өндүрүмдүн 70 пайызынан ашса өлкөдө дефолт коркунучу болот деп эскертишүүдө. Эл аралык валюта фонду да ушуну айтууда. Тынчсызданууга негизи барбы?

Айылчы Сарыбаев: Азыр айтылган сырткы карыздын структурасын талдасак, айыл чарба жана энергетикага берилген насыяларды тегеректеп алсак 60 пайызы өндүрүшкө, дагы 20 пайызы инфраструктураларга жумшалса, калган 20 пайызы бюджеттин таңсыктыгын жабууга кетти десек болот. Эгер өндүрүшкө салган акча туура пайдаланылса, салыктар көбөйсө анда жакшы.

Тилекке каршы, ошол айыл чарба, энергетика тармактары чырмалышкан коррупциялык системага баткандыктан эч кандай киреше, пайда да жок болду. Алар жыл сайын бюджеттен акча сурап отурушат. Бизге тышкы карыздын көлөмү коркунучтуу эмес, туура эмес пайдалануу, туура эмес чыгымдап жатканыбыз коркунучтуу.

Ал эми сырттан алган акчанын 20 пайызы бюджеттин жыртыгын бүтөө үчүн жумшалып жатканы айла жоктун иши. Эгерде бизде реалдуу сектор жок болсо, өндүрүш ишканаларынын пайдалуулугу, кирешеси азайып баратса, пайдадан түшкөн салыктардын өспөгөнү экономиканын терс экендигин көргөзүп турат. Ошентип 25 жылдан бери топтолгон карыздарды төлөө азыркы өкмөткө түшүүдө.

Азыркы тышкы карыздардын жалпы көлөмүнүн төлөө мөөнөтүн карасак негизги суммалар 2020-2031-жылдарга туура келет.

Бирок сиз айткан дефолтко негиз жок. Эгерде бюджеттин өзүнүн таңсыктыгына кете турган суммасы 70 пайыздан ашса, анда дефолт болушу ыктымал. Ошондо өтө коркунучтуу, ал өлкө каржылык жактан чамасы жок дегенди билдирет. Бардык тарабынан мамлекет кризиске батты деген сөз.

“Азаттык”: Бакыт мырза, Эл аралык валюта фонду кыргыз өкмөтүнө мамлекеттик казынаны оптималдаштыруу менен абалдан чыгууну сунуштап жатканын айтты. Ал эмне болгон оптималдаштыруу?

Бакыт Сыдыков: Эл аралык валюта фонду Кыргызстандын ички ишине кийлигише албайт. Өз көз караштары боюнча сунуштарды гана бере алышат. Сунуштарды жалпылаштырып айтсак, бюджеттин таңсыктыгын кыскартуу, каралган чыгашаларды оптималдаштыруу, чыгашаларды приоритеттик багыттарга карап гана сарптоо, кирешелерди чогултууга көп көңүл бурууну айтышууда.

Айылчы Сарыбаев: Эл аралык валюта фондунун сунушу иш жүзүндө сунуш эмес, буйрук деп айтсак болот. Эгер алардын сунушун аткарбай койсоң, анда бюджеттин таңсыктыгын жабууга алар насыя бербейт. Алар өз сунуштарынын аткарылышын көзөмөлдөп турат.

Дагы бир көңүл бура турган нерсе, өкмөт бюджеттин долбоорун түзүп жатканда биринчи кезекте Эл аралык валюта фондуна алып барып көрсөтөт. Биз ушундай бюджет түздүк, чыгаша-кирешеси мындай болду, сиз туура дейсизби деп алдына барат. Алар “туура экен” десе анан парламенттин кароосуна чыгат. Бизде иш жүзүндө тескери болуш керек болчу. Тилекке каршы, Эл аралык валюта фондунан келе турган акчаны, башка атайын булактардан келе турган каражаттарды да бюджеттин киреше бөлүгүнө киргизип коюп жатабыз. Бул бюджетти түзүү принцибин бузуу дегендик. Бул алдамчылык, көз боемочулук.

“Азаттык”: Бакыт мырза, адистер 2020-жылы Кыргызстан тышкы карыздан кутула албай кыйналарын айтышууда. Анткени карыздарды төлөөнүн көп пайызы дал ушул жылдарга туура келет экен.

Бакыт Сыдыков: Илимий жактан негизделбесе да шарттуу түрдө айтсак “пик” деген түшүнүк бар. Азыркы тышкы карыздардын жалпы көлөмүнүн төлөө мөөнөтүн карасак негизги суммалар 2020-2031-жылдарга туура келет. Бирок Эл аралык валюта фондунун ушул жылдын июнь айындагы маалыматтарына таянсак, Кыргызстандын сырткы карызы туруктуу, боло турган тобокелчиликтер ортодон төмөн деген баасын берген.

Меним оюмча да Кыргызстандын тышкы карыздарын төлөөгө кудурети, жөндөмү, кубаты бар. Айтып отурган “пиктерден” да элге зыян келтирбестен өтүүгө Кыргызстандын мүмкүнчүлүгү да бар.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG