Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 01:00

Кыргызстан Демократиялык кыймылынын түзүлгөнүнө быйыл 24 жыл болду. КДКны негиздөөчүлөрдүн бири, легендарлуу парламенттин депутаты, жазуучу Казат Акматов кыймылдын Демократиялык Кыргызстанды түптөөгө кошкон салымы, тарыхтагы орду тууралуу маек курду.

Болот кантип курчуду?

“Азаттык”: КДКнын уюштуруу курултайы 1990-жылы 26-майда өткөн экен. Кыргызстан демократиялык кыймылынын жаралышына эмне түрткү болду эле?

К. Акматов: СССРде 1985-жылы М. Горбачев кайра куруу саясатын баштаган. Анын эң биринчи шарты сөз эркиндиги болчу. Анан “Литературная газета”, “Известия” баштаган борбордук гезиттер ачык жазып, Горбачев өзү да теледен күндө сүйлөй баштады. Ошентип, Прибалтика СССРге караткан 1940-жылкы келишимди жокко чыгарабыз деп, Грузия, Украина эгемендикти талап кылып чыгышты. Орто Азия болсо дымыйт. Москвадан Бондаренко деген журналист бизди “белгисиз республика” деп келекелеп жазыптыр.

Ал кезде бизде коомчулукта көбүрүп-жабырган ойлор айтыла баштаган. Мен бир жолу Бишкек шаардык компартиянын отчетуна катышып калып, “Эмнеге кыргыз тилин мамлекеттик тил кылбайбыз?, Эмне үчүн борбордо бир дагы кыргыз бала бакчасы жок?, Кыргыз тилиндеги жападан жалгыз №5 мектепте сабактардын 90% орус тилинде өтөт” деп маселе койгом.

Ага чейин “Ажырашуу түнү” пьесам, “Мезгил” романым үчүн куугунтукташып, антисоветтик экен, сыйлыкты ЦКнын күчү менен алган деп макала жазышып, бюродо карап, Токтогул сыйлыгынан ажыратышып, иштен бошотуп салышкан. Анда мен 32 жашта болчумун. БКнын пропаганда бөлүм башчысынын орун басары болчумун. Чоң кызмат болчу.
СССРде 1985-жылы М. Горбачев кайра куруу саясатын баштаган. Ошентип, Прибалтика СССРге караткан 1940-жылкы келишимди жокко чыгарабыз деп, Грузия, Украина эгемендикти талап кылып чыгышты. Орто Азия болсо дымыйт. Москвадан Бондаренко деген журналист бизди “белгисиз республика” деп келекелеп жазыптыр.
Кызматтан кетип бош жүргөндө Чыңгыз Айтматов мени өзүнө төрага кылып алган. Ал кезде Жазуучулар союзун жетектечү. Кийин аны Горбачев Москвага алып кетти. Ошондо жыйынга катышып калып, сын-пикиримдин баарын айтпаймынбы. Анан ал гезитке чыгып кетет. Гезиттен окуп калып Абдыганы Эркебаев менен Асейин Исмаилов келиптир. Абдыганы Эркебаев ал кезде Илимдер академиясындагы Тил жана адабият институтунда жетекчи болчу. Жапжаш, аябай таланттуу жигит экен. Асейин болсо университетте философ. Экөө келип: “Биз эми “белгисиз, республика” болуп отура беребизби? Элдин баары эгемендик талап кылып жатат. Бизди “койлор” деп атса деле унчукпай калабызбы, бирдеме баштабайлыбы? Биз деле эгемендик сурабайлыбы?” дешти.

Ал кезде бирөө менен сүйлөшкөндөн коркчусуң. КГБ, партия күчүндө. Камап койчу. Анан баштайлы деп, ар бирибиз өз кишилерибизди чакырмай болдук. Мен Бексултан Жакиевди, Төлөмүш Океевди, Турар Койчиевди чакырдым. Тигилер өз жолдошторун чакырышты. Араң жети киши чогулду. Партия, кыймыл түзөлү деп сүйлөштүк. Анда партия кандай түзүлөрүн деле укчубуз, бирок билбейбиз. “Компартияга каршы чыгабыз, ошого чыдайбызбы?” десек, Бексултан Жакиев менен Төлөмүш Океев “Орусияга каршы чыкпай эле койбойлубу, килейген партияга кантип туруштук беребиз” деп макул болбой коюшту.

Бирок кийин алардын ордуна жаштар келди. Жума сайын менин кабинетимде чогулуш өтө баштады. Мелис Эшимканов Прибалтикага барып “Союз” деген уюмдун уставын алып келиптир. Анан Украинаныкын алып калдык, карап отуруп биз да жазымыш болдук да, 26-майда чогулмай болдук. Ал ортодо бизге Жыпар Жекшеев келип кошулду, үй салган жаштардын “Ашар” коомдук уюмун жетектейт экен. Топчубек Тургуналиев женпедде иштечү “Атуулдук демилге” деген уюм түзүп алыптыр, ал келип кошулду. Кадыралы Матказиев, Чапырашты Базарбаев, Токтобай Мүлкүбатов, Мелис Эшимканов болуп 32 майда-майда уюм топтолдук. 26-майдагы жыйынга Кыргыз драма театры менен сүйлөштүк, алар макул болду. Уюм түзүп атабыз деп кабарласак, республикадан 350 жакын киши келди. Өздөрү эле бири-биринен угуп алып келиптир.

“Азаттык”: Каражат жагынан каржылаган киши бар беле?

К. Акматов: Жок да. Кайдан? Бизге радио, эфир бербейт. Келгендерге мейманкана бербей коюшту. Ар бирибиз 10-15тен киши алып үйгө кеттик. КГБ бизге каршы уюша баштады. Чогулуш болоор күнү эртең менен Драма театрга келсек - бек. Деректирдин үйүнө барсак, ооруп атам ачкычты бере албайм дейт. Мен депутат болчумун ал кезде, иммунитетимди колдонуп чуркап жүрөм. Милициянын бир генералы “эгер чогула турган болсоңор баарыңарды камайбыз, таарынбагыла” деди. Биз келгендерди театрдын жанына топтошуп, жашырына тургула деп коюп, ЦКга, Геннадий Киселевго, Медеткан Шеримкуловго кайрылсак так секирип “Программаңар кандай, эмне мурда айтпайсыңар” деп кирди. Шеримкуловго “Сизди чакырбадык беле. Анда өзүңүз келбейсизби, укпайсызбы” десем, “Мен бара албайм” дейт.

Баягы топ-топ эл чогулуп “Акматовго эмне жооп бербей атасыңар?” деп кыйкыра баштады. Милициялар өздөрү коркуп кетишти. Бир маалда Шеримкулов өзү келе жатат купкуу болуп. Жанына драма театрдын жетекчисин ээрчитип алган. Ошентип ачып берген.

“Азаттык”: Ошентип 90-жылы кыймыл түзүп, төрага шайладыңар. Андан кийин эле жаштар көчөгө чыгышты. Ош окуясы болду. КДКны күнөөлөшкөн жокпу?

К. Акматов: КДК жыйынын 26-майда өткөрдү, 4-июнда Ошто кыргыз-өзбек чатагы чыкты. Бул жакта жогорку окуу жайлардагы түштүктүк балдар толкундап, көчөгө чыгышты. Аларды Ошко жибербеш керек болуп калды. Алар өкмөт менен сүйлөшпөй жатышат. Масалиев болсо элге чыкпай, эч нерсе айтпай койду. Биз аянтка чогулган элге “анчалык деле кыргын жок, калп айтып жатышат” деп жатабыз. Оштон теңтөрага болуп шайланып кеткен Дыйканбаев дегенге чалып сурасак “кан төгүлүп атат, канча киши өлгөнүн билбейм” деди. Апсамат Масалиев бизден көрдү. Компартия аны саясатташтырып кирди. "КДК күнөөлүү, жазалаш керек" деп чыгышты.


КДК кантип алсырады?

“Азаттык”: Кийин КДК компартияга альтернативдүү саясий уюмга айланды да. Кийинчерээк араңарда бөлүнүп-жарылуу болду, ар кимиңердин дымагыңар пайда болду. Ошол бөлүнүү качан башталды, ага эмне себеп болду?
КДК кыймыл боюнча калабы же партия болуп түзүлөбү деген суроо өзүнөн өзү жаралды. Кыймыл боюнча турабыз, шайлоого барбайбыз, эл менен болобуз, антпесек КГБ бузуп, таратат деп уставга жазганбыз. Анан компартия арабызды буза баштады. Топчубек Тургуналиевди биринчи бузуп алып кетти.
К. Акматов: Кудай буюруп Ош басылды. Биз 27 пункттан турган КДКнын программасын кабыл алганбыз.Ошонун эң биринчиси - кыргыз тили мамлекеттик тил болсун дедик, анан суверендүү декларация кабыл алуу, жаңы Конституция, БУУга мүчө болуу, борбордун атын Бишкек кылып өзгөртүү, СССРдин курамынан чыгуу деген пункттар бар болчу. Феликс Кулов ал кезде комендант болуп турган, бирок биз тарапта эле. Депутаттар болсо бизге каршы, себеби 99 проценти - коммунисттер. Анан биз Ак үйдү курчайбыз, төрт эшикти кайтарабыз, депутаттарды чыгарып, мандатын алып коебуз деп чыктык.

“Азаттык”: Ал кадамыңар мыйзамга каршы болмок да?

Акматов: Мыйзамга каршы, бирок революция деген ушундай да. Кулов биз тарапта болуп жатпайбы, силерге жолтоо болбойм деди. Анан мен сессияга келдим да: “Урматтуу депутаттар, эгер силер 27 пунктту кабыл албасаңар, тарайсыңар” дедим. Ушундай басым аркылуу баягы программадагы сунуштарды үч-төрт сессияда катары менен кабыл алдык, анан президент шайладык.

Анан КДК кыймыл боюнча калабы же партия болуп түзүлөбү деген суроо өзүнөн өзү жаралды. Кыймыл боюнча турабыз, шайлоого барбайбыз, эл менен болобуз, антпесек КГБ бузуп, таратат деп уставга жазганбыз. Анан компартия арабызды буза баштады. Топчубек Тургуналиевди биринчи бузуп алып кетти. Ал акырын түн ичинде жашырынып, “ЭрК” деген партия түзүп албадыбы. Бирок, конференциясында лидер кылып Тургуналиевди эмес, Өмүрбек Текебаевди шайлап алышты. Анан экөө кармаша баштады. Топчубек партиянын президиуму дегенди түзүп, ага төрага болуп алды. Ошондон баштап Текебаев көрүнө баштады. Ага чейин биздин отурумдарга келип, унчукпай эле катышып жүрчү.

“Азаттык”: Бирок, ал деле легендарлуу парламентте депутат болчу да.

Акматов: Ооба, бирок, чийки болчу, бала болчу.

“Азаттык”: Ошентип кыймыл алсырай баштады?

Акматов: Алсызданды. Ошол кезде “Ашар”, “Асаба”, “Эрк” түзүлдү. “Кой, кыймылды таратып, партия түзчүлөргө эрк берели. Жалпы партиялар менен кыймылдардын ассоциациясын түзөлү” деп, координациялык кеңеш түзүп, башына мени шайлашты. Уставдык күчү жок эле, аксакал катары турдум. Беш жыл убактым кетиптир КДКга. Анан теле аркылуу бир күнү координаторлуктан, саясаттан чыгармачылыкка кеттим деп расмий билдирүү жасадым. Бирок, кийин Акаев суранып атып президенттик кеңештин мүчөсү, мамлекеттик тил комиссиясынын төрагасы кылып койду. Иштешке туура келди.

“Азаттык”: Мына КДК түзүлгөнүнө 25 жылга аяк басты. Бүгүн түптөөчү катары бул кыймылды кандай баалап турасыз? Түзүлбөй калса өнүгүү кандай болмок?

Акматов: КДК түзүлбөгөндө, кудай билет, Масалиев кетпейт болчу. Ашып кетсе президент болот эле. Назарбаев, Каримов отурушпайбы. Ниязов отурбадыбы. Бирок, Назарбаев менен Каримовдой бу киши кайра курууга такыр барбайт эле.
Коммунисттер эми деле айтып атышат, менчиктештирүүнүн кереги жок болчу, демократия бизге жарашпайт деп. Мен муну түшүнбөйм. Рынок экономикасы баарын өзгөртмөк да. Баарын кармап отурганда азыркыдай максималдуу эркиндик, демократия болмок эмес...
“Азаттык”: Демократияга карай Аксы, Март, Апрель, Июнь окуялары өңдүү кыйынчылыктар аркылуу баратпайбызбы. Ушундан улам мурдагы калыбында калсак өлкө батыраак бутунан турмак дегендер да чыгып атпайбы...

Акматов: Коммунисттер эми деле айтып атышат, менчиктештирүүнүн кереги жок болчу, демократия бизге жарашпайт деп. Мен муну түшүнбөйм. Рынок экономикасы баарын өзгөртмөк да. Баарын кармап отурганда азыркыдай максималдуу эркиндик, демократия болмок эмес.

Адамзат дайыма жакшы нерсеге жетем деп жүрүп, жаман ишке урунат. Бул – мыйзам ченемдүүлүк. Мына биз да ошентип, экономикабыз, башкаруу системабыз бекем болбой атат. Коррупция күчөдү. Эң башкысы, элдин моралдык-психологиялык абалы бузулду. Маданият такыр артта калды. Жакында “Фабула” гезити сураганынан ачуум келип “Феликс Кулов кыргыз маданиятына чыккынчылык кылып атат. Аны токсонунчу жылдары элдик генерал кылдык эле. Мыкты милиционер эле. Бирок, экономиканы, маданиятты башкарууга даярдыгы, билими, түшүнүгү жок экен” дедим.

“Азаттык”: Сиздин 70 жылдыгыңызга бир тартууда “Демократиянын атасына!” деген жазуу турат. Сиз өзүңүздү демократиянын атасымын деп ойлойсузбу?

Акматов: Андай градациям деле жок эле. Муну ошо демократтар көтөрүп келишиптир. Үйгө келип көрдүм. Эми аны тарых чечээр. Тарых али чечимин чыгарып бүтө элек. Ошондо балким КДК такыр жараксыз болор. Балким Акаев менен Бакиевди актап салаар. Мезгил сынын айтып болбойт.


Фракция №114

“Азаттык”: Легендарлуу парламент боюнча суроом бар. Ошол парламентте чакан фракция бар эле. Ал азчылыкты түзүп туруп, көпчүлүккө моралдык басым жасоого жетишкен, өзгөрткөн. Күчү эмнеде эле?

Акматов: Дегеле тарыхта андай фракция болгон эмес. Биз 114 деп койчубуз. Ошончо киши бар эле фракцияда. КДК депутаттарынан мен, Абдыганы Эркебаев, Өмүрбек Текебаев жана Садыкжан Камалов эле болчубуз. Роба Абдысаматова төрага эле, кыйын аял болчу. Ошентип, Жумагул Сааданбеков, Мухамбет Ибраимов, Абдысаматова сыяктуу таза коммунисттер биздин программага кирген демилгелерди КДКнын атын атабай, өз демилгеси катары көтөрүп, өткөрүп ийгенбиз. Коммунисттер дендароо болуп калышкан.

“Азаттык”: Эмне үчүн легендарлуу парламент деп аталып калды?

Акматов: Эң эле жөнөкөйү – биз айлык албай иштедик. Жардамчы, юрист дегендер болгон эмес. Айына 5 рубль алчубуз. Мыйзам долбоорлорун машинеге жүктөп келип, таң аткыча үйдө иштечүбүз. Элге отчет берип турчубуз. Анан, албетте, менчикти бөлүштүрүүнү ишке ашырдык, Конституция, Декларация кабыл алынды. Декларация үчүн орустар менен канча мушташтык. Конституция комиссиясынын төрагасы, вице-президент Кузнецов деген долбоордон “суверендүүнү” калтыралы деп, “көз карандысыз” дегенге каршы чыккан. Чолпон Баекова да ушу позицияда болгон. Легендарлуу парламент дегенге көп негиздер бар.

“Азаттык”: Эми азыркы парламенттик башкаруу системасы өзүн актап атабы?

Акматов: Формасы жакшы эле. Бирок, ишке ашыраарда кыргызчылыкка түшүп кетип атабыз.

“Азаттык”: Негизи легендарлуу парламент мүнөзү жагынан парламенттик башкарууга окшошуп кетет, кандай дейсиз?

Акматов: Анда легендарлуу парламент иш жүзүндө бийлик башында болуп калган. Себеби, Акаевдин табиятында демократиялык башталыш бар эле. Парламентсиз эчтемке чеччү эмес. Анан кийин үй-бүлөсү буза баштабадыбы. Эң биринчи бузулганы эле президенттик кеңешти жоюп салды. Түн ичинде эле жардык чыгарып коюптур. Биз билбей эртеси жумушка барсак эле күзөтчүлөр “силерди киргизилбесин” деген деп эле киргизбей койду. Анан ал боштукту аялы ээледи.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG