Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:09

Каниметов: Куру кыйкыргандар демократияга көө жабат


Философия илимдеринин кандидаты Эмил Каниметов.
Философия илимдеринин кандидаты Эмил Каниметов.

Кыргызстандагы демократиянын азыркы абалы, келечеги жана проблемалары тууралуу "Азаттык" серепчи Эмил Каниметов менен маектешти.

"Азаттык": АКШ жана Орусия ортосунда түзүлгөн кырдаалга байланыштуу геосаясий абал жана чыныгы демократиялык принциптер өңүтүнөн алып караганда Кыргызстандагы азыркы демократияга кандай баа берет элеңиз?

Каниметов: Тилекке каршы АКШ менен Орусиянын ортосундагы геосаясий мамилелердин таасири Кыргызстандагы демократиялык процесстерге, анын өнүгүшүнө тийип жатат. Көптөрдүн орус жакка оогонубуз туура болот деп, ошол эле учурда бир катар адамдардын америкалык тарапты көздөп, демократия деп жатканы анын түздөн-түз өнүгүүсүнө мүмкүнчүлүк бербей, аны туура эмес түшүнгөнгө шарт түзүүдө.

Канткен күндө да АКШнын, анын жүргүзгөн саясатында, кылган ишинде түпкү демократиялык идеялар, адам укугу деген түшүнүктөр жатат. Ал эми Орусиянын саясатында мурдагы Союз жок болгондон кийин коммунисттик да, башка да идея жок. Ал империялык, экономикалык кызыкчылыктарды көздөгөн саясат алып барууда.

Албетте демократиялык идеяны көздөп саясат жүргүзүп жатканы туура деп ойлойм, бирок америкалыктардын сөзүн сүйлөйбүз, кызматын кылып беребиз, же демократия деп кыйкырып жүргөн адамдар да Акаев сыяктуу эле демократиянын өсүп-өнүгүп кетишине азыркы кезде Кыргызстанда да, башка жерде да көө жаап жатат десем жаңылышпайм.

Американын көздөгөн максаты Кыргызстанды экономикалык же башка геосаясий жактан өзүнө баш ийдирип алуу деген көз караштагы саясатчылар да, саясат таануучулар да жаңылышат деп ойлойм. Себеби анын түбү барып демократиялык идеяга такалууда.

Биринчиден, кыргыздарда мурдатан келаткан тарыхый демократиялык традициялар бар, аларды жаңылап, модернизациялаш керек.

Экинчиден, элге экономикалык жактан көз каранды эмес болууга шарт түзүлүшү керек эле, бирок бул ишке ашкан жок. Себеби бийликте тургандар мамлекеттик башкарууну менчиктеп алып, аны дүйнөдөгү күчтүүлөргө, анын ичинде Орусия бийлигине Кыргызстанга окшогон өлкөлөрдү колго алууга шарт түзүп, жол ачып берүүгө даяр турганы ачык көрүнүүдө.

"Азаттык": Демократиялык принциптердин корголушун геосаясий өңүттөн бөлүп кароо мүмкүнбү? Кыргызстан эгемендикке ээ болгону 20 жылга чамалап калды, демократиясын тышкы факторлордун таасиринен коргоп ала тургандай чамасы барбы?

Каниметов: Бар. Демократия деп саясатын жүргүзгөн мамлекет, системалардын түпкү максатында ар бир адамдын инсандык жактан укуктары корголушуна мүмкүнчүлүк түзүү деген ой жатат. Бул ой кайсы жерде болбосун өзүнө жол ачышы керек. Себеби адамзаттын келечеги да ушуга байланышкан. Кыргызстанда да ошондой ойлонгон адамдар, күчтөр бар. Бирок ал идея биздин улуттук, патриоттук идеяга байланышкандан кийин гана өнүгө алат деп ойлойм.

XS
SM
MD
LG