Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 07:08

Бишкекте кыргыз парламентинин демократиялык багыты талкууланып, ага Эстония, Литва, Орусия жана Швеция парламентинин депутаттары катышты.

Чет өлкөлүк парламентарийлер “Кыргызстан демократиялык жолду тандоодо көрөгөчтүк кылган Борбор Азиядагы жападан жалгыз өлкө” деген баасын беришти.

Алгач орус жана казак бийликтери тарабынан "катастрофага учурайт" деп катуу сынга кабылган кыргыз парламентинин келечеги тууралуу башкалар кандай ойдо?

Парламенттик башкаруунун багытын талкуулаган эл аралык конференцияга жалпысынан 14 мамлекеттен депутаттар келип, көбүнесе бул системаны жактаган пикирлер айтылды.

7-апрель, 2010-жыл, Бишкек

7-апрель, 2010-жыл, Бишкек

Мисалы, Орусиянын Мамлекеттик думасынын “Справедливая Россия” партиясынан келген депутат “Кыргызстан коңшу өлкөлөрү диктатордук режимде болсо да, ага карабастан демократия үчүн аракеттенген жана ага жеткен жападан жалгыз өлкө” деген баасын берди.

Швециядагы Улофа Пальме атындагы социал-демократтар менен иш алып барган фонддун өкүлү Мартин Сандгрен “Кыргызстандын демократия үчүн узактан берки күрөшү натыйжалуу болуп жатат” деди:

- 7-апрелдеги ыңкылаптан кийин Кыргызстан көп утуштарга ээ болду. Бул - демократия жана сөз эркиндиги. Силер демократиялык жетишкендиктерге ээ болдуңар. Бул үчүн күрөштү дагы улантуу зарыл, демократиялык жолду тандаган соң Кыргызстандын эли кайсы система мыкты экендигин өзү эле тандап алат.

Жыйынга Кыргызстандын президенти Роза Отунбаева, вице-премьер министрлер жана Жогорку Кеңештин депутаттары катышты. Алар “Кыргызстанга парламенттик башкаруу туура келбейт” деп өз кезегинде сындагандардын ою орундалбай калганын чет өлкөлүк депутаттарга айтып беришти.

Швециядан келген депутат Гуннар Станарв Кыргызстанда парламенттик башкаруунун келечегин көрүп турганын айтты:

- Мисалы, биздин өлкөдө, Швецияда парламенттик башкаруу жакшы натыйжасын берип келатат. Кыргызстан да жаңы эле ушул системаны тандадыңар, мен да силердин өлкөңөрдөн парламенттик башкаруунун келечегин көрүп турам.

"Ата Мекен" партиясынан депутат Бактыбек Калмаматов Кыргызстан парламенттик башкарууга карай багыт алганда башкалар күмөн саноо менен карап турганын, убакыттын өтүшү менен чет өлкөлүк эксперттер да бул система Кыргызстанга төп келээрине ишенип артып калышты дейт.

Калмаматов соңку убакта парламентаризмди талкууга алган мына ушундай эл аралык конференцияларда Кыргызстан мисал катары көрсөтүлө баштаганын кошумчалады.

Кыргызстан эки жолу ыңкылапты башынан өткөрүп, 2010-жылы өзгөртүлгөн Баш мыйзам менен парламенттик башкаруу системасын тандап алган.

Ыңкылаптан кийинки парламенттин ишке киргенине туура бир жыл толду. Жакында эле өткөн президенттик шайлоодо оппозициялык талапкерлер Кыргызстанга парламенттик башкаруу системасы жарабай турганын айтып, күчтүү президенттик башкарууга кайтуу зарылдыгын өз программасы катары элге сунушташкан.

Кыргызстан бул системага өтөөр алдында орус президенти Дмитрий Медведев да "парламентаризм катастрофага учурайт" деп сындаганы бар.
  • 16x9 Image

    Жанар Акаев

    "Азаттыктын" Бишкектеги журналисти. "Ыңгайсыз суроолор" телепрограммасынын алып баруучусу. 2009-жылы Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG