Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 09:09

Статистикалык маалыматтарга караганда Кыргызстан постсоветтик өлкөлөр ичинде калкы жаш жана көбөйүп жаткан өлкөлөрдүн катарына кирет.

Калкы 6 миллионго жеткен Кыргызстанда демографиялык өнүгүүгө өбөлгө болгон жана кедергисин тийгизген жагдайлар тууралуу апта темасында сөз болот.

Кыргызстандык көп балалуу үй-бүлөдө балдардын саламаттыгына, билим алуусуна, тарбиясына ата-эне, мамлекет жетиштүү кам көрөбү? Оштогу кабарчыбыз Эрнис Нурматов суроого жооп издеди.

Көп бала төрөгөн, аларга татыктуу билим, тарбия берген үлгүлүү байбичелердин кеңешин Таластагы кабарчыбыз Салика Сариева тыңдаган.

Эмгек миграциясы балдардын атасын көрбөй төрөлүп, тааныбай чоңоюп, жетилишин шарттоодо. Анын кесепети тууралуу Баткендеги кабарчыбыз Жеңиш Айдаров айтып бермекчи.

Акыркы кезде өз ата-энесинен кордук көргөн балдардын саны көбөйдү. Ата-энелердин балдарга таш боор мамилесинин себептери, бул көйгөйдү азайтуунун жолдору, сабактары тууралуу кабарчыбыз Зайырбек Ажыматов айтып берет.

Канча балалуу болгуңуз келет? Мына ушундай суроо менен кабарчыбыз Токтосун Шамбетов шаар тургундарына кайрылды.

Калктын өнүгүүсүндөгү жаңы тенденциялар кандай болууда? Кабарчыбыз Канымгүл Элкееванын суроолоруна Статистикалык комитеттин жетектөөчү адиси Жанара Мааткулова жооп берди.

  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Ош облусундагы кабарчысы. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

  • 16x9 Image

    Жеңиш Айдаров

    "Азаттыктын" Баткен облусундагы кабарчысы. Ош мамлекеттик университетин аяктаган.

  • 16x9 Image

    Зайырбек Ажыматов

    "Азаттыктын" кабарчысы. Жусуп Баласагын атындагы Улуттук университетин бүтүргөн. “Жалгыздык”, “Мелмил”, “Нөлү көп жылдар” аттуу ыр жыйнактардын автору.   

  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-жылдан тарта "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

  • 16x9 Image

    Канымгүл Элкеева

    "Азаттыктын" Бишкектеги журналисти.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG