Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:40

Улуттук статистикалык комитет Кыргызстанды туруктуу байырлаган улуттардын санынын көрсөткүчүн жарыялады.

Ага ылайык, элдин 73 пайызын кыргыздар түзөт. Орус улутундагылар азайганы болбосо, көрсөткүчтө олуттуу деле өзгөрүү жок.

Былтыр жыл этегинде Кыргызстанда калктын саны алты миллионго жетти деп кабарланган эле. Анткен менен социологдор мамлекеттин демографиялык саясатынын жоктугунан калктын санында өсүү болбой жатканын айтууда.

Кыргызстанда 2009-жылы өлкөдө жашаган элдин 71 пайызын кыргыздар түзгөн. Улуттук статистикалык комитеттин соңку маалыматы боюнча, жети жыл ичинде, тактап айтканда, 2016-жылга чейин өсүү эки пайыз болуп, азыр 73 пайызга жетти.

Саны боюнча экинчи орунда өзбек улутундагылар турат. Алар 2009-жылы 768 миң 405 болсо, азыр 878 миң 615 болуп көбөйгөн. Жалпы калктын санынан алганда, 14,3 пайыздан, 14,6 пайыз болуп жогорулаган. Үчүнчү орунда турган орус улутундагылар тескерисинче азайган. Мисалы, 2009-жылы 419 миң 583 болсо, 2016-жылы алардын саны 360 миң 580 болуп, 7,8 пайыздан алты пайызга түшкөн.

Соңку жети жылда татарлардын саны да төмөндөгөн. 2009-жылы Кыргызстанды 31 миң 491 татар байырласа, азыр алар 27 миң 454, башкача айтканда, бир пайызга азайган. Ал эми казак, уйгур, дунган жана башка улуттагылардын санында кескин деле өзгөрүү жок.

Социолог Самар Сыргабаев Улуттук статистикалык комитеттин маалыматын “Азаттыкка” талдап берди. Анын пикиринде, жети жыл ичинде кыргыздардын санынын эки пайызга көбөйгөнү менен олуттуу өзгөрүү болду дегенди туюндурбайт:

- Эл аралык деңгээлде карап көрсөк, Кыргызстан миң адамга төрөлгөн балдардын саны боюнча 80-90-орунда турат. 90-жылдарга салыштырмалуу өсүш бар деп белгилесек болот. Ушул жерде балдардын төрөлүүсүн мүнөздөп турган дагы бир көрсөткүч бар. Ал төрөлүүнүн суммардык коэффиценти деп аталат. Жөнөкөй айтканда, бир аял орто эсеп менен канча бала төрөйт деген көрсөткүч. 90-жылдары орто эсеп менен бир аял эки бала төрөсө, азыркы учурда бул үч балага чейин көбөйдү. Бул көрсөткүч кубандырат. Анткени бул көрсөткүчтөн бир муун экинчи муунду канчалык деңгээлде алмаштыра алат, мисалы бир кыз энесинин ордун канчалык дэңгээлде баса алат дегенди аныктайт.

Кыргызстандык балдар

Кыргызстандык балдар

Самар Сыргабаев мамлекеттин демографиялык саясатынын жоктугунан элдин саны жетиштүү көбөйбөй жатканына токтолду:

- Эгерде биз негизги байлыгыбыз адамдар деген идеяга таяна турган болсок, анда бул өсүш өтө эле аз. Мен 25 жылдык эгемен тарыхыбызда бийликтеги адамдардан демографиялык саясат деп айткандарын уга элекмин. Бизде максаттуу демографиялык саясат жүрө элек, конкреттүү чаралар да көрүлгөн жок. Эгер ушундай чаралар көрүлгөндө балким өсүш мындан жогору болмок. Жаш үй-бүлөлөрдүн балалуу болуу жүрүм-туруму экономикалык факторлордон түздөн-түз байланыштуу. Турак жай маселеси, айлык акынын аздыгы төрөлүүнүн деңгээлин түздөн түз төмөндөтөт. Мисалы, азыркы өкмөттүн ипотекалык насыя саясаты дээрлик 25 жылдан бери эле айтылган, бирок ишке ашпай келаткан маселелерден. Жаштар анын реалдуу жемишин тата элек. Алыс барбай эле, Орусияны алалы. Үй-жай маселесин чечип берип коюшканда аларда депопуляция, башкача айтканда, элинин санынын кыскарышы токтоду. Эгер бизде да үй-жай маселеси чечилгенде бизде да өсүш чоңураак болмок.

Былтыр жыл этегинде Кыргызстан калкынын саны алты миллионго жеткен. Мамлекеттик каттоо кызматы болсо, азыр андан 750 миңге аз санды көрсөтүп жатат. Аталган кызматтын төрагасы Тайырбек Сарпашев элдин санына байланыштуу мындай айырмачылык тууралуу “Азаттыкка” түшүндүрмө берди:

Тайырбек Сарпашев

Тайырбек Сарпашев

- Улуттук статистикалык комитеттин алты миллион жаран тууралуу маалыматынан күмөн санабайбыз. Кыргызстанда алты миллион жаран жашап жатканы анык. Бирок биздин, Мамлекеттик каттоо кызматынын системасында 5 миллион 250 миң адамдын гана маалыматы бар. Жетпей жаткан адамдар кайсы жерлерде болушу мүмкүн. Мисалы, айрымдары 10-15 жылдан бери Орусияда жашап, биздин системага кире элек болуп жатат. Алардын баарын каттоого алышыбыз керек. Биз 1-апрелден 25-майга чейин бардык окуучуларды, 7 жаштан 17 жашка чейинки 1 миллион 20 миң окуучунун баарынын эсеп-кысабын санариптик форматка өткөрөлү деп жатабыз. Алардын арасында ата-энеси Орусияда, өздөрү бул жакта болуп катталбагандар бар. 6 миллионго жетпей жаткандар мына ушул жерден чыгышы мүмкүн. Андан сырткары биз 1-июнга чейин жаңы төрөлгөн ымыркайлардан тартып, жети жашка чейинкилердин да бардык документтерин электрондук форматка өткөрөлү деп жатабыз.

Эгемен Кыргызстандын тарыхында алгачкы эл каттоо 1999-жылы жүргөн, анда жалпы элдин саны 4 миллион 852 миңден ашат деп эсептелген. Өлкөдө 5 миллиончу наристе 2002-жылы төрөлгөн. Экинчи эл каттоо 2009-жылы болгон жана элдин саны 5 миллион 363 миңге чукул деп эсептелген.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG