Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:36

Кыргыз өкмөтү өлкө калкынын саны 6 миллиондон ашканын жарыя кылды. Акыркы 13 жылда элдин саны бир миллионго көбөйгөн.

Кыргыз калкынын санынын тарыхый өсүү жолу кандай болду, кемиген учурлар болгонбу, акыркы жүз жылда демографиялык абалыбызда кандай тенденцияларды байкоого болот, калктын санынын көбөйүшүнө негизги өбөлгөлөр кайсы жана мамлекет келечекке кандай саясат жүргүзүшү керек, ж.б.у.с. суроолорго бүгүнкү «Арай көз чарай» берүүбүздөн жооп издейбиз.

Талкууга Кыргызстандын статистика комитетинин төрагасы Акылбек Осмоналиев, Кыргыз өкмөтүнө караштуу стратегиялык изилдөөлөр институтунун директору Талант Султанов жана тарых илимдеринин доктору, профессор Дөөлөтбек Сапаралиев катышты.

Акылбек Осмоналиев: Кыргызстандын 6 миллионунчу жараны Ош шаарында төрөлдү, аны кантип, кандай жол менен аныкталгандыгы угармандарга кызык болууда.

Биз алдын ала 6 миллионунчу адам ушул күндөрү төрөлө турганын өкмөткө айтканбыз. Өкмөт атайын комиссия түзгөн. Биз комиссияга акыркы 12 саат ичинде төрөлө тургандардын тизмесин түзүп, конвертке салып бергенбиз. Саламаттык сактоо министрлигинде атайын штаб иштеди. Ошол комиссиянын чечими менен 6 миллионунчу кыргызстандыкты аныкташты. Ал наристенин атасы аскер кызматкери экен, үй-бүлөнүн алтынчы баласы болду.

Дөөлөтбек Cапаралиев: Ар бир эл саны канча экендигин билип турган. Кыргыздын орто кылымдан берки тарыхында уруу башчылары өз уруусунун саны канчага жеткендигин билип турушкан. Ар бир уруунун, кыргыздын оң канатында канча адам, сол канатында канча адам барын билишкен. Маселен, 18-кылымдын экинчи жарымында кыргыз жоокерлеринин саны 1000ге жеткен деген маалымат бар. Биз ал санды ар бир үй-бүлөгө көбөйткөндө ошол учурда кыргыздын саны 500-600 миң адам деп билебиз. Айрым маалыматтарда 19-кылымдын орто ченинде 1 миллион 600 миң адамга жеткени айтылат.

Талант Султанов: Негизи демография маселеси азыр дүйнө жүзүндө өтө курч маселе болуп турат. Азиябы, Европабы кантип калктын санын өстүрөбүз деп баш оорутуп жатышат. Европада балалуу болууну каалабагандар көбөйүүдө же бир эле балалуу болууну каалашат. Такыр эле үйлөнгүсү келбегендер да мындан көп. Кыргызстанда демографиялык абал жакшы десем болот. Ал эми Кыргызстанда статистика көрсөтөт, үй-бүлөлүү жаштарыбыз да көп, демографиялык пирамидабыз да жаш. Көп өлкөлөрдө бул пирамида бир топ бузулган.

Дөөлөтбек Cапаралиев: Кыргыздарда “түтүн” деген түшүнүк бар, муну бир үй-бүлө деп эле түшүнсөк болот. Тарыхтагы маалыматтарда ар бир уруу башчылары бизде баланча түтүн элибиз бар деп айтышкан. Демек, болжолдуу санак боюнча ар бир түтүндө жети-сегизден адам бар десек, элдин жалпы санын тагыраак билип турушкан десек болот.

Акылбек Осмоналиев: Биздеги архивдик материалдарга таянсак, 1897-жылы кыргыздардын саны 663 миң адам болгон деп айтылат. Совет заманынан бүгүнкү күнгө чейин Кыргызстанда тогуз жолу эл каттоо болгон. Кыргызстанда 1 миллионунчу адам 1926-жылы катталган. Андан 32 жылдан кийин 2 миллионунчу адам 1958-жылы төрөлгөн. Үчүнчү миллионунчу адам 1971-жылы катталган. 4 миллиончу адам 1985-жылы жарык дүйнөгө келген. Бешинчи миллионунчу адам 17 жылдан кийин 2002-жылы катталган. Ушул жылдары биздин жалпы элибиз үчүн оор экономикалык кризистер болгону белгилүү. Ал эми 5 миллиондон 6 миллионго чейин 13 жыл аралыгында жеттик. Эгер бүгүнкү жылына 120 миңден көбөйүп жатканыбызды эске алсак, 7 миллионунчу чекке буйурса жети-сегиз жылда жетебиз деген оюбуз бар.

Кошумча маалымат: Казакстандын калкынын саны 16 миллиондон ашык, Өзбекстанда 27 миллион, Ооганстанда 29 миллион, Тажикстанда 7 миллион, Түркмөнстанда 5 миллиондон ашык адам жашайт.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG