Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:16

Ак үйгө чабуул алдын-ала уюшулганбы?


Митингчилер Ак үйдүн тосмосунан ашып түшүүдө. 3-октябрь, 2012.

Митингчилер Ак үйдүн тосмосунан ашып түшүүдө. 3-октябрь, 2012.

3-октябрда Бишкекте Ак үйдү камалоо менен аяктаган митинг алдын-ала уюштурулганбы же кан кызып кеткенде капыстан чыккан окуябы?

Митингдин уюштуруучулары аны капыстан болгон окуя катары сыпаттаса, ал эми укук коргоо органдары жана айрым талдоочулар атайын уюштурулган кутум болгонун айтышууда.

Тынч митингдеги күтүүсүз чакырык

«Ата-Журт» фракциясынын депутаты Садыр Жапаровдун 3-октябрда Кумтөр боюнча келишимди кайра кароону талап кылып, борбордук Ала-Тоо аянтында уюштурган митинг оболу тынч чогулуштай эле көрүнгөн. Сүйлөгөндөр Кумтөрдүн экологияга тийгизген терс таасирин, келишимдин адилетсиздигин белгилеп жатышкан.

Аны менен катар мурдагы мамлекет жетекчилери жана азыркы бийлиги Кыргызстандын кызыкчылыгын сатып жатат дегендей сын кептер да жаап жаткан болчу. Анан эле жыйын аяктап калганда келип сүйлөгөн «Ата-Журт» партиясынын төрагасы жана депутат Камчыбек Ташиевдин чакырыгы кырдаалды чукул өзгөртүп жиберди:

- Кумтөр элдики, Кумтөрдү элден башка эч ким башкарбаш керек. Мамлекеттик түзүлүштү, бийлик орундарын өзгөртүшүбүз керек. Садыр Жапаров 10-октябрда деп айтып жатат. Керек болсо, Чыңгызхан өзүнүн 17 баласы менен бийликти алып койгон. Эмне үчүн биз бул жерге 10 миң адамды топтойбуз деп күтүшүбүз керек экен? Эмне үчүн биз бул жерге 20 миң адамды топтойбуз, анан бийлик алабыз деп күтүшүбүз керек экен? Андай эмес. Керек болсо, кана жыйырма адам чыгабы, мени менен баскыла. Азыр барып туруп, бийликти алабыз. Алыш керек, алыш керек... Жарымыбыз барып өкмөттүн үйүн алышыбыз керек. Өкмөттүн кабинет-кабинетине жатышыбыз керек...

Ташиевдин мына ушул чакырыгы тынч митингди өзгөртүп, башаламандыкка алып келди. Азыр эми Ташиевди ээрчип Ак үйгө кол салуу күн мурунтан камдалган кутум беле же кан кызыганда ээ бербей кеткен кадам болдубу? – деген суроо жумурай журтту кызыктырып турган чагы.

Тасмада: Ак үйдүн алдындагы тополоң




Аталган митингдин катышуучусу, коомдук активист Роза Нурматованын “Азаттыкка” айтышынча, ал мыйзамдаштырылган тынчтык максаттагы жыйын болгон.

- Садыр Жапаров мыйзам чегинде, мамлекеттик органдарга, күч түзүмдөрүнө, шаардын мэриясына кат жөнөткөн. Тынчтык эле митинг болчу. Бийликти антип төңкөрбөйт да. 2010-жылы кантип төңкөрүштү эле?..

Бул күтүлгөн окуя болчу...

Азыр камакта жаткан Ташиев өзү да капыстан от алып кеткен окуя деп билдирип жатат. Анткен менен бул окуя алдын ала дыкаттык менен камдалган кутум болгон жана бийликти басып алууга кызыкдар күчтөр анын артында турган деген божомолдор да айтыла баштады.

Оппозициялык “Кыргызстанды сактап калуу” кыймылынын лидери Мукар Чолпонбаев митингди башка максатка буруу боюнча тымызын аракеттер бар экенинен күн мурунтан эле кабардар болгонун айтты.

- Биздин оюбузча, митингчилер пландабаган окуя болду. Мында таптакыр башка күчтөрдүн таасири болду. Балким Садыр Жапаров муну билбеши мүмкүн. Бул таптакыр камакка да алынбаган, эч жерде көрүнбөгөн адамдар жасаган нерсе. Булардын артында, күч бар экени көрүнүп эле турган. Мисалы, биз чагым боло турганын билгенбиз. Чагым Ташиев жагынан болот деп күткөн эмеспиз, башка жактан күткөнбүз. Ошон үчүн биз өз кишилерибизди митингге чыкпагыла деп эскерткенбиз.

Камчыбек Ташиевдин анча логикага сыя бербеген аракетине баа берген Мукар Чолпонбаев оппозициячы депутат артында турган күчтөрдүн шыкагына алдырып койду деп эсептейт. Ташиевге дем берген күчтөр Бишкекте эле жүрүшкөнүн айткан Чолпонбаев бирок алардын ким экенин ачыктаган жок.

- Менин көз карашымда, башка адамдардын түрткүлөгөнү Ташиевге катуу таасир эткен. Анан бул убактылуу кызуу кандуулукка алдырып койду. Атайын шыкак бергендер бар болчу. Алар “колдойбуз, антебиз-минтебиз” деп убада беришкен. Мындай нерселер көр болгон. 2005-жылы Барктабасов менен да дал ушундай окуя болгон. Бул жерде сырткы күч десе эле, Бакиевдерди айтышат. Бул жерде Бакиевдердин эч тиешеси жок, өзүбүздүн эле Бишкектеги күчтөрдүн таасири болду.

Тышкы күчтөрдүн кулагы көрүнөбү?

Ак үйдүн короосуа кирип баруу алдын-ала пландалган деп санаган саясат таануучу Марс Сариев тескерисинче, Ташиевдин аракетинен тышкы күчтөрдүн таасирин көрөт. Ал оппозициячыл депутаттардын жеке максаттарын тышкы күчтөр өз кызыкчылыгына пайдаланууга аракет кылды дейт.

- Кыргызстанда чакчелекей башталса, кимге көбүрөөк пайда болот? Бул жерде Америка чочулап жатат. Орусия бул жакка келип, инвестиция салса, тыгыз байланыштар түзүлсө, анда “Манастагы” транзиттик борбор да сөзсүз чыгып кетмей болуп жатат. Экинчиден, Өзбекстан дагы ГЭСтердин курулушун, Орусиянын Кыргызстанга кирип келатканын жактырбай жатат. Байкасаңыздар, ушул эле учурда Ташкентте америкалык 17 генерал жана адмирал “Кейптаун” деген аралыктан башкарылган машыгуу өткөрүп жатышкан. Менимче, тышкы күчтөр өлкөнүн ичиндеги күчтөрдү пайдаланалы дешкен.

Бирок митингдин катышуучусу Роза Нурматова Ак үйгө кирүү алдын-ала пландалган дегенге кошулбайт. Анын пикиринде, кылмыш ишинин козголушу да мыйзамсыз.

- Мен кылмыш ишинин козголгонун туура эмес болду деп эсептейм. Коюлган беренелер боюнча айтсак, анда булардын колдорунда курал болушу керек эле. Басып алуу жана башка иштер болушу керек болчу. Эми Ташиев өзү жооп берсе керек, эмне үчүн тосмодон ашып түштү. Бирок бул жерде күтүлбөгөн эле окуя болуп кетти.

Жаза бастырган кызуу кандуулук

3-октябрдагы митингдин башка бир күбөсү - укук коргоочу, “Эр айдоочу” коомдук бирикмесинин жетекчиси Качкын Булатов да бийликти басып алуу аракети болду деп санабайт. “Элдин сүрү жана күрү менен Камчыбек Ташиев эмоцияга алдырып ийди” дейт ал:

- Ташиев эмоционалдуу киши турбайбы. Эгерде булар күн мурунтан даярданса, анда алдын-ала облустарды алууга аракет кылышмак болчу. Мисалы, 2005-жылы Урмат Бактабасов да Ак үйгө кирип кеткен. Бир-эки сааттан кийин эле аларды кубалап чыккан. Булар деле Ак үйгө отуруп алганы менен облус баш иймек эмес, министрлер баш иймек эмес. Анан күч органдары кайра эле сыртка чыгарып коюшмак.

Эмне себептен 3-октябрда Ак үйдү алуу аракети болду? Дал ушул күнү президент Алмазбек Атамбаев Түркияда, баш прокурор Аида Салянова Киевде, УКМК төрагасы Шамил Атаханов Малайзияда жумушчу иш болчу. Ал эми өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев Ысык-Көлдө жүргөн. Бул күтүүсүз дал келүүбү, же атайын эске алынганбы? – бул суроого азырынча жооп жок.

Тергөө эмне дейт?

Бул күнкү окуяны иликтеп жаткан тергөө тобу андагы чакырыктарды жана аракеттерди талдап отуруп, Кумтөргө арналган жыйын жөн гана шылтоо болгон деген пикирди карманууда. Башкы прокуратуранын өзгөчө маанилүү кылмыштарды издөө башкармалыгынын башчысы Жаныбек Салиев мындай дейт:

- Баары митингден башталып жатат да. Алар митинг тынчтык максатта болот, Кумтөрдү улутташтыруу маселеси менен чыгабыз дешкен. Бирок өзүңүздөр деле ойлоп көрсөңүздөр, улутташтыруу маселесин ким карайт? Өкмөт карабайт, президент карабайт. Бул кайра эле Жогорку Кеңештин карай турган иши. Садыр Жапаров, Камчыбек Ташиев жана Талант Мамытов жана ошол жерде болгон бир нече депутаттар өздөрү парламенттен чыккан адамдар да. Тынчтык митингин өткөрүп, жыйынтыктап туруп, парламент төрагасына кирип ошол маселени койсо болот беле. Албетте, болмок болчу. Бирок алар муну кылышкан жок.

Тергөөнүн алдын-ала айтышынча, митингчилер Жогорку Кеңештеги коалициялык көпчүлүккө кирген фракция башчыларынын кабинеттерин ээлеп, биринчи кезекте алардын күчүн жоготушмак экен. Мындай ойду Жогорку Кеңештеги фракция башчыларынын бири да “Азаттыкка” бышыктады. Атын атагысы келбеген ал депутаттын айтымында, окуядан эки саат мурун Камчыбек Ташиев ага жолугуп, бийликти күчкө салып алуу аракети болорун, баалуу буюмдары болсо, алып чыгып кетүүнү кулак кагыш кылган экен.

Жогорку Кеңештеги Социал-демократтар фракциясынын депутаты Эркингүл Иманкожоева да “Ата-Журт” фракциясынын айрым депутаттары бийликти алууга күн мурун даярданган деп эсептейт:

- Бул пландалган иш. Алдын-ала төрт-беш лидер: Жапаров,Ташиев, Келдибековдор сүйлөшкөн да. “Жапаров сен муну айтасың, Ташиев муну сен айтасың” деп макулдашкан да.

"Ата-Журт" атайын даярданган деген божомолду четке кагат

Анткен менен “Ата-Журт” партиясынын лидерлери жогоруда айтылган пикирлерди четке кагышууда. Маселен, Ташиев Ак үйгө кирип барууну алдын-ала пландаган дегенди “Ата-Журт” партиясынын төрагасынын орун басары Данияр Жаныкулов жокко чыгарды. Ал мындай пикирлерди эл оозундагы имиш катары баалайт:

- “Булар билишкен, атайын даярданган” деген жөн эле көпчүлүктүн ушак сөзү. Бул күтүүсүз эле окуя, андай эч нерсе пландалган эмес. Эгер пландала турган болсо, ал таптакыр башкача пландалат да. Бул ошол жерде эле элдин эмоциясы менен болуп кеткен нерсе.

“Ата-Журт” фракциясынын депутаты Акматбек Келдибеков окуянын эртеси - 4-октябрда журналисттерге маалымат берип жатып, бул митингге “Ата-Журттун” эч кандай тиешеси жоктугун, ал Садыр Жапаровдун жеке демилгеси менен уюштурулганын айткан. Ошол эле кезде фракция өз депуттарын бул жагдайда жалгыз таштап койбой турганын белгилеген. Келдибековдун айтымында, окуя болгон учурда ал өз кабинетинде болгон экен.

- Мен парламентте болчум, ушул кабинетте отургам. Мыктыбек Абдылдаев жана башка депутаттар бар болчу. Качан сыртта ызы-чуу болуп кеткенде, биз эмне болуп кетти деп, эшикке чыктык. Баары бүтүп, милициялар чуркап жүргөнүн көрдүк. Андан кийин талкуулай баштадык.

Депутат Ташиевдин адвокаты Икрамидин Айткулов болсо, маалымат жыйынында депутаттарды камоо менен азыркы бийлик өз саясий атаандаштарынан кутулууга аракет жасап жаткандай деген пикирин айтты.

“Республикачылардын” кандай катышы бар?

3-октябрдагы митингге “Ата-Журт” фракциясынын үч депутатынан тышкары, “Республика” фракциянын депутаттары Максат Сабиров менен Курманбек Дыйканбаев да барып сөз сүйлөгөн. Бирок бул депутаттар митингди уюштурууга тиешеси болбогонун айтышууда. Курманбек Дыйканбаев Кумтөр маселеси көтөрүлүп жаткандыктан, ага көлдүк депутат катары гана барганын айтууда.

- Ысык-Көлдөн келген туугандар элге чыгып кой дешкен. Ошондуктан Жогорку Кеңештин атынан өкүл болуп барганбыз, Максат Сабиров экөөбүз. Ошол тынч митингде эки-үч мүнөт өзүбүздүн ойду айтып коюп, кайра жумушка келе бергенбиз. Менимче, мунун баары катуу мыйзам бузуу. Чакырык таштап, “бийликти алабыз, кабинеттерди талкалайбыз, биз эмне үчүн күтүшүбүз керек, азыр барабыз” дегендери туура эмес.

3-октябрдагы Ак үйгө чабуулду биринчилерден болуп, “Республика” фракциясы айыптап чыкты. Аталган партиянын аткаруу комитетинин төрагасы Досалы Эсеналиев да митингди уюштурууга партиянын эч кандай тиешеси жок дейт.

Кандай болгон күндө да, 3-октябрдагы окуя боюнча кылмыш иши козголуп, “Ата-Журт” фракциясынын үч депутаты Садыр Жапаров, Камчыбек Ташиев жана Талант Мамытов УКМКнын тергөө абагына киргизилди. Мындан тышкары, ал митингде алып баруучулук кылган, юстициянын генералы-майору Кубатбек Кожоналиев да азыр камакта. Аларга бийликти күч менен басып алууга аракет кылган деген катаал берене боюнча айып коюлууда. Ошондой эле “Асаба” партиясынын лидери Салмоорбек Дыйканов жана Камчыбек Ташиевдин эки жан сакчысы да ушул окуядан кийин кармалган. Депутаттарды камакка алууну алардын тарапкерлери жана жакындары саясий куугунтук десе, башкалар депутат экендигине карабай, жасаган кылмышы үчүн мыйзам алдында жооп бериши керектигин белгилешүүдө.

Канткенде да, бул окуянын артында билинип-билинбеген сырлар жаткандай. Азыр кыргыз журтунда “октябрь төңкөрүшү” атка конгон бул окуяга “Азаттык” үзбөй көз салып турмакчы.

Тополоңго айланган митингден сүрөт баян

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG