Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 17:54

Депутат Каныбек Иманалиев жемкорлук менен кармалган мамлекеттик кызматкерлерди айрым соттор актап жатканын айып чыкты.

“Ар-намыс” фракциясынын депутаты Каныбек Иманалиевдин 28-мартта Жогорку Кеңеште билдиргенине караганда, укук коргоо органдары акыркы эки айда он мамлекеттик жетекчини жана ишкерди паракорчулук менен камакка алса, соттор анын сегизин актап, үй камагына чыгарып же тил кат менен бошотуп жиберген.

- Бишкектин Биринчи Май райондук сотунун судьясы Жаналиев чоң пара менен кармалган Борбордук бажынын инспектору Акматалиевди үй камагына чыгарып жиберген. Ушул эле райондун судьясы Молдобаев жасалма акциздик марка менен кармалган Смановду эч кайда чыкпоо тил каты менен бошоткон. Дагы ушул райондун судьясы Субанкулов “Улуттук электр тармактары” ишканасынын башкы директору Мурзакматовду коррупция менен кармалса да коё берип жиберген. Натыйжада аны кайра экинчи ирет камакка алышты. Ал эми Бишкек шаардык соту мамлекеттен 19 млн. сом акча уурдаган Пулатов, Калмурзаев жана Култаевди актаган. Жалал-Абаддын судьясы Жоробеков болсо, мамлекетке 5 млн. сом зыян келтирген экс-мэр менен экс-архитекторду жоопкерчиликтен бошоткон. Ысык-Ата районунун судьясы Исманалиев пара берип кармалган Арунов дегенди актаган. Бишкектин Октябрь райондук сотунун судьясы Сабитова Архитектура жана курулуш мамлекеттик университетинин проректору чоң пара менен кармалса, актап жиберген. Анан кантип коррупция менен күрөшөбүз?

Иманалиевдин айтымында, сот реформасын акырына чыгарууга өлкө президентинде жана парламентинде эрк бар, ошону менен катар мыйзамдык негиздер да түптөлгөн. Бирок депутат коррупцияга каршы жарыяланган күрөштө айрым соттордун “чыккынчы” позициясынын айынан мамлекет уттуруп жатканын белгиледи.

Буга чейин сот реформасын жүргүзүү боюнча Жогорку Кеңеш бир катар мыйзамдарды кабыл алып, Сотторду тандоо кеңеши да түзүлгөн. Бул Сотторду тандоо кеңеши “эски судьяларды эле тандап жаткандыктан, соттордун курамы жаңырган жок” деген дооматтар көп. Бирок Сотторду тандоо кеңешинин төрагасы Шамарал Майчиев андай пикирлерге макул эмес:

- Бүгүнкү күндө Жогорку Сотту, Бишкек шаардык сотун, Чүй, Ош, Жалал-Абад жана Ысык-Көл аймактарынын судьяларын тандадык. Мисалы, Жалал-Абадды алсак, мурдагы соттон экөө гана калды. Ысык-Көлдө да ошондой. Үчтөн бири гана калып, калганы жаңырып жатат, жаңы адамдар келүүдө.

Кыргызстанда өлкө боюнча 500гө жакын судья бар. Жогорку Соттун төрайымы Феруза Жамашева “Азаттыкка” берген маегинде билдиргендей, акыркы үч жылда 36 судья кызматтык жоопкерчиликке тартылып, 8 судья кызматынан бошотулган.

- Жаман иштеп, мыйзамсыз чечимдерди чыгарып, өзүнүн же башка суранган адамдардын кызыкчылыгын аткарып, ошондой кадамдарга барган соттор бар. Бирок жакшы, мыкты иштеген соттор да бар. Кайсы бир ишти караганда эки тарап тең ыраазы болуп, “бул сот жакшы чечим чыгарды” деген учур аз болот. Биздин иш ушундай. Кылмыш иштерин айтпай эле коёюн, жөнөкөй бир жарандык иш болсо да, сөзсүз бир тарап нааразы болот.

Эл аралык изилдөөлөрдө Кыргызстан дүйнөдө коррупция кеңири жайылган мамлекеттердин алдыңкы сабында турат. Жергиликтүү адистер жемкорлук сот жана укук коргоо органдарында көбүрөөк кездешерин белгилешет.

Ал эми парламент жыйынында депутат Каныбек Иманалиев өлкө президентине, парламенттеги фракция жетекчилерине кайрылып, сот реформасын аягына чыгарууга чакырды. Ошондой эле соттордун ишмердүүлүгү тууралуу мыйзам иштеп чыгып, кызматына төп келбеген судьяларды кайра чакыртып алууну сунуштады.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG