Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 5-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 23:12

Кыргыз-орус өнүктүрүү фондунун 12% үстөгү менен берилчү алгачкы насыясы дыйкан-фермерлерге бериле баштады. Ошол эле маалда каражат бөлүштүрүү жай жүрүп жатканына ичи чыкпаган ишкерлер да бар. Фонд бюджети 3 млн. доллардан жогору турган долбоорлорду гана каржылашына капа болгондор да жетиштүү.

Өткөн жылдын аягында Евразия экономикалык биримдиги алдында түзүлгөн Кыргыз-орус өнүктүрүү фондунун чакан жана орто бизнеске насыя берүү программасы ишке кирген. Жалпы кору 1 миллиард долларды түзгөн фонд 10-сентябрдан жактырылган долбоорлорду каржылоону баштады. “Айыл банкы” 6,5 миллион сомду айыл чарба азыктарын кайра иштетүүчү ишкана ээсине тапшырды.

Фондго көп долбоорлор келип түшүп, алар кылдат электен өткөнүн банктын өкүлү Нурзада Осмонова белгилейт:

- Ишкер жаңы өндүрүштүк линияны сатып алуу жана өндүрүштүк процесттерди автоматташтыруу максатында акча алды. Азыр биз расмий түрдө арыздарды кабыл ала баштадык. Фонд бөлгөн 600 миллион сомду таратууну улантабыз. Мисалы, азыр айыл чарба жаатында ишкердик жүргүзгөндөрдөн жана кийим-кече тиккен ишканалардан арыздарды кабыл алып жатабыз.

Кичи жана чакан бизнести каржылоо программасын "РСК Банкы" да жүргүзөрү аныкталганы менен, ал банк азырынча насыя акча бере элек. Анын себебин банк өкүлдөрү ушул тапта арыздар каралып жатканы, каржылоо качан башталары белгисиз экендиги менен түшүндүрүшөт. Буга чейин Кыргыз-орус өнүктүрүү фонду бөлгөн акчаны насыя катары берүү эки банкка жүктөлүп, ар бирине 600 млн. сомдон бөлүнгөн. Насыя 3 млн. долларга чейинки долбоорлорго гана берилет.

Ал эми жалпы бюджети 3 миллион доллардан ашкан же болбосо 180 миллион сомдон көп суммадагы насыя берүүнү Өнүктүрүү фонду өзү ишке ашырары буга чейин маалымдалган. Бирок мындай чоң долбоорлорду каржылоо сентябрдын соңунда гана ишке ашырыларын фонддун басма сөз катчысы Кубан Сагынбеков мындайча түшүндүрдү:

- Бизге келип жаткан долбоорлордун көбү биздин талаптарга жооп бербей же болбосо финансылык жактан так эсептелбеген жагдайлары чыгып жатат. Ошондуктан карап отуруп арасынан сегизин гана тандап алдык. Биз колдон келсе күчтүү долбоорлорду тандоого басым жасап жатабыз. Эми бир-экөө дагы бир сыйра текшерилген соң насыяны бөлүү каралат.

Буга чейин фондго 100гө жакын арыз түшкөн. Алардын басымдуу көпчүлүгү айыл чарба, кайра иштетүү, өндүрүш жана өнөр жай тармактары боюнча долбоорлор.

Фонддун казынасына эбак келип түшкөн каражат эмне үчүн ушуга чейин кармалып, май айында каржылоо башталат деген убада аткарылбай жатканына ишкерлер нааразы. Ишкерлер жана дистрибьюторлор бирикмесинин башчысы Гүлнара Өскөнбаева өтө чоң суммадагы долбоорлорду кылдат карап чыгуу кредит берүү жараяны создугуп кетерине алып келерин айтат.

- Эми банк аркылуу берилип жаткандыктан, ал жакта да өз эрежелери бар. Аларды аттап өтө албайсың. Келген арыздарды кароо ушундай жай жүрүп жатса, эки банк 1 млрд. 200 млн. сомду жыл аягына чейин таратып бүтөбү-жокпу - бул өзүнчө суроо.

Ошол эле маалда ири суммадагы бизнести камтыган долбоорлорду гана колдобой, чакан ишкерлик менен алектенгендерге да мүмкүнчүлүк берүү жагын ойлонуу зарылдыгын Гүлнара Өскөнбаева белгилейт:

- Биз баштапкы талаптарды өзгөртүү керектигин сунуштайлы деп атабыз. Себеби чакан бизнестердин кирешеси мынчалык суммага жетпейт. Башкача айтканда, миллиондогон долларды айланткан байлар гана бул мүмкүнчүлүктү пайдаланып калып жатпайбы.

Кыргыз-орус өнүктүрүү фонду түптөлгөңдө эле Евразиялык экономикалык биримдиктин шартына ылайык ири ишканаларга гана насыя берүү макулдашылган. Андыктан жергиликтүү ишкерлердин кичи жана орто бизнеске да насыя берүү сунушу колдооого алынабы-жокпу - анысы азырынча белгисиз.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG