Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:09

Өнүктүрүү фондун караган ишкерлер


Учурда канттын 80 пайызы сырттан алынып келет. Өнүктүрүү фондунан сентябрь айында “Кайыңды”, “Кошой” кант заводдору 15 миллион доллардан ашык насыя алган.

Учурда канттын 80 пайызы сырттан алынып келет. Өнүктүрүү фондунан сентябрь айында “Кайыңды”, “Кошой” кант заводдору 15 миллион доллардан ашык насыя алган.

Кыргызстанда Кыргыз-орус өнүктүрүү фонду расмий иштей баштаганына туура бир жыл болду.

Аталган фонд уюшулгандан бери кыргыз экономикасын модернизациялоого, Евроазиялык экономикалык интеграциялык процессине батыл аралашуусуна шарт түзүп, өбөлгө боло алдыбы, насыяларды берүү жолдору кыргыз ишкерлерине канчалык ыңгайлуу жана келечектүү?

Ушул жана башка суроолорду “Азаттыктын” бүгүнкү “Арай көз чарай” берүүсүндө талкуулайбыз.

Талкууга Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин түндүк аймактар боюнча башкармалыгынын жетекчиси Зайнидин Жумалиев, Орус-кыргыз өнүктүрүү фондусунун төрагасынын кеңешчиси Аймен Касенов жана Ак-Талаа районундагы “Мангел” кооперативинин уюштуруучусу, Кыргызстандын мурдагы айыл чарба министри Карыпбек Асанов (телефондон) катышты.

“Азаттык”: Зайнидин мырза, фонддун насыяларды берүүдөгү максаты Евразия мейкиндигинде атаандаштыкка туруштук бере ала турган продукцияларды чыгарууга көмөктөшүү, түрткү берүү эмеспи. Ошондой миссияны фонд аткарып жатабы? Чындап эле мыкты, келечектүү долбоорлор колдоо таап жатабы?

Өнүктүрүү фондунун күмөн санаткан дымагы

Кыргыз-орус өнүктүрүү фонду жаңы стратегиясын жарыялады. Ага ылайык, фонд эсебиндеги Орусия өкмөтү бөлгөн каражаттарды насыя катары таратуудан башка инвестицияларды тартууну максат кылууда. Дарегине бир катар сын айтылып келген фонддун мындай жаңычылдыгынан күмөн санагандар арбын.

Зайнидин Жумалиев: Фонд азыркы күнгө чейин 580ден ашык долбоорлорду каржылады, анын ичинде чоң долбоорлор, орто жана чакан долбоорлор да бар. Фонддун каражатын ондон ашык банктар тейлеп жатат. Өлкө боюнча банктардын 300дөн ашык филиалдары насыя берип жатат. Албетте, бир жыл ичинде натыйжа көрсөтүү өтө татаал. Биздин элибизде да маселелер бар. Анткени долбоорлорду жазганда, мурда ошондой долбоор болгонбу, күрөөсү барбы же жокпу деген көп суроолор жаралат.

“Азаттык”: Фонд аркылуу каржыланган, ишин тикелеп алган кайсы бир долбоолорду атай аласызбы?

Зайнидин Жумалиев: Албетте, мына жакында сентябрь айында эле “Кайыңды”, “Кошой” кант заводдору 15 миллион доллардан ашык насыя алышты. Ал өздөштүрүлсө, эки завод тең толук кандуу иштегенге мүмкүнчүлүк алышат. "Кошой” заводу эмдиги жылы толук кандуу иштегенге жатат.

“Азаттык”: Аймен мырза, кээ бир скептиктер "фонддун акчасы Орусиядан келгенине байланыштуу кредиттик-долбоорлорду колдоо кыргыз тараптын кызыкчылыгы эмес, ириде Орусия тараптын кызыкчылыгына төп келсе гана жактырылат" деп айтып калышат, буга кандай түшүндүрмө бересиз?

Аймен Касенов: Азыркы күнгө 689 долбоор каржыланды, алар аркылуу 167 миллион доллар Кыргызстандын экономикасына кирди. Ал кимдин кызыкчылыгында экен? Азыр эле айтылды, эки кант заводу модернизацияланат. Ушул убакка чейин канттын 80 пайызын сырттан алып келип жатабыз. Бир-эки жыл ичинде Кыргызстанды кант менен 100 пайыз камсыз кыла алабыз, анан экспортко чыгарабыз. Мындай болсо дыйкандардын, ишкерлердин кызыкчылыгын да ойготот. Ошондой эле Тамчы аэропорту модернизацияланды, анын деңгээли Москванын “Шереметьово” аэропортуна барабар болду. Кудай буюрса, жакында Токмокто текстил фабрикасы ишке кирет. Ушунун баары Кыргызстандын кызыкчылыгы. Биз 182 миллиондон ашык адам жашаган рынокко кирип жатабыз. 500 миллион долларлык насыя берилип жатат, дагы 500 миллион доллар дагы берилет. Ал кимдин кызыкчылыгы, Кыргызстандын кызыкчылыгына кызмат кылат.

“Азаттык”: Ошол сиз айткан 1 миллиард доллар насыянын 160 миллиондон ашыгы эле берилбедиби, муну биз натыйжалуу иштеттик деп айта алабызбы, калганы пайдаланылбай жатпайбы?

Аймен Касенов: Айтылган сумманын баары биздин акча. Ушундай темп менен каржыласак эки, эки жарым жылга жетет. Азыр деле тез темпте берилип жатат, бул – чоң жетишкендик. Бул фонддун пайда болгону, азыр иштеп жатканы жетишкендик. Биз өзүбүздүн өнүгүү фондун өздөштүрүп жатабыз.

“Азаттык”: Карыпбек мырза, фондго кайрылып насыя сураган ишкерлерди аймактар боюнча алып караганда Нарын облусунан 22, Талас облусунан 19 гана долбоор түшүптүр. б.а. башка аймактарга караганда бир топ аз. Бул эмнени айтып турат, ишкерлердин кызыгуусунун жоктугубу же насыя алуунун татаалдыгыбы? Деги, тоолуу Нарын облусу Кыргыз-орус фондусунун жардамын сездиби?

Мисалы, Бишкек, Ош шаары, Чүй облусу жакшы өнүккөн. Алыскы райондордо эл өнүгө элек, аларды ойлогон эч ким жок. Ошондон улам мурдагы байлар байыгандын эле үстүндө, жардылардын күрөөгө кое турган эч нерсеси жок, аларга жардам бере турган эч нерсе иштелген жок.

Карыпбек Асанов: Биринчиден, Кыргыз-орус өнүктүрүү фондусунун уюшулганы абдан эле жакшы болду. Ошондой болсо да эки маселени айтайынчы. Насыя алуу үчүн фонддун талабы боюнча иштеп жаткан бизнес болушу керек. Ошонун аркасы менен насыялар өнүккөн аймактарга эле жетип жатпайбы.

Мисалы, Бишкек, Ош шаары, Чүй облусу жакшы өнүккөн. Алыскы райондордо эл өнүгө элек, аларды ойлогон эч ким жок. Ошондон улам мурдагы байлар байыгандын эле үстүндө, жардылардын күрөөгө кое турган эч нерсеси жок, аларга жардам бере турган эч нерсе иштелген жок. Аймактардын өзгөчөлүгүн эске алган да киши жок. Кыргызстанда 9 миллион гектар жайыт болсо, анын 3 миллиону биздин Нарында турат. Мал киндиктүү аймакпыз дейбиз, малыбыз көп, бирок стандартка жатпайт, кондицияга туура келбейт. Ошону этап-этап менен өнүктүрө турган масштабдуу долбоор жасалса жакшы болоор эле. Мисалы, торпокту алып, аны кунаажын кылып чоңойтуп, сатып, кайра иштете турган чоң иштер жасалышы керек. Фонд талап коюп жаткан беш жылда мунун баарына жетишүүгө мүмкүн эмес. Бизде Ак-Талаа районунда буудай да болбой калды. Арпа менен беде, экспарцет эле өстүрүп калышты. Элдин бир-эки гектардан жери бар. Аны менен ири өндүрүш болбойт. Бир-эки гектар жер менен барып фонддон акча алуу мүмкүн эмес. Ошондуктан бул маселелерди чечүү үчүн атайын программаларды иштеп чыгуу керек....

(Талкуунун толук варианты менен видеодон таанышыңыз)

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG